КАНТ ТШП ЗАВОДУНУН ЛАБОРАТОРИЯСЫ МЫКТЫ САПАТТЫ КАМСЫЗДАЙТ

Ички керектөөлөргө жана экспортко багытталган Кант түтүк-шифер заводунун өзүнүн лабораториясы бар. Аталган лабораториядан текшерилген өндүрүш продукциясы эл аралык талаптарга (ISO) жооп берип, ЕАЭБдин реестрине киргизилген. Төмөндө аталган лаборатория тууралуу кенен айтып беребиз.

Милдети – продукциянын сапатын тейлөө

“Кант ТШП” заводунун курамына 2008-жылдан бери өзүнүн компетенциясын тастыктаган ISO/IEC 17025 эл аралык стандартына ылайык аккредитацияланган лаборатория кирет. Лабораториянын милдети – кардарлардын муктаждыктарын канааттандырган сапаттуу шифер чыгаруу, ошондой эле мыйзам чыгаруучу жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына жооп бере тургандай сыноолорду жүргүзүү.

Лаборатория – өндүрүштүн бардык этаптарында чийки заттардын киришине көзөмөл кылуудан баштап, технологиялык процессти башкаруу жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык сыноого чейин көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Мындан улам технологиялык регламенттерге жана мамлекеттик стандарттарга ылайык жогорку сапаттагы продукцияны чыгарууну камсыз кылат.

Технологиялык процессти көзөмөлдөө, технологиялык регламенттин талаптарына ылайык жабдуулардын сапатын талдоодон жана аныкталган четтөөлөрдү өз убагында жоюудан турат. Андан ары продукт керектөөчүгө жеткенге чейин листтердин ар бир партиясы даярдоочунун техникалык көзөмөл кызматы тарабынан кабыл алынат.

Табигый чийки заттан заманбап технологияны колдонуу менен өндүрүлгөн “Кант ТШП” заводунун хризотил цемент продукциясы бир катар маанилүү касиеттерге ээ:

• экологиялык жактан таза;

• ысыкка туруктуу;

• суукка туруктуу;

• нымдуулукка туруктуу;

• оор салмакка туруктуу;

• биологиялык таасирге туруктуу (оңою менен чирибейт);

• активдүү химиялык заттарга туруктуу;

• үн өткөрбөйт;

• күйбөгөн курулуш материалдарынын тобуна кирет

Хризотил асбести хризотил цемент продукциясын өндүрүүдө бекемдөөчү компонент катары колдонулат. Асбест – майда жипчелүү минералдардан турган курулуш материалы. Ал жогорку температурага жакшы чыдайт, отко туруштук берет, абдан бекем жана ийкемдүү, химиялык заттарга каршы жакшы чыдайт. Асбести бар продукциянын бекемдиги асбести жок үлгүлөрдүн бекемдигинен 2-3 эсе жогору болот.

Мезгилдүү тесттер:

1. Ийилүүдө эң жогорку күчтү аныктоо. Курулушта асбест-цементтен жасалган буюмдар негизинен ийүүдө иштейт. Максималдуу ийип, басым кылуу менен ийкемдүүлүгүнүн таасири текшерилет.

2. Оор соккуга таасирин текшерүү. Күчтүү динамикалык таасирлер асбест-цемент листтерин ташуу учурунда, айрыкча, транспорт каражаттарында байкалат. Ташуу учурундагы жаракаттарды сыноо максатындагы текшерүү.

3. Суукка туруктуулугун текшерүү. Бул ыкманын маңызы сууга каныккан үлгүлөрдү кайра-кайра кезектешип тоңдуруу жана эритүү болуп саналат.

4. Суу өткөрбөйт. Ыкманын мааниси канча бир убакыт бою продукциянын кайсы бир бөлүгүндө суунун таасири сыналат.

5. Сыноочу жабдуулар, өлчөөчү приборлор кылдат текшерилген.

“Кант ТШП” заводу чыгарган шиферлерден миллиондогон жарандар турак жай, мончо, коммуналдык жайларды куруп пайдаланышты.Дагы бир артыкчылыгы, эгерде кардар шиферди коюп же орнотуп жатып сындырып алса, же шиферден суу өтүп жатканын байкаса завод аны алмаштырып берет. Мыкты лабораториядан тастыкталган өндүрүш сизди да кайдыгер калтырбайт деп ишенебиз. Андыктан тандоо сизде!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан