КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Акыры дасторконго бата кылгандан кийин:

– Жүрү, балам, үйдү көр, жеңең эки күндөн бери үйдүн электрикасын алмаштыралы деп жанымды койбой койду. Алмаштырса алмаштыралы, айтып болбойт, бир күнү бир жери чырт десе өрт чыкпасын, аныкы деле туура бир четинен.

Үй үч кабат, түбүндө дагы беш бөлмөлүү жер төлөсү да бар, айтор, төрт кабат үйдүн бардык зымдарын, жарыкты өчүрүп-күйгүзгүчүн, айтор, баарын алмаштырышым керек экен. Бир сыйра карап чыктык. Эң негизги щити жер төлөдө экен, түшүп щитти да көрдүк. Оңой эле экен, кылса болот. Таң калып койдум, жакшы эле турган зымдарды эмне кылат алмаштырып. "Колумдан келет" десем Касыке ыраазы болуп:

– Азамат, азамат, ушундай бол, коркпой башта кандай иш болсо да. Эки ай, үч айда деле бүтсөң болот. Шашпай жакшылап бүтүрүп бер. Бүтөрүң менен эки жүз элүү миң рубль колуңа карматам. Ушул жерде жашап-иштей бересиң. Тамак-ашыңды, Ваня деген иштейт, бакты, короонун ичин карайт, ошол байкең жасап берип турат. Кандай дейсиң, болобу?

Ичимден аябай сүйүнүп кеттим. Эки жүз элүү миң рубль, сомго айлантсаң төрт жүз миңге барып калат. Ушул жерде иштеп эле акчамды алсам, жыйырма беш-отуз миңге Жигули 06 сатып алып үйгө кетем. Тытынып иштесем бир айда деле бүтсө болот.

– Эки айга жетпейт, Касыке, 40-45 күндө бүтөм го.

– Макул, эң негизгиси жакшылап бүтүп бер.

– Жакшы билем бул ишти, бүткөнүмдө жакшы электрик алып келебиз, бир сыйра текшерип чыгат. Бүгүн эле келейин, эмне керек экенин жазып берсем, эртең келсе жакшы болот эле, эртерээк баштай берейин.

– Аа макул, макул, сен айткандай болсун, анда эртерээк барып кийим-кечеңди алып кел,- деп өзү такси чакырып, акчасын төлөп, мени базарга жөнөтүп жиберди. Саматка айтышкан экен, беш күндүк иштеген акчамды даярдап коюптур. Акчамды алып, буюмдарымды жыйыштырып, шеригим Кайрат менен коштошуп коёюн деп кампага кирсем уккан экен:

– Руслан, мени айтты деп эч кимге айта көрбө, бирок сен куулук-шумдукту билбеген түз баласың, Кобрадан этият бол. Эми айтып болбойт, ишиңди бүткөнүңдө баалуу бир нерсесин өзү эле бекитип коюп, сени күнөөлүү кылып акчаны бербей койбосун.

– Мен Касыке менен сүйлөштүм, Асел мага эч нерсе дей албайт.

– Эми мен айтып койдум, дос, этият бол.

ххх

Саат экилерге дачага барып калдым. Ваня байке биз келгенде сыртка чыгып, кайра кирип кеткен адам экен. Баары кетиптир, үйдө өзү эле калыптыр. Мага бөлмөмдү көрсөтүп коюп, өзү сыртка чыгып сөрүгө жатып алды. Мага биринчи кабаттан бөлмө даярдаптыр. Жүктөрүмдү жайгаштырып коюп, телефонго эмне керек экенин шашпай жазып, Аселдин номерине жөнөтүп койдум. Ишти эртең баштайм, күн өтө эле ысык эле, ары-бери барып келе берип тердедим, чарчадым. Бүгүн дем алам. Душка жуунуп алып, бассейнге түшүп бир аз ары-бери сүзүп алып бөлмөмө кирип уктап калдым. Кечки тамакты Ваня байке сөрүгө даярдаптыр, сүйлөшкөн деле жокпуз. Түнт адам окшойт, унчукпай отуруп ары-бери тамактанып алып, бөлмөмө кирип жатып алдым. Ишимди Кудай оңдоду, бир айда бүтүп койсом акчамды кемитип салышпасын, шашпай кырк беш күнгө чоюп иштейм, акчамды алам да, үйгө, Кыргызстанга кетем. Машина алам, калган акчама келишинче кой алып жайлоого берип жиберсем, бир жылда койлорум эки эсе көбөйсө. Бул атың өчкүр Россиясына экинчи келбейм, кайра жумушума орношуп, ошол жакта эле жүрөм. Ээ кыскасы, ойлонуп, кыялданып жатып уктап кеттим.

Эртеси саат он бирде Касыке, Асел келди. Артынан эле бир Газел менен Самат мен айткан нерселердин баарын алып келиптир, жер төлөгө алып түшүп бир бөлмөсүнө жыйып салдым. Таня эжени да чакырышкан экен, Асел, Таня эже, Ваня байке үчөө бөлмөдөгү буюм-тайымдарды мага тоскоол болбогудай кылып ортого жыйышып, үстүлөрүн клеёнкалар менен жаап, айтор, күйпөлөктөп жүрүшөт. Жардам берейин десем Касыке жанына чакырып алды.

– Сенин ишиң башка, башка нерсеге алаксыбай, өз ишиңди кылышың керек. Таня менен Ваняга акча төлөп берем, ишти эртең баштаарсың, бүгүн эс ал,- деп ар нерселерди сүйлөшүп отурдук. Түшкү тамак маалында Таня эже Касыке экөөбүзгө сөрүгө дасторкон жайып, өзүлөрү ашканада тамактанышты. Тамактанып бүтүп отурсак Асел эки чоң чыныга сок алып келип, бирөөсүн менин алдыма, бирөөсүн Касыкенин алдына коюп, сөрүнүн чекесине ары карап отуруп телефонун чукулап калды. Касыке жамбаштап жаткандыктан мен да жатып алган элем, ары-бери кыймылдаганда төгүп албайын деп алдымдагы сок куюлган чыныны дасторкондун ортосуна жылдырып койдум. Касыке тамеки чегип жаткан, ал да күлү түшпөсүн дедиби, өзүнүн сок куюлган чынысын ортого жылдырып койду. Касыке башынан өткөн окуяларын айтып берип жаткан, мен сөзгө алаксып сок куюлган чыныны алып бир аз ооз тийип көрсөм аябай даамдуу экен, баарын бир эле көтөрүп ичип алдым. Касыке бир аз мени карап турду да:

– Даамдуу бекен, дагы куюп келсинби?

– Ооба, ширин экен, жок болор ушул жагы, рахмат.

– Ээ, сурап бергенче уруп бер. Асел, дагы куюп келчи.

Асел телефонун караган бойдон ордунан туруп бошогон чынымды алып жатып негедир чочуп, чыныны бир карап, мени бир карап, өңү бир башкача купкуу болуп кетти. Кантип сүрөттөштү билбейм, өңү бузулуп, көзү акырайып, мени ушунчалык жек көрүп карады. Көзүнүн карасы кара эмес, күрөң экен, негедир мага өлгөн койдун жансыз көзүн элестетип жиберди. Өңүн кара чаар жыланга окшотуп жибердим, көздөрү заар чачып, бетин майда-майда тырыш басып кетти. Ушундай сулуулуктун артында ушундай коркунучтуу өң бар экенине таң калып чочуп кеттим. Өңү чындап коркунучтуу эле. Бир мультфильмдеги канышага айланып алган жезкемпирге окшотуп алдым. Эмне болуп кетти деп карасам Касыкенин чынысы кызыл гүлдүү чыны эле, мен сөзгө алаксып Касыкенин согун ичип алыпмын. Болбогон эле нерсеге ушунчалык да жини келеби. Касыке эч нерсени байкабады.

– Ээ Касыке, кечиресиз сиздин согуңузду ичип алыпмын байкабай. Касыке карап түшүндү күлүп:

– Айырмасы кайсы. Ич, ичегой, аш болсун. Мен сенин согуңду иче берем да, даамдуу бекен? Асел атайын мага деп жаңы үзүлгөн шабдалы таап келип сок жасап берип турат. Башым ооруйт, байкагандырсың, бир жылдан бери ушул оору жармашкан. Көрүнбөгөн жерим калбады, же эч ким билбейт эмне оору экенин, ар кимиси ар нерсени айтат, билбей калдым эмне кылышты. Ушул жашка келип ооруган эмес элем, карыдым окшойт. Кара эми, минтип арыктап да кеттим. Шабдалынын ширеси пайда экен, ичип жатам,- деп айласы кеткен адамдай күлүп коёт.

Асел унчукпай туруп үйгө кирип кетти. Бир чыны сок куюп Таня эжеден берип жибериптир. Кечке чейин үчөө бардык бөлмөлөрдү даярдап бүтүштү. Кечинде саат тогуздарда Касыке, Асел, Таня эже кетти. Эми Таня эже келбейт экен, үйдүн ремонту бүтмөйүнчө эс алат имиш. Кечки тамакты ичип алып кирип жатып уктап калыпмын, түнкү саат бирлерде башым чыдатпай сайгылашып ооруганынан ойгонуп кеттим. Тим эле чыдатпай ооруп жатат. Айрыкча кара куш мээмдин бир тамыры тартылышып-тартылышып кетип жатты. Ар тартылганда ооруганына чыдабай көзүмдү жумуп-жумуп жиберем. Башыма массаж жасай баштадым, жардам берген жок...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан