МОСКВАНЫ ТИТИРЕТКЕН ЕВГЕНИЙ ПРИГОЖИН: Аскердик төңкөрүш аракети реалдуулукпу же шоубу?

Айтылуу “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин бүткүл Орусиянын үшүн алып, Путинди аскердик төңкөрүш аракети менен коркутту. 1 суткада эле расмий Кремлдин шаштысын кетирип, аскердик колоннасы менен Москвага дээрлик жетип барып, кайра артка кайтты. Расмий маалыматта Пригожиндин Москвага бастырып кирүү аракети Беларустун президенти Александр Лукашенконун ортомчулугу менен токтотулганы кабарланды. Орусияны гана эмес, дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган окуя, анын негизги каарманы – Пригожиндин өтмүшү тууралуу төмөнкү макалада сөз кылабыз.

МОСКВАНЫН ҮРӨЙҮ УЧУП...

23-24-июнь... Козголоң. Чыккынчылык. Далыга сайылган бычак... Евгений Пригожиндин Москвага карай “жүрүшүн” Орусия президенти Владимир Путин ушинтип атады. Адегенде Ростов-на-Дону аймагын “басып алып”, андан ары Москваны көздөй жөнөгөн вагнерчилерден коргонуу үчүн Орус армиясы Москвага кирип барчу негизги жолдорду жанталашып тосуп жатты. Москванын көчөлөрүн оор аскердик техникалар каптап, көргөн адамдын үрөйү уча тургандай эле кырдаал түзүлдү. Путин чукул билдирүү жасап, вагнерчилердин жоругу оор учурда Орусиянын далысына урулган сокку экенин белгиледи. Бул окуяга катышы барларга катаал жаза көрүлөрүн да эскертип жатты. Украинага каршы согушта Орусиянын негизги күчүнө айланган вагнерчилердин лидери Пригожин болсо Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун отставкасын талап кылды. Айтымында, ал Орусиянын Украинага каршы аскердик күчүн татыктуу жетектей албай жатат.

Пригожин өзүнүн кайрылууларында артында 25 миң аскери бар экенин билдирген. Бирок эксперттер Пригожин менен 8 миңдей вагнерчи козголоңго катышканын айтышты. Интернет желесине ошол кооптуу учурда Путин Москвадан чыгып кетти деген маалымат тарап, бирок расмий Кремль бул маалыматты төгүндөдү. Айтор, аскердик сүрдүү топ Москвага жетейин деп калганда аттын башын кайра артка бурду.

ЛУКАШЕНКО АРАЧЫ БОЛУП...

24-июнь күнү кечинде Пригожин Москвага 200 чакырым жетпей “жүрүшүн” токтотконун, кан төгүүнү каалабаганын жар салды. Көп өтпөй Беларусь президентинин басма сөз кызматы президент Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны артка кайтууга көндүргөнүн жарыялады. Лукашенконун ортомчулугу Путин менен макулдашылганы айтылды. Башында каарын төгүп жаткан Орусия бийлиги көп өтпөй Пригожин кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын, ал Беларуска чыгып кетерин коомчулукка маалымдады. Айтор, Пригожин 1 суткада Орусияны титиретип, дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда турду. Бул окуяны айрымдар реалдуулук, Пригожин Орусия армиясынын канчалык алсыз экенин ачыктап койду дешсе, айрымдар бул “жүрүштү” Орусия бийлигинин атайын жасаган оюну, шоу деп жатышат. Баса, Пригожин Москваны жакалап турган учурда Путин Казакстан, Өзбекстан, Түркиянын президенттерине телефон чалып сүйлөштү, ал эми Кыргыз президентине чалган жок, же чалганы жарыяланбады.

“ПРИГОЖИН – КОРКУНУЧТУУ САЯСИЙ ФИГУРА”

Евгений Пригожинди батыш эксперттери абдан коркунучтуу көрүнүштөрдүн символуна айланган олигарх дешет. Моралдык бузулуу, зордук-зомбулук, мыйзамдардан жазасыз буйтап өтүү, мамлекет тарабынан жасалган бардык коррупциялык иштердин анабашы катары сүрөттөлөт. Өмүр жолуна токтолсок, ал 18 жашында уурулук кылганы үчүн соттолгон, кийин талап-тоноо, жашы жете электерди кылмышка үндөө, алдамчылык беренелери менен бир нече жолу соттолуп, абакта отуруп чыккан. 62 жаштагы Евгений Пригожин алгач коомдук тамактануу ишканалары менен ресторандарга ээлик кылып, Кремлдеги расмий иш-чараларды азык-түлүк жана суусундук менен камсыздап жүрүп көпчүлүккө таанылган. “Путиндин ашпозчусу” деп сыпатталып жатканы ушундан улам. Пригожин менен Путиндин тааныштыгы 1990-жылдары Путин мамлекеттик кызматта иштеп, Пригожиндин аткаминерлер арасында сүймөнчүккө айланган ресторанына каттап жүргөндө башталган дешет. Пригожиндин идишке тамак көтөрүп келип Орусия президентине сунуп жаткан учуру тартылган сүрөт азыр популярдуу фотолордун бири. Ошондон кийин ал “Путиндин ашпозчусу” атка конгон. Пригожиндин кафе-ресторан бизнеси андан ары гүлдөп, ал мамлекеттик келишимдерди түзүп, мектептерди, бала бакчаларды жана акырында орусиялык аскерлерди азык-түлүк менен камсыздап калган. Айтор, Путиндин чөйрөсүндө ага эң жакын адамдардын бирине айланган.

ТРОЛЛДОР ФЕРМАСЫН, ВАГНЕРЧИЛЕР ТОБУН БАШКАРАТ

Пригожиндин троллдор фермасы да бар деп айтылып жүрөт. Алсак, Орусиядагы саясий оппозицияны каралоо жана Кремлди жакшы жагынан көрсөтүү үчүн маалымат бурмалоочу “ишкананы” жетектей турганын орус журналисттери иликтеп чыгышкан. Ал гана эмес, АКШ прокурору Роберт Мюллер Пригожиндин троллдор фабрикасын 2016-жылы өткөн АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө далалат кылган деп айыптаган.

Көп жылдар бою Пригожин өзүнүн “Вагнер” жеке аскердик компаниясы менен байланышын моюндабай келген. Ал тургай бул тууралуу жазып чыккан журналисттерди сотко берген жайы бар. Орусия-Украина согушунан 6 ай өткөндөн кийин гана “Вагнер” тобун негиздегенин кокусунан айтып алган. “Вагнер” 2014-жылы түзүлгөнүн, аскерлери Луганск, Донецк облустарында, Сирия, Ливия жана Африка өлкөлөрүндөгү куралдуу жаңжалдарга катышканын моюндаган.

Артур Медетбеков, генерал: “ПРИГОЖИНДИН КОЗГОЛОҢУН ОРУСИЯ БИЙЛИГИ АТАЙЫН УЮШТУРГАН ДЕГЕН ЖАЛГАН”

– Евгений Пригожиндин Орусия мамлекетине жасаган кызматы, келтирген пайдасы абдан зор. Себеби “Вагнер” тобунун аскерлери 2014-жылдан 2023-жылга чейин Орусиянын кызыкчылыгын коргоп 20га жакын өлкөдө согушуп келишти. Жаратылыш ресурстарын, алтын-кен, мунай, газ байлыктарын Орусияга буруш үчүн иштешти. Керек болсо Африканын чакан мамлекеттеринде төңкөрүш жасап, айрым бийликке каршы саясий топторго жардам берип турушкан. Бүгүнкү күндө деле ошол иштерди аткарып жатат. Сириядагы согуштан кийин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Герасимов менен пикир келишпестиктер, талаш-тартыштар башталган. Украинадагы согушта Орусия куралдуу күчтөрү Киевге жакын Ирпень, Буча шаарларына барып, бирок кайра артка чегиништи. Бул аракеттери алардын чабалдыгынан кабар берген. Ал эми вагнерчилердин Соледар, Бахмут шаарларын алууда эмгеги зор. Пригожинди козголоңго түрткөн эң негизги себеп – президент Путиндин жаңы буйругу. Анда ал абакта отургандар же атайын вагнерчилер сыяктуу аскердик топтор Орусиянын Куралдуу күчтөрү жана Коргоо министрлиги менен түз келишим түзүп, кошулса болот деп жазылат. Аталган буйрук иштесе, 2-3 жылда вагнерчилердин катарындагы көп аскерлер башкалар менен келишим түзүп кетип калышмак. Ошого каршы чыгып, “Вагнерди” сактап калуу максатында козголоң чыгарды. 24-июндагы окуя мамлекет тарабынан атайын уюштурулган деген кептер жалган. Козголоң учурунда 3-4 аскердик учак атып түшүрүлүп, 10го жакын учкуч каза болуптур. Атайын уюштурулса мындай кан төгүү болбойт эле. Беларуска чечендер менен вагнерчилерди киргизүү үчүн жасады деген маалымат да чындыкка коошпойт. Беларуска кирүүнүн миң түрдүү жолдору бар, чынында, аны козголоң жасабай деле кыла алышмак.

Менин баамымда, Путин Украинадагы орус генералдарынын стратегиялык пландарынын чабалдыгын, согушту алып баруусу начар экендигин көрүп Герасимов менен Шойгуну кызматтан алат болуш керек. Анткени бул козголоң жөн калбайт. Пригожин чырылдап жөн эле чыкпайт да. Демек, Орусия армиясы ич ара маселесин чечип алып, тазаланып, согуш талаасында өзүн ишенимдүү сезгени туура. “Вагнер” сыяктуу аскердик компаниялар мамлекетке абдан керек жана көп өлкөлөр алардын кызматтарын пайдаланышат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан