БАШКЫ ПРОКУРАТУРАДАН ТЕРГӨӨ ФУНКЦИЯСЫ АЛЫНЫП, УКМК МЕНЕН ИИМГЕ БЕРИЛЕТ

29-июнда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, 62 депутаттын колдоосу менен кабыл алды.

Мыйзам долбоору Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясын алып салууну көздөйт.

Иштеп жаткан мыйзамга ылайык, прокуратура органдары тергөө жүргүзүп, тергөө жүргүзүү мезгилинде мыйзамдардын сакталышын да өздөрү көзөмөлдөшөт. Бул коррупцияга жана кызыкчылыктардын кагылышына жол ачат деп белгилешет жогорудагы мыйзам долбоорунун тарапташтары. Тагыраагы, карга карганын көзүн чокубайт болуп, өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү ишин аксатат деген аргумент айтылып келет.

Тергөө жүргүзүү функциясы мындан ары ИИМ менен УКМКда болмокчу.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев ИИМ жана УКМК органдарын тергөөнү адилет жүргүзүүгө чакырды.

- Сот адилеттигинин башаты – тергөө. Президент ишеним артып, тергөө функциясы эки органга өткөрүлүп берилген соң “кимибиз кыйын” деп атаандашпай, ынтымакта 1-2 жыл иштеп көргүлө. Ал эми прокуратурадан тергөө функциясы алынды дегени менен көзөмөлдүк кылуу функциясы алынган жок, тергөөнүн адилет жүргүзүлүшү боюнча көз салып тургула – деди Сатыбалдиев.

Айрым депутаттар тергөө функциясын өздөрүнө алууда ИИМ менен УКМКда кадр маселеси боюнча жүк оорлоп кетпейби деп сурашты.

Юстиция министри Аяз Баетов азыркы учурда оордук жаратпай турганын, кийинки жылдары тергөөчүлөрдүн саны боюнча маселе каралышы мүмкүн экенин эскертти.

Депутат Исхак Масалиев прокуратура өкүлдөрүнө кайрылып, АКШда айтылган бир икаяны эске салды.

- Кичине орой айтылган сөз бар: эгер сени зордуктап жатышканда каршылык көрсөтүүгө алың жетпей турганына көзүң жетсе, анда өзүңдү бош кой да, ырахат алууга аракет кыл – дешет. Эми чыдагыла, силерде көзөмөл кылуу функциясы калууда – деди Масалиев.

Депутаттар тергөөчүлөргө адам тагдыры менен ойнобоону, ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууну эскертишти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан