Айбек Бектемиров, актёр: “МАНЬЯКТЫН РОЛУН ЖАРАТКЫМ КЕЛЕТ”

Тамашоучу, “Өкүл ата”, “Алтышка” тасмаларынын режиссёру, сценаристи, “10 жылдык”, “Секетим” жана башка тасмаларда роль жараткан Айбек Бектемиров менен маектештик. Маньяктын ролун жаратуу, биографиялык көркөм тасма тартуу сыяктуу кыялдары бар экен каарманыбыздын. Буга чейинки жашоосу да кызыктуу экен. Бишкектен Ошко жөө басып барган, чыгармачылыктан тышкары жүк ташуучу, мүрзө казуучу, талаада чөп жүктөөчү, официант болуп да иштеп көргөн. Алдыда Айбек мырзанын жашоосу менен кенен таанышабыз.

Туулган жылы: 1992-жыл, 18-май

Туулган жери: Баткен облусу, Лейлек району

Билими: Кыргыз мамлекеттик Юридикалык академиясынын сот-прокурордук факультетин бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы

– Саламатсызбы, Айбек мырза. Кайсы жактын кулуну болосуз?

– Салам. Мен Лейлекте төрөлгөм. 5 жашыма чейин Лейлекте жашап, андан кийин үй-бүлөбүз менен Чүйгө көчүп келгенбиз. Аламүдүн районуна караштуу Рассвет деген айылда жашадым. Биздин айылда мектеп жок, Озёрное айылындагы мектепке бардым. Кызыгы, мектепке 8 жарым жашымда баргам. Бул жакка көчүп келгенде үйүбүз жок болчу да. Батирден батирге көчө берчүбүз. Анан кайсы жакта отурукташсак ошол жактан мектепке беребиз деп жүрүп ушул убакыт болгон. Үйдө 5 бир туугандын үчүнчүсүмүн. 6-класста Мраморное орто мектебине которулуп, 11-классты ошол жактан бүткөм. Окууну бүткөндөн кийин ата-энемдин каалоосу менен Юридикалык академияга тапшыргам. Атам кичинемден прокурор, сот болосуң деп айтчу. Мен режиссёр болгум келерин айтсам, “биздин тукумда чыгармачыл адамдар болгон эмес, сен аны эмне кыласың” деп каршы болушкан. Айла жоктон окугам, жан дүйнөм такыр тартпай койду. Окууну бүткөндөн кийин тааныштар аркылуу сотко, прокуратурага, ИИМге, жеке юридикалык компанияларга жумушка кирүүгө мүмкүнчүлүктөр болду. Бирок барган жокмун.

– “Тамашоуго” студент кезде аралаштыңызбы?

– Жок, окуучу кезимде эле катышчумун. “Тамашоуго” келишиме классташтарым себепкер болгон. Классыбызда 3 кыз окучу. 10-класста 23-февралга ар бирибиздин мүнөзүбүзгө жараша дисктерди белек кылышкан. Мен тамашалашып, күлдүрүп жүрө бергеним үчүн “Тамашоунун” дискин беришкен. Ошол дискти көрүп кызгуу пайда болгон. Кийин өзүм сатып келип көрө баштадым. Мен дагы катышсам деп кыялданчумун. Бир күнү теледен “Тамашоу” жаңы командаларды чакырат” деген жарнама көрүп калып чалып сүйлөшүп, классташтарымды чогултуп команда түзүп алып баргам. Студент болгондо да тааныш балдарды чогултуп команда түзүп баргам. Ушунчалык каалаптырмын, балдар каалабаса деле кыйнап алып бара берчүмүн. “Жетеленген ит ууга жарабайт” дейт го, кийинки оюндарга өтө албай койгонбуз, аябай жиним келчү. Анан эмне кылам деп ойлонуп, стендап форматында өзүм жалгыз чыга баштадым. Ошол жактан оюнга катышкан балдар менен таанышып, чогуу “Ассорти” командасын курап ойной баштадык. Премьер лигада ойноп жүрүп жогорку лигага өттүк, жогорку лигада ойноп фестивалдарды, оюндарды уттук. 2017-жылы 9-сезондо чемпион болдук.

– Алгачкы жолу кайсы киного тартылдыңыз?

- “Курут” тасмасында эпизоддук роль аткаргам. Андан кийин “Напарниктер”, “Напарниктер-2” жана башка тасмаларга тартылдым. “Он жылдык”, “Секетим” тасмаларында башкы ролго тартылдым. Бирок актёрдук талантым анча эмес экен деген ойдо калдым. Анткени Улук Чыналиев менен бир тасмаларда ойноп калдым да. Улук өзүнүн актёрдук чеберчилиги менен “жеп” салды, жакшы мааниде айтып жатам. Улук кыйын актёр, ал таланты менен көптөгөн актёрлорду артта калтырат. Анын фонунда биздики анча болбой калды.

– Режиссёрлукка кайсы учурда кириштиңиз?

– Тартуу талаасында жүргөндө режиссёрлордун иштеп жатканын көрүп суктанчумун. Бир күнү досум бир тааныш байкени айтып, “байкеге продюсерлик кылып бериңиз, кино тартып көрөлү деп сунуш кылбайлыбы” деп калды. Айтсак байке макул болду. Ошентип “Өкүл ата” тасмасы тартылып калды. Нөл тажрыйба менен тартып баштагам ушул кинону, ага чейин кыска роликке да режиссёрлук кылган эмесмин, режиссурадан түшүнүгүм такыр жок болчу. Баналдуу нерселерди түшүнбөй, терминдерди билбей уят болгон учурларым көп болду. Азыр эстесем коркуп кетем, ушундай жоопкерчиликти алууга кантип духум жетти деп ойлойм. 33 миң доллар кеткен, бул кайтарылып бериле турган акча болчу. Бул кадамга барганым айла жоктун иши болду. Ошол кезде жумушум жок отуруп калып депрессияга түшүп кеткен элем, эмне болсо болсун дегем. Кудайга шүгүр, тасма өзүн жаап, киреше да алып келди. Комментарийлерде 80 пайызы “сонун болуптур, жакты” деп жазышты. Бирок мага комедия жакпайт, триллер, хоррор жагат. Чикатило сыяктуу маньяктын образын жараткым келет. Режиссёр катары азыркы кыялым – Таалай Бектурганов, Элмирбек Иманалиев сыяктуу чыгаан инсандар тууралуу биографиялык көркөм тасма тартуу.

– Режиссёрлукту окуюн деген оюңуз барбы?

– Сөзсүз окуйм. Мүмкүнчүлүк болсо Москвага барып курстарда окуп келүү оюм бар. Бирок окусам эле укмуш режиссёр болуп кетем деп ойлобойм. Бул кесипте фантазия, креативдүүлүк да маанилүү. Дүйнөнү дүңгүрөткөн режиссёр Квентин Тарантинонун режиссёрдук билими жок.

– Мындан башка кайсы иштерде иштеп көрдүңүз?

– Жүк ташуучу болуп иштегем, мүрзө казып, чөп жүктөп, Орусияда официант болуп иштегем. Уккан белеңиздер, 2021-жылы Бишкектен Ошко жөө баргам. Бул деле депрессиянын айынан болгон. Ошол кезде да жумушу жок жатып калдым. Бош болуп калсам эле депрессияга түшүп кетем. Ошондо “Самый большой дурак под солнцем. 4646 километров пешком домой” деген китепти окуп калдым. Китепте Кристоф Рехаге деген адам Кытайдан Германияга чейин жөө 2,5 жылда барыптыр. Мага да жагып кетти. Мен да ушинтсем кандай болот деп ойлоп, оюмду ишке ашырдым. 15 күн бастым. Жолдо ойлонгонго жакшы мүмкүнчүлүк болот экен. Өзүң менен өзүң сүйлөшүп, кээ бир долбоорлорду да ойлоносуң. Жаңы адамдар менен таанышасың. Муну менен хайп жаратайын деген оюм болгон эмес, жөн гана өзүмдүн эркимди текшергим келген. Жакында Бишкектен Ташкентке жөө жөнөп жатам.

– Ийгилик сизге. Кичи мамлекетиңиз жөнүндө айтсаңыз

– Жубайым менен социалдык тармактар аркылуу таанышканбыз. “Тамашоудо” ойноп жүргөндө ал Одноклассникиден мен жүктөгөн видеого “азаматсыңар” деп комментарий жазган. Анда 6-класстын окуучусу болчу. Кийин Инстаграмды карап отуруп бир кызга көзүм түштү. Сүрөттөрүн карасам, арасында кичинекей кезиндеги сүрөтү бар экен. Канча жыл мурда комментарий жазган кыз экенин таанып калдым. Ошентип сүйлөшүп баштаганбыз. Учурда 1 кызды тарбиялап жатабыз.

– Үй-бүлөңүздөн бакыт кетпесин. Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
demo009
2023-07-03 09:41:00
Суперинфо сүрөтчүңөр ишке чыкпай койдубу.
0
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан