ТӨРӨТТӨН КИЙИНКИ ДЕПРЕССИЯНЫН ДАБАСЫ - ЖЫЛУУ МАМИЛЕ

Адатта, айымдар төрөттөн кийин депрессияга кабылышат. Психолог Айзада Болотканова “аялдар тун баласын төрөгөндө гана эмес, кийинки төрөттөрүндө деле депрессияга кабылышы мүмкүн” дейт. Андай учурда аял эмне кылышы керек? Жолдошунун, үй-бүлөсүнүн орду кандай болууга тийиш? Айтор, аялды төрөттөн кийинки оор кырдаалда колдоо тууралуу кеңеш беребиз.

Депрессиялык абал

Төрөттөн кийинки көңүл чөгөттүк

Жаш аялдардын 70 пайызы чалдыгат

Узактыгы - Орточо төрөттөн кийин 2-14 күнгө созулат

Өз алдынча өтүп кетет (дарылоонун кереги жок)

Төрөттөн кийинки депрессия

Аялдардын 15 пайызы чалдыгат

Узактыгы- 2 аптадан 6 айга чейин, кээде 1 жылга чейин созулат

Жардам керектелет (психолог же психотерапевт)

Төрөттөн кийинки психоз

Аялдардын 1 пайызы чалдыгат

Өз алдынча өтүп кетпейт

(психиатрдын жардамы керектелет)

Белгилери

Көп ыйлоо, ыйлактоо

Болбогон эле нерсеге ачуулануу, сөз көтөрө албоо

Бала үчүн ашыкча тынчсыздануу

Маанайдын тез-тез алмашып турушу

Бир нерсеге кыжалат болуп, үй-бүлөсүнө, балага кайдыгер же корс мамиле кылуу, өзүн карабай калуу. Кайдыгерлик балага да терс таасир тийгизет

Болбогон эле нерсеге ачуулануу, сөз көтөрө албоо

Бала ооруп калса өзүн күнөөлөп, өзүн жек көрүү

Ой басып, жашоонун кызыгы жоктой көрүнүүсү

Алсыроо, табиттин жоголушу, арыктоо

Ыйлоо

Ашыкча тынчсыздануу

Ашыкча уктоо же уйкусуздук

Көзгө ар нерсенин көрүнүүсү (галлюцинация)

Акыл-эстин тумандашы

Өзүнүн жана жакындарынын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч келтирүү

Депрессиянын себептери

• Гормоналдык өзгөрүүлөр (кош бойлуу кезде аялдарда эстроген менен прогестерон 2-3 эсе көбөйүп кетет. Төрөттөн кийин алардын өлчөмү кескин түшөт. Төрөттөн кийин пролактин гормонунун көбөйүп кетиши да терс таасирин тийгизет)

• Өнөкөт чарчоо, дамамат жетишерлик уктабоо

• Тукум куучулук боюнча депрессияга жакындык

• Төрөгөндөн кийин чоюлуп калган курсак териси, өзгөргөн келбети үчүн ачуулануу

• Төрөттүн оор өтүп, аялдын абдан кыйналышы. Операция жолу менен төрөө

• Төрөткө психологиялык жактан даяр эместик

• Төрөт жакындагандан тартып стресстик абалда жүрүү

• Үй-бүлөсүнөн колдоонун жоктугу, жолдошунун жардам бербегендиги жана аны менен көп урушуу

• Жашоо-шартынын

начардыгы

• Эне болгондон кийин жашоом, үйдөгүлөрдүн мамилеси жакшы жакка өзгөрөт деген оюнун туура чыкпай калышы

• Витаминдердин, күн нурунун жетишпестиги

Депрессиянын алдын алуу жана жеңүү

• Эс алуу жана уктоонун режимин түзүү

• Өзүнө кам көрүүгө убакыт табуу (мисалы, чачты кыскартуу үчүн сулуулук салонуна баруу)

• Жакындарынан жардам, керектүү кеңештерди суроо

• Бала көп ыйласа педиатрга, башка врачтарга көрсөтүү

• Эмизип жатканда шашпай, эч нерсени ойлонбой, баланын башынан сылап турса, бактылуулук гормондору - эндорфин, дофамин, серотонин көбүрөөк бөлүнүп чыгып, маанай көтөрүлөт. Кыйынчылык жеңилдей сезилип калат

• Бөлмөгө күн нуру көбүрөөк тийиши зарыл

• Ачык түстөгү кийимдерди көбүрөөк кийүү

• Бала менен сейилдеп, өзү теңдүүлөр менен маектешүү. Кичине дебестен бала менен сүйлөшүү

• Туура тамактануу

• Каражат жагынан кыйынчылык болсо сабыр кылуу, туугандардан жардам алуу

Аялдын жакындарынын кулагына күмүш сырга

Жаңы төрөгөн аялдын депрессияга кабылганы билинсе чыдамкай, сабырдуу болуп, анын айрым “каприздерин” көтөрүү керек

Аялга жылуу сөз айтып, жакшы мамиле кылуу зарыл

Баланы карашуу, аялга өзүн кароосуна убакыт берүү шарт

Жумуштар менен сыртта жүрсө да жолдошу аялына чалып “балабыз, өзүң кандайсың?” деп абалын сурап турганы оң. Гүл же белек тартууласа, сөзсүз аялдын маанайы көтөрүлөт

Жогоруда айтылгандар жардам бербесе, анда психолог же психотерапевтке алпарган оң

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан