Эркеайым Таалайбек кызы: “PORSCHE, BMW, MAN, ROLLS-ROYCE КОМПАНИЯЛАРЫНДА ИШТЕЙМ”

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүн багындырып, өзүнүн эмгекчилдиги менен башкаларга үлгү болуп, аны менен катар өлкөбүздүн өнүгүшүнө да салым кошуп жаткан мекендештерибиз арбын. Алардын бири бүгүн сиздер менен тааныштырчу каарманыбыз Эркеайым Таалайбек кызы. Мекендешибиз учурда Германияда Porsche, BMW, MAN, Rolls-Royce унаа заводдорунун тышкы кеңешчилер командасын жетектейт. Муну менен эле чектелбей, Кыргызстандан айымдардын кийимдерин дүйнөлүк рынокко чыгарат.

“АТАМ УНАА ОҢДОСО, ЖАНЫНДА ЖАРДАМДАШЫП ЖҮРӨ БЕРЧҮМҮН”

– Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылынан болом, 1990-жылы 8-ноябрда туулгам. Ата-энем билим берүү тармагында иштешет. Үйдө 3 бир туугандын экинчисимин. Балачагым СССРдин жоюлуу убагына туш келип калды. Ал учурда элге материалдык жактан өтө оор болгону баарыбызга маалым эмеспи, бизге да оор болгон. Тамак-аш, кийим жетишсиз эле. Күнүгө алыстан оор чакаларды көтөрүп суу ташып, талаада көп эмгектенчүбүз. Ата-энем бизди кичинебизден билимге умтулууга үндөчү, жаңы нерселерди билүүгө кызыктырчу. Бизге оюн аркылуу көп нерсени үйрөтүшчү. Мисалы, ашканага дүйнөнүн картасын чаптап алып, бардык өлкөлөрдүн борборлорун издеп ойночубуз. Жана да биздин жашообуз өзүбүздүн гана жоопкерчилигибизде экенин айтышчу. Уялчаак кыз элем. Мектепте мага дене тарбия жана музыкадан башка бардык сабактар кызыктуу болчу. Атам автоунаа, ар кандай жабдыктардын механикасын түшүнүп, өзү оңдогонду жакшы көрөт. Мен атамдын жанында ачкыч, бурамаларды кармап, жардам берип жүрө берчүмүн, өзүмө кызык болчу. Ошондуктан мектепти бүткөндөн кийин Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин инженерия факультетине тапшыргам.

“ГЕРМАНИЯДАН ОКУУ КЫЙЫН БОЛДУ”

– Индустрия дүйнөсүнүн падышасы болгон Германияда окугум келчү. Немис тилин үйрөнүп, Au-Pair программасы менен немис үй-бүлөсүнө бала багуучу болуп иштегени Германияга келгем.

Алгач келгенимде мага немис элинин жоопкерчиликтүүлүгү, анан жамаат катары эмес, ар бир адам өзүнчө жеке инсан катары өнүгүүгө умтулганы таң калтырган. Немистер эмгекчил, чындыкты өтө жакшы көргөн, өз оюн түз бетке айткан адамдар болушат. Ушул сапаттары мага жагат, бирок кээде коом ичинде экенимди сезгим келет, жашоого жеңил кароону эңсейм. Адамдарда ушул сезимдер да болсо, бактылуу, ийгиликтүү адамдар көбүрөөк болмок деп ойлойм. Башында бала багуучу, гүл сатуучу болуп иштеп жүрүп Германияда билим алуу кыялымды ишке ашырууга аракет кыла баштадым. Гамбург шаарындагы университетке тапшырып, бизнес-инженерия кесиби боюнча билим алдым. Бул жактан билим алуу мага өтө татаал болду. Ага карабастан өзүмдү каржылашым керек болчу, иштеп да жаттым. Күндүз кесибиме байланышкан жумушта, фирмада иштечүмүн, кечкисин бала бакчумун. Дем алыш, каникулдарда кафеде сатуучу болуп иштеп жүрдүм. Тапканымдан өзүмө азыраак алып калып, калган акчаны Кыргызстанга салчумун.

“VOLKSWAGEN’де, AIRBUS’та ИШТЕДИМ”

– Окуу жайды бүткөн соң инженердик технологиялар боюнча консалтингдик фирмага орноштум. Автоунаа, учак, пароход, поезд заводдорунда технология боюнча кеңешчи болуп иштейм. Адегенде пароход оңдогон ишканада, анан Volkswagen унаа ишканасында, учак чыгарган Airbus заводунда инженерия боюнча кеңешчи болуп иштегем. Учурда Porsche, BMW, MAN, Rolls-Royce деген унаа заводдорунун тышкы кеңешчилер командасын жетектейм. Башында жалаң эркектердин арасында жалгыз аялзаты болгонум үчүн өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Продукциялык заводдо же менеджерлер жыйынында азыр деле жалгыз айыммын. Бирок көнүп калдым. Атайын келишим бар болгондуктан, мен иштеп жаткан заводдордун иши тууралуу кенен айтып бере албайм.

“УНАА АЙДАГАНГА ТАКЫР КЫЗЫКПАЙМ”

– Техника тармагы мен үчүн абдан кызыктуу, ар бир чоң заводдун майда-чүйдөсүнө чейин аралашып, изилдөө чоң бакыт деп билем. Учакка же кайсы бир автоунаага отургандаушуларды жасоого менин да салымым бар деп ичтен кубанам. Бул компанияларда кызматкерлерге жекече мамиле жасашат. Ар бир жумушчу өзүнүн деңгээлине, тажрыйбасына жана өзүнө берген баасына жараша бааланат. Менин билишимче, мен иштеген жерде азырынча менден башка кыргыздар жок. Техника тармагы мага өтө кызыктуу болгону менен, эмнегедир автоунаа айдаганга такыр кызыкпайм. Велосипед же метро менен жүрөм.

“ЕВРОПАЛЫКТАР КЫРГЫЗ АЙЫМДАРЫ ШЫКТУУ ЭКЕН ДЕП ТАҢ КАЛЫШАТ”

– Азыркы жумушум менен чектелип калбай, дүйнөгө айымдардын кийимин экспорттойм. “AIYM фэшн” брендин түптөгөм. Аялзаттын көркүн ачкан, келбетти чырайына чыгарган, модадан чыкпаган кийимдерди Кыргызстандан дүйнөгө таратып жатам. Ар бир кийимдин дизайнын мода тармагындагы дүйнөлүк эксперттер, стилисттер менен кеңешип жаратам. Топчу, жиптен тарта денеге да, табиятка да зыяны тийбеген табигый материалдарды гана колдонобуз. Андай кийимдерди кардарлар баалашат. Кыргызстан жөнүндө мурда кабары жоктор биздин кийим аркылуу өлкөбүздү таанып, табиятына, тарыхына кызыгып, барабыз деп калышат. Кыргыз айымдарынын бардык нерсеге шыгы бар экенине, жаңы тармакты бат эле өздөштүрө аларына таң калышат. Кыргызстанда абдан күчтүү айымдар жашайт экен, бала төрөп, аларды багып, ошол эле кезде иштеп, коомго да чоң салым кошууга жетишет экен дегендерин көп эле угам.

Ишканабызды Кыргызстандын экономикасына, айымдарга жардам берүү максатында түзгөнбүз. Кийимдерди Германияга, андан ары Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнө, АКШга экспорт кылабыз. Тилекке каршы, Кыргызстанда бул жаатта көп нерсе өнүгө элек. Мисалы, материал сатуучулардын көбү патенти жок иштешет, өлкө казынасына салык төлөшпөйт. Аларды мен расмий түрдө “чыгаша” деп эсептей албагандыктан көбүрөөк салык төлөп калам. Мен кыргыз экономикасына чын дилим менен салымымды кошом.

Кыялым – Кыргызстанды дүйнөгө позитивдүү нотада таанытуу. Текстиль тармагында Кыргызстанды алдынкы, жогорку сапаттагы ишенимдүү экспортёр катары таанытып, экономикасын өнүктүргүм келет.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1072, 23-29-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан