ЖАРАШЫКТУУ КИЙИМ СТИМУЛ БЕРЕТ

Дүкөндөн жарашыктуу кийим таппай жүрө берүү, кандай кийинерин билбегендик, колго тийгенин кийип, кайра өзүн күнү бою ыңгайсыз сезүү сөзсүз депрессияга алып барат,- дейт белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошева. Ал эми жарашыктуу кийинүү адамга стимул, энергия берет...

СТИЛЬ ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Адам туура кийиниши үчүн алгач стиль деген эмне экенин билип алалы. Стиль – коомго кийим аркылуу кандай адам экениңди көрсөтүү десек туура болот. Мисалы, кийингенине, чач жасалгасына карап анын кандай адам экенин, кандай маанайда, абалда турганын билсе болот. Кээде кара түстөн башка эч нерсе кийгиң келбей калат, бул жан дүйнөнүн абалы. Демек, ал абалдан чыгып алсак, өзүбүздөн-өзүбүз эле кызыл, жашыл, сары, ак түстөргө өтө баштайбыз. Ар бир адамдын стили болот, бул көбүнчө бара-бара калыптанат. Жашоосунда, оюнда чар-жайыттык болсо кийиминен да көрүнүп калат.

Жарашыктуу, өз стилин таап кийинүү адамга энергия берет. Энергиялуу адам менен сүйлөшкүбүз, дос болгубуз келет. Көрдүңүзбү, кийим кандай күчкө ээ? Карап турган адамга эле эмес, өзүнө да жакшы энергия тартуулайт, жашоого болгон кызыгуусун арттырат, стимул берет. Натыйжада ал адамдын ийгилиги артып, маанайы көтөрүлүп бактылуу болуп жүрө алат.



“ЖАШЫ УЛУУЛАР ДЕЛЕ СТИЛДҮҮ КИЙИНИП ЖҮРҮШСӨ БОЛОТ”

– Негизи кийим жаш куракка карата чектелбейт. Бирок 50 жашка эле чыгып өзүн картаң сезип, келиним, неберелерим бар деп адамды улуу көрсөткөн чач жасалганы тандап, чаарала шалбыраган көйнөк, жоолуктарды салынып жатып калабыз. Жашың улуу болуп турса деле стилдүү кийинип жүрүүгө болот. Кантип? Биринчи жаш көрсөткөн чач жасалга – бул каре жана анын түрлөрү. Үстү жагы узун, асты жука алынган чач жасалгасы да жаш көрсөтөт, бирок ошого жараша кежуал стилинде кийинүүгө туура келет.

Бир тондогу кийимдер да адамды жаш көрсөтөт. Эгер гүлдүү же сүрөттүү көйнөктөр болсо да ал көйнөккө төп келген бир түстөгү жоолук салынып, бир түстүү сумка, бут кийим тандоо шарт. Жашы өтүп калган 70 жаштагы апа деле рюкзак асынып, башына шляпа же кепка кийип алса жашоону сүйгөн, үлгүлүү айым катары кабыл алынат.

Негизи эле кайсы жашта болбоңуз сөзсүз спорт менен алектенгенге, жок дегенде жөө көп басканга аракет кылыңыз. Спорт оорудан алыс кылып, фигураны жакшыртат.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан