ДЕПУТАТТАРДЫН КЫЗЫКТАЙ СУНУШТАРЫ

Кыргызстандын дүркүрөп өнүкпөй жатканынын себебин ар ким ар нерседен издейт. Кызыктай пикирлер бар. Бирөөсү “туунун өңү кызыл болгону үчүн өнүкпөй жатабыз” десе, башкасы “демократия жок үчүн артта калдык” дейт. Же тескерисинче, “демократия деп ээн баш өлкөгө айландык” дешет. Айтор, кулакка өөн угулган сунуш-пикирлерден Жогорку Кеңеште отурган депутаттар да куру эмес. Тизмектеп көрөлү...

Кундузбек Сулайманов 3 айдан кийин түштөн чочудубу?

Депутат Кундузбек Сулаймановду көпчүлүк парламентте Адахан Мадумаровго каяша айтуу үчүн микрофон талаша берген депутат катары тааныйт. “Мадумаров бизге акыл айтканды токтотсун” деп күйүп-бышкан депутаттардын сан башында турат. 2 жылда Кундузбек мырзанын кандайдыр бир көрүнүктүү мыйзам жазып чыкканы деле эсте жок. Кайсы жылкы тепкени белгисиз, жакында бул депутат ырчы Кайрат Примбердиевдин узун чачын сындап чыкты. Болгондо да тээ март айында, Нооруз майрамындагы концерттен көргөнүн түшүнөн чочугансып жай ортолоп калганда кыйкырып чыкпаспы.

– Өткөндө Нооруз майрамында бир ырчы чачын түйүп алып сахнага чыкты. Эркектин узун чач коюшу ата-тегибизде болгон эмес. Ал ырчы бизди дүйнөгө уят кылды,- деп балбалактап жиберди.

Кыргызды дүйнөгө ырчылардын стили, ырдоо манерасы эмес, парламенттеги кошоматчы, эрксиз, коркок депутаттардын жана саясатчылардын жоругу, тагдыр чечүүчү окуяларда башын кумга катып алган кайдыгерлиги уят кыларын эскертип койсок ашыкча болбос. Анын үстүнө ырчы Кайрат Примбердиев эл аралык сынактарда Кыргыздын желегин желбиретип жүргөнүн айта кетели...

Надира Нарматова кыздардын укугун чектегиси келет

Кызыктай сунуштары менен талкуудан түшпөгөн депутат Надира Нарматова 23 жашка чыга элек кыздарды жана аскерге барбаган жигиттерди Кыргызстандан чыгарбоону сунуштап чыкканы эсиңизде бардыр. Депутат ушундай жол менен алдын алып, жаш улан-кыздарды чет жердеги зордук-зомбулуктардан, азаптардан куткарса болот деген пикирде. Албетте, бул сунуш коомду бир дүрбөтүп, укук коргоочуларды ордунан тургузду.

Ага чейин депутат Шайлообек Атазов да 18 жашка толо элек кыздарды чет өлкөгө жалгыз чыгарбоо сунушун айтып төө бастыда калган. Депутаттар жапжаш уул-кыздар жыргаганынан чет өлкөгө иштегени кетип жатпаганын билбейби? Депутаттар мыкты мыйзамдарды жазып, өлкөдө жашоо жакшырса, иш орундары жетиштүү, айлыктар жогору болсо ошол жаш кыздар менен жигиттер Орусия же Европаны көздөй агылбайт эле го.

Арсланбек Малиевге туунун кызыл түсү баш оору...

Жети-өгүздүк депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандын туусунун кызыл түстө болушу өлкөнү өнүктүрбөй, буттан тартып жатат деген пикирде. Малиев кызыл түс СССР доорунда тандалганын баса белгилейт. "Тарыхты карасак, кыргыз желеги көк түстө болгон. Желектин түсүн көк түскө өзгөртүү керек, убактысы келди” деп чыкты жакында парламентте. Башка маселенин баары чечилип, туунун түсү эле калса, анда Малиевди коомчулук деле түшүнөт эле.

Азыркы тууга карата “түндүгүбүз кызыл жалында күйүп жаткандай көрүнөт” деген пикирди кармангандар арабызда көп. Кеп желектин түсүндө эмес, эл башкаруучулардын, алардын арасында депутаттардын мээсинде экенин биле жүрөлү. Кыргызга тили, дини, маданияты жагынан окшош Түркиянын желегин бир карап коюшса... Кыпкызыл туунун астында эле дүйнөлүк державага айлана алды.

Абдан орчундуу маселе: Садыр ава деп жазылабы, же аба деппи?

Кыргыз арибине “w” тамгасын киргизүүнү эл өкүлү Айбек Осмонов сунуштап чыкты бир жолу.

– Мен сүйлөгөндө "Садыр ава" деп кайрыла берем. Эгер кат жазып калсам "урматтуу Садыр "ава" деп жазамбы же "аба" деппи? Аба деген сөз кыргыз тилинде башка да маанини туюндурат, биз алфавитке “w” тамгасын кошушубуз керек,- деди Осмонов. “Лингвист” депутаттын мындай сунушу да коомчулукта нааразы пикирлерди жаратты. Урматтуу тил комиссиясы, балким, бул сунушту карап көрөрсүңөр. Болбосо “w” тамгасы жок кыргыздын “аба” деген сөзүнүн куну кетпесин.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан