БӨРҮ ЖАТЫШ ООРУСУ жаш-карыны тандабайт

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, дүйнө элинин 25 пайызы бөрү жатыш оорусун баштан өткөрөт. Кычыштырып, уйку бербеген бул оорунун келип чыгышы, дарылоо ыкмалары боюнча маалымат беребиз.

АЛЛЕРГИЯЛЫК ООРУ ТҮРҮНӨ КИРЕТ

Дартта күдүрөйүп кызарган теринин бетине кычыштыруучу ыйлаакчалар чыгат. Адатта, алардын көлөмү бир нече миллиметр же сантиметрди түзөт. Кээде алар биригип, топ-топ болуп да калат. Бөрү жатыш адамдын жаш курагына карабайт, дененин каалаган бөлүгүнө чыгат. Бирок көбүнчө көкүрөк, бет, моюн, ичте кездешет. Ыйлаакчалардын өңү ачык кызыл түстө болот. Улам көбөйүп барып, кайра жоголот. 3 жашка чейинки балдарда бөрү жатыш ич өтүү же ич катуу, кусуу менен коштолушу ыктымал.

Акыркы жылдары өлкөдө бөрү жатыш дарты күчөп баратат. Бул экологиялык жактан таза эмес, сапатсыз, даам, жыт берүүчү заттар кошулган тамак-аштары көп жеп-ичүүдөн болуп жатат дешет адистер. Мисалы, жашылча-жемиштер көбүнчө химиялык жер семирткичтер менен өстүрүлүп жатканы факт.

– Чет өлкөдөн тооктун сан эттери, канаттары, цитрус жемиштер: апельсин, мандарин, грейпфрут жана башкалар абдан көп алынып келинип жатат. Андай жемиштердин көбүндө ГМО (гендик модификацияланган организмдер) бар. Аларды сыртынан оңой эле билүүгө болот. Сырты жалтырап, бир да жеринде курту жок. Ушундай азыктар да адамды бөрү жатышка чалдыктырат.

Ал эми тоок бат чоңоюп, семириши үчүн жемине химиялык кошулмаларды, оорубасын деп антибиотиктерди көп беришет. Тооктордун сан этиндеги майларга уу топтолуп, аны жеген адамда бөрү жатыш же ичеги оорусунун жаралуу коркунучу бар. Андыктан өлкөбүздө табигый кык, биогумус менен өстүрүлгөн жемиштерди, таза жем менен багылган тооктордун этин колдонгонубуз оң.

Аллергияны же бөрү жатышты башка азыктар да пайда кылат. Мисалы, кулпунай, ар кандай таттуулар, ышталган азыктар, татымалдар, консервалар, газдалган суусундуктар, жумуртка, жаңгак, балык жана башка,- дейт аллерголог Элида Айтбосунова.

ООРУНУН ТҮРЛӨРҮ

Курч кармаган түрү. Көбүнчө организмдеги инфекциядан, ичтеги мите курттан же айрым дары-дармек, тамак-аш, татымал, соустардан, эмдөөдөн, курт-кумурска чаккандан, мурун жеп көрбөгөн жаңы азык же жемишти жегенден келип чыгат. Булардан тышкары спирттик ичимдиктен, туздалган, маринаддалган азыктардан жаралат.

Курч кармаган түрүнүн өзгөчөлүгү – оорунун бат өнүгүүсү жана дарылаган соң бат жоголуп кетиши. Дарттын бул түрү бир нече саатка же күнгө созулат.

Өнөкөт түрү. Бул ар кандай себептерден келип чыгат. Көбүнчө боор, бөйрөк, ашказан, ичегинин иштөөсүнүн бузулушунан (80-90 пайызы), ичегидеги мите курттардан, өнөкөт инфекциядан (алкым бездеринин, өттүн жана өт жолдорунун инфекциясы) пайда болот.

Ысыктан, сууктан, күн нурунан жаралышы да мүмкүн. Дарттын бул түрү бир нече айга же жылга созулат. Башкача айтканда, жок болуп, кайра пайда боло берет. Мындай учурда бейтап өзүн жакшы сезбей башы ооруп, чыйрыгып жүрө берет. Кычышуудан улам уйкусу бузулуп, дамамат чарчап жүргөндөй абалда болот.

Бөрү жатыш келчип чыгышына карата бир нече топко бөлүнөт:

Дарыдан жаралат

Тамак-аштан жаралат

Сууктан (суукта калган соң адатта 1-2 суткадан кийин билинет) жаралат

Ысыктан (сууктан ысыкка киргенде) пайда болот

Күн нурунан (күндүн ультра сыя, инфра кызыл нурунан) пайда болот

Эмдөөдөн кийн жаралат

Бөрү жатыш тукум кууй турганын да эске алуу керек. Эгер баланын атасы же энеси аллергик болсо, балада да аллергияга кабылуу коркунучу бар.

ДАРЫЛОО КАНТИП ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?

Ооруканада 10 күндөй жатуу, 1-2 ай диета кармоо сунушталат. Башкача айтканда, ооруну пайда кылган азыкты колдонбоо керек. Ошондой эле организмге кирген аллергенди четтетүү максатында клизма (3 күн катары менен) жасалат.

Дарылоодо сөзсүз дары-дармектер, айрыкча аллергияга каршы каражаттар колдонулат.

Эскерте кетчү нерсе, бөрү жатыштын курч кармаган түрүн өөрчүтүп жибербей, дарылап калууга жетишүү зарыл. Болбосо улам бөрү жатыш жаралган сайын дарылануу керек болот. Бул айрыкча жаш балдарды түйшүккө салат.

ДАРЫЛАНУУ УЧУРУНДА ЭМНЕЛЕРДИ ЖЕГЕНГЕ БОЛОТ?

Дүкөндө сатылган катырылган нандар (сухари) көбүнчө өтпөй калган нандардан жасалып, даамын жакшыртуучу заттар кошулат. Андыктан нанды үйдө бышырып алып катырып, колдонгон жакшы. Айран, өңү жашыл түстөгү жашылча, жемишти (сырты жашыл алма, бадыраң), банан, газдалбаган суу, бууга, сууга бышкан тамактарды колдонууга болот. Ал эми йогурт, газдалган таттуу суусундук, тооктун этин жегенге болбойт. Бул бөрү жатышты ого бетер күчөтөт.

Уйдун, койдун майлуу эмес этинен шорпо жасап ичүүгө, этин жегенге уруксат. Бирок шорпо бир кайнап чыккан соң аны төгүп салып, кайрадан суу куюп кайнатып, анан ичүү керек. Бул экинчи кайнатма деп аталат.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

Бөрү жатышка жакын балдар жана чоңдор аллергия жаратуучу тамак-аш, дары жана башкаларды колдонбогону жакшы. Эмдөө жана мини операцияларда ооруну сездирбөөчү укол алардан мурда антигистаминдик дарыны ичүү (бейтап аллергик экенин врачка сөзсүз айтышы зарыл) сунушталат. Пахтадан жасалган кенен кийим кийүү, стресске кабылуудан качуу, өнөкөт оорулардан убагында дарылануу кажет.

Материалды даярдоого салым кошкону үчүн аллерголог Элида Айтбосуновага ыраазычылык билдиребиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан