ЖЭЭНБЕКОВДУ ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ СТАТУСУНАН АЖЫРАТУУ ДЕМИЛГЕЛЕНЕТ

Сооронбай Жээнбековду экс-президент статусунан ажыратуу сунушталат. Мындай пикирди демилгенин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Азаттыкка берген маегинде билдирди. Депутаттын айтымында, азыркы учурда Жээнбековдун мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясындагы жашоосун камсыздоого кеткен жалпы чыгымдын суммасын эсептөө тапшырмасы берилди.

Түмөнбаев мамлекет тарабынан берилген артыкчылыктарды экс-президент өзү гана эмес, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да колдонуп жатышы туура эмес дейт.

- Мен ал адамдан экс-президент деген макамды алдыртып салууга аракет кылам, анткени ал мындай статуска татыктуу эмес – дейт эл өкүлү.

Акылбек Түмөнбаев азыркы президент Садыр Жапаровдун кудасы. Ал бир тууган Жээнбековдор боюнча жылуу пикирде эмес экенин буга чейин да айтып келген. Өткөн аптада парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов менен кайым айтышып жатып Сооронбай Жээнбековдун тушунда кудалар бийлик жүргүзгөнүн эскертип өттү.

Буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев да экс-президенттердин артыкчылыктарын кыскартууну демилгелеп чыккан. Бирок ал сунушталган мыйзам долбоору экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага карата иштебей турганын айткан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан