"ОШОНДО СЕНИ ИЗДЕБЕЙ КОЙСОМ ЭМНЕ БОЛМОК?”

“Кызыңыз сулуу экен”. Мына, ушул бир гана сүйлөм менин бактымды табышыма себепкер болду. Кантип дейсизби, айтып берейин.

Айылдан апамдар келген. Алар менен дүкөн кыдырып шопинг кылып жүргөнбүз. Мен дайыма бут кийим алган дүкөнгө бардык. Бут кийим карап, апама жакканын таппай чыгып баратканбыз. Дүкөнгө жаңы келген сатуучу жигит бар экен. Ал апама карап дал ушул сөздү айтты, “кызыңыз сулуу экен” деди. Карасам жакшынакай жылдыздуу жигит экен. Бул сөздү угуу мага аябай жагымдуу болду, анын үстүнө ушундай жылдыздуу жигиттен уксаң эки эсе жагымдуу да. Ушул сөз кулагымда, жигиттин жагымдуу жылмаюусу көз алдымда калып калды. Үйгө барып алып “ал бала мени сулуу деди” деп улам кайталап айта берип, ар бир сүйлөшүүнүн арасына кошо берип баарын тажаттым, үйдөгүлөргө кандай күлкүлүү көрүнгөнүмдү элестетип жатасыздар да, ээ? Жылдыздуу жигит көз алдымдан кетпей койду. Мен ага жаксам, ал да мага жакса, демек, бир нерсе кылышым керек деп ойлондум. Анан ал жигитти көрүү үчүн күндө баягы дүкөнгө бара бердим, бошосом эле ошол дүкөнгө жөнөчү болдум. Барам да, бут кийимдерди карамыш болуп чыгып кетем. Башында эч нерсе дей албай жүрдү жигит. 2 жума каттаганымдан кийин бир баракка Инстаграм аккаунтун жазып колума карматты.

- Салам, бул сенин сулууң,- деп тамаша аралаш жаздым ошол эле күнү кечинде.

- Салам, бул сенин сулуулугуңа арбалган жигит),- деп жооп узатты жылдыздуум.

Сүйлөшүп баштадык. Бир толкунда экенбиз, бири-бирибиздин оюбузду, тамашаларыбызды түшүнүп, жакшы тил табышып кеттик. Аты Арген экен. Мен күнү-түнү Аргенди ойлоп жашап калдым. Сүйлөшүп жатып экөөбүздүн музыкага болгон табитибиз да окшош экенин билдик, бирдей жанрдагы кинолорду жактырарыбызды билдик.

- Кеттик анда кинотеатрга, криминал көрүп эс алып келели,- деп чакырды жазышып баштагандан 2 жумадан кийин. Бул биздин биринчи жолугушуубуз болчу, жакшы таасир калтыргым келди, Аргенге аябай жаккым келди. Бир күн кечке даярдандым. Чын, кыздар кээде жактырган адамына жолугушуу үчүн бир күндө бардык сулуулук процедураларына барып жетишет. Мен дагы шашылыш маникюрга, педикюрга жазылдым, кирпигимди узарттым, чачымды боёттум, жаңы көйнөк алдым. Кечинде болсо жаңы гана сабактан келген киши болумуш болуп жолугушууга чыктым. Кинодон кийин экөөбүз ээрчишип алып тамак жегенге бардык, жакындан таанышып сүйлөшүп отурдук. Мага аябай жагымдуу болду, ага да ошол учур жагып жатканы эмоцияларынан көрүнүп турду.

Тамактанып алып сейил бакта бир аз сейилдеп үйгө кайттык. Бул жолугушууда Аргендин камкор, жоомарт жигит экенин байкадым. Анан да күлгөндө бетинде пайда болуп калган уячаларына ашык болуп калдым. Биринчи жолугушуу мага аябай жакшы таасир калтырды, үйгө кетким келген жок. Убакытты токтотуп ушул учурда калып калгым келди.

- Үйгө кирдиңби?- деп жазды үйгө кирерим менен.

- Ооба, сен жетип алдыңбы?

- Жетейин деп калдым. Бул кеч үчүн рахмат, мага жакты, кеч дагы, сен дагы...

- Мага дагы. Жакшы эс ал.

Экөөбүз күндө эртеден кечке жазышып калдык, телефонду такыр эле жанымдан чыгарбай калдым, жуунучу бөлмөгө да, дааратканага да телефон менен кирем, кандай абалда болсом да билдирүүлөргө жооп берем. Бир күнү кечинде сүйлөшүп жатып сөз арасында дарбыз жегим келгенин айттым. Жарым саат өтпөй Арген “эшикке чык” деп жазды. Түнкү саат 12 болуп калган. Чыксам, башына бир чоң дарбызды коюп алып көтөрүп келе жатыптыр. Жагымдуу болду. Түнкү 12де анан чогуу жашаган эже экөөбүз отуруп алып дарбыз жедик. Ар бир оозумдан чыккан каалоомду орундатып жатты Арген. Ооруп калганымда дарысын, витамин болсун деп жашылча-жемиштерге чейин көтөрүп келип калат жаным. Арадан 3 жыл өтсө да жолугушууларыбыз биринчидегидей эле таттуу болуп жатты, аны менен сүйлөшүү кызыктуу, сөзүбүз эч эле бүтпөйт. Ошентип 3 жыл сүйлөшкөндөн кийин, мен жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин баш кошууну туура көрдүк. Азыр экинчи балабызды күтүп жатабыз. Жашоомо ыраазымын, 3 жыл мурун намыстанып отуруп калбай, тынбай дүкөнгө бара берген өзүмө ыраазымын. Ушундай сүйүү берген Кудайга ыраазымын. Ошондо сени издебей койсом эмне болмок деп ойлонуп калам кээде.

Аделина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Камилжан уулу Мунарбек
2023-07-04 06:32:00
Мен тушунбой калдым да окууну буткондон кийин баш кошууну туура кордук деп жатат анан экинчи баласын кутуп жатат экен ошондо булар кандай тушунсо болот
0
Baktyluumun98
2023-07-07 05:04:00
Камилжан уулу Мунарбек, түшүнүктүү эле болуп турат. Окууну бүтүп үйлөнүшүптүр. Андан бери убакыт өтүп бир балалуу болуптур, эми экинчиси боюнда бар экен.
+1
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан