БИР БҮРКҮМ. ОМСК-ОШ АБА КАТТАМЫ ЖОЮЛДУ...

  • “Аламүдүн-1” ГЭСинин биринчи гидроагрегатын капиталдык оңдоодон өткөрүү иши аяктаганы маалымдалды.
  • Балдарды мектептерге 1-класска кабыл алууга электрондук каттоонун 2-этабы башталды.
  • Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдык көрүү үчүн уюуштуруу комитети түзүлдү.
  • Эмилбек Абдыманапов Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалды.
  • 12-марттан 27-июнга чейин Ысык-Көлдүн түбүнөн 96 миң метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылганы айтылды.
  • Мамлекеттик бажы кызматы: Өлкөгө 160 миң долларлык медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.
  • 2023-жылдын алгачкы 5 айында өлкөдө 13,6 миң адам иш менен камсыздалганы расмий маалымдалды.
  • Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
  • Бишкектин мэри: “ЖЭБди газга өткөрсөк, жылуулук берүүнүн баасы кымбаттайт”.
  • “Мегаком” ишканасынын мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов кармалды.
  • 20-июнь күнү Бишкекте үч эм жарыкка келди.
  • Орусиянын Самара облусунда 27-июнда жол кырсыгы катталып, 2 Кыргыз жараны каза тапты.
  • 2021-жылдан бери ишке ашырылып, буга чейин убактылуу токтотулган Омск-Ош-Омск аба каттамы биротоло токтотулганы жарыяланды.
  • Бишкекте 28-июнь күнү эски аянтта окулган Айт намазга 25 миңдей адам катышты деп маалымдалды.
  • Ош шаарында 1-июлдан тарта таштанды чыгаруудагы тариф кымбаттай турганы айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан