Элге таанылды, көптөгөн хиттерди жаратты, шоу-бизнес дүйнөсүнө атын жаза алды. Албетте, бул үчүн көп жыл тер төгө иштеди. Деген менен коомчулукта “ырчылардын жашоосу жыргал” деген пикир жашайт. Аваз мырза менен ырчылык, сыноолор, үй-бүлөсү тууралуу баарлаштык.
– Аваз, салам! Жаңы ырларыңыз тууралуу сурагым келди. Белгилүү “Барам сага” ырын жубайыңыз Айдана Дека экөөңүздөр жаңылап ырдап чыктыңыздар. Ырды кандай аткардык деп ойлойсуз?
– Салам! Арзыбек Бедияров агабыздан уруксат сурап, жаңылап ырдап чыктык. Арзыбек агабыз да “бул ырды жаштардан ушул жуп ырдаса” деп бизге көз кырын салып жүргөн экен. Оюбуз бир жерден чыкты. Аткарганыбыз өзүбүздүн купулубузга толду. Арзыбек агабыз “жарашыптыр, жакшы аткарыпсыңар” деп жылуу сөздөрүн жазды, автордон жакшы пикир угуу чоң сыймык. Ырдын сөзү Эсенгул Ибраев агабызга таандык. Мурда көп маани берчү эмес экенбиз, өзүбүз ырдагандан кийин ар бир сөзүндө чоң маани жатканын, жүрөккө жагымдуу экенин сездик.
– Досторуңуз удаасынан үйлөнүштү. Үй-бүлөлүк жашоодо тажрыйбасы бар адам катары аларга кеңеш берип жатасызбы?
– Максат Довранов досубуз түз эфирде сүйлөшкөн кызынын колун сурабадыбы. Ошондо “кеңешиңерди айтып кеткиле” деп эфирге чакырган, барып билгенибизди айтып бердик. Бирок Максат өзү акылдуу, терең ойлонгон бала. Алмаз (ред.: Шаадаев) досубуздун келинчегинин кыз узатуу тоюнда Нарынга барып сыйлуу конок болуп келдик. Нарынга ушуну менен экинчи жолу бардым. 2-3 жыл мурун бир тууган иним Жумгалдан үйлөнгөндө барган элем. Ошондо “этти ушунча да көп жейби” деп таң калгам. Туугандары, достору кой союп келип, бир күндө 10-15 кой союлат тура. Кечээги барганымда да 10дой кой жедик окшойт. Алмаз досубуздун кайын журту аябай сыйлады.
– Жакында бир телеканалга берген маегиңиз “Айданага үй жумуштарына жардам бергенден намыстанбайм” деген тема менен жарыяланды, талкуу чордонунда калдыңыз окшойт...
– Ооба, ар кандай пабликтерге “өтө жумшаксың”, “Аваз досторунан четтеп калыптыр” деген сыяктуу посттор чыкты. Жакшы сөздөр, мактагандар да көп. Бирок бул менин жеке жашоом, жеке оюм. Кимдир бирөөгө ушундай жашашыңар керек деп таңуулабайм.
– Кандай иштерде жубайыңызга жардам бересиз?
– Колумдан келген бардык жумуштарда жардам берем.
– Демек, үйүңүздө тең укуктуулук бар десек болобу?
– Тең укуктуулук дегенди мен аял деле, эркек деле кыйын боло бергенди, талашып-тартыша бергенди түшүнөм. Бизде андай эмес. Кыргызга сиңип калган мүнөз менен эле жашайбыз, дегеним, чечимди эркектин кабыл алганы туура деп ойлойм. Мен чыгарган чечимге Айдана каршы чыкпайт.
– Айдана айымдын кийингенине карата ар кандай сындар жазылат. Жолдошу катары андай сынчыларга кандай жооп кылат элеңиз?
– Ооба, “кыска кийбеши керек, келиндей болбойбу” деген сөздөр көп айтылат. Айданага ар бир айтылган сөз андан да мага катуу тиет. Баарын жүрөгүмө жакын кабыл алам. Мен жубайыма “мен, ата-энем сага эч нерсе деген жокпу? Демек, маселе жок” деп айтам. Жарашып турса кие берсин. Ар бир адам өз деңгээлине жараша ойлонот да. Туура эмес ойлонгон адам “уят эле, уят” деп укмуш маселе кылып алышы мүмкүн. Нормалдуу ойлоно алган адам бирөөнүн кийимине эмес, ишине, жүргөн-турганына, мамилесине көңүл бурат. Айтыла берет, айтылып келген андай сындар. Бул биздин ишибиз, экөөбүзгө гана тиешелүү нерсе. Аваз кызганбайбы дегендер чыгышы мүмкүн. Мен негизи кызганчаакмын. Мурда өтө кызганчаак болчумун, Айдана бир жакка кетсе, кайтып келгенче видеочалуу аркылуу карап отурчумун. Кийин мындай кызганчаактык менен жашай албасымды түшүндүм да, аябай аракет кылып, акыры өзгөрдүм.
– Үй-бүлө кургандан кийин дагы кайсы сапаттарыңыз менен кош айтыштыңыз, кандай сапаттар пайда болду?
– Үй-бүлөлүү болгондон кийин абдан өзгөрдүм. Досторум айткандай, мурда жиним мурдумдун учунда болчу. Азыр сабырдуу, чечкиндүү болгонго аракет кылам, өзүмө жоопкерчилик алганды билем. Байлыгым – жакын адамдарым экенин түшүндүм. Мурда акча, бийлик көзүмө укмуш көрүнчү. Акчам көп болсо, депутат болсом, бизнесим болсо деген кыялдар биринчи орунда болчу. Азыр аларды ойлонбойм.
– Балким, материалдык абалыңызды жакшыртып алганыңыз үчүн көп ойлонбой калгандырсыз?
– Акча эч качан жетпейт. Мурда деле жетчү эмес, азыр деле жетпейт. Акчага тойдум деген кишини көрө элекмин.
– Ысык-Көлдөн үй сатып алдыңыздар, Өзгөнгө үй салып жатасыздар...
– Ата-энебиз, бала-чакабыз менен жыл сайын Ысык-Көлгө эс алганы барганда өз үйүбүздө болсок деп ниет кылчубуз. Бул жылы, буюрса, көл жээгинде өз үйүбүздө эс алабыз. Иним экөөбүз айылга чоңураак үй салып баштадык, керек экен. Айрымдар “акчаң ашып-ташып жатса, колунда жокторго бербейсиңби?” деп айтышат. Албетте, муктаждарга жардам берүүдөн качпайбыз, колубуздан келишинче жардам берип жүрөбүз. Айтайын дегеним, биздин колго 50-100 миңдеп чоң суммадагы акчалар келип түшпөйт. Аз-аздан чогултабыз. Биздин баскан-турганыбыз, сатып алган мүлкүбүз элге көрүнүп калды да. Ошол эле Ысык-Көлдө 6-7ден коттеджи, чоң шаарларда 3-4төн үйү барлар көп экенин көрүп эле жүрбөйбүзбү.
– Көз тийүү деген бар экенине ишенесизби?
– Ысык-Көлдөн үй сатып алып, аны жарнамалаган учурда Инстаграмга улам чыгып жаттык. Элге бизден бактылуу, бизден жыргаган адам жоктой көрүндү. Бир учурда Айдананын тиши ооруду. Тиш доктурга барса, тиштеринин баары таза экен. Болбой эле ооруй берди. Эртеси күнү башы ооруп, анын эртеси желкеси ооруп тура албай калды. Күндө ыйлайт, “сен мени түшүнбөй жатасың, катуу ооруп жатам” дейт. Дары ичсе, бир азга басылып, кайра эле башталат. 1 айдай ошентип кыйналды. Мен корко баштадым. Анан тааныштарыбыз “молдого баргыла” деп кеңеш беришти. Молдого баргандан кийин жакшы болуп калды. “Эмне болуптур?” деп сурасам, “силер эл адамысыңар да, бирөө жакшы көрүп карайт, бирөө жаман көрүп карайт, бирөө кызыгып карайт. Эмнеге менин жашоом ушулардыкындай эмес деп койсо деле көз тие берет” деди. Көрсө, көз тийиптир. Мурда мындайга ишенчү эмесмин. Ошондон кийин абайлап калдык.
Перизат Музуратбекова