Асылбек Насирдинтегин, дирижёр: «ЧУБАК САТАЕВ, БЕК БОРБИЕВДИН ЫРЛАРЫН ОРКЕСТРГЕ САЛЫП ЖАТАМ»

Адатта, дирижёр десе тыкан кийинип, “сыйкырдуу” таягы менен музыканттар тобун башкарган киши элестелет. Дирижёр Асылбек мырза кээде ырчы менен кошо ырдайт, ырдын маанисине жараша кийинет, айтор, өзгөчөлүк тартуулайт. Учурда Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана дирижёру Асылбек Насирдинтегин ой бөлүшөт.

– Асылбек ага, маекти чыгармачылык жолуңуздун кыскача баяны менен баштасак...

– Дирижёрлук – бала чагымдан келе жаткан тагдырым экен. Шубин атындагы музыкалык мектепте 5-класста окуп жатканда республикалык сынакка катышып, комузчулардын арасынан алдынкы орунду ээлегем. Анан сынактын жыйынтыктоочу концертине катышкам, мени Асанкан Жумакматов аксакал ошол концерттен көрүп калыптыр. Анан агайым Эмил Эсеналиевге келип, “ушундай балаң бар экен, мага бер, оркестрге ойнотоюн” деп сураптыр. Ошентип Жумакматов агай мени ушул оркестрге ээрчитип келген. Ал мага “музыкант катары жакшы экенсиң, мен сени кийин дирижёр кылам” деп көп айтчу.

Музыкалык мектепте комуз жана элдик ырдоо жаатында окуп, ал жерде Ашыраалы Айталиевден да сабак алып калдым. Орто мектептин 11-классын бүткөндө музыкалык мектепти да кошо бүтүрдүм. Андан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториядан комуз, үйлөмө аспаптар боюнча билим алдым. Азыркы тапта Улуттук консерваторияда симфониялык оркестрдин дирижёрлугуна окуп жатам. Дирижёрлук шык адамда тубаса болушу керек деп ойлойм. Жөнөкөй адам дирижёр боло албайт.

– Карамолдо Орозов атындагы оркестрде качантан бери көркөм жетекчисиз?

– Оркестрге көркөм жетекчи болгонума 1 жарым жыл болуп баратат, андан бери дээрлик толук репертуар алмашты. Максатым – оркестр элдин сүймөнчүгү болушу керек. Ошого жараша репертуар, солисттерди тандап иш баштадым. Буюрса, максатыма жетип келатам. Эл кадимкидей оркестрди сүйүп, тартынбай, жакшы кабыл алып жатат. Аны концерттерден байкап жатам.

Дүйнө жүзүн, Европадагы театрларды көп кыдыргам, дүйнөдө эң чоң театрлардын бири Карнеги-холлдо коюлган концерттерди көп көрүп, катышкам. Ал жактан оркестр менен элдин ортосундагы жогорку маданиятты, байланышты көрүп суктанчумун. Бизде болсо оркестрди милиция кызматкерин көргөндөй чочулоо менен кабыл алышчу. Эл менен оркестрдин байланышы репертуар аркылуу түзүлөт, ошондуктан эл сүйгөн ырларды оркестрге салып жатам. Мисалы, Барпы Алыкуловдун “Мөлмөлүм”, Муса атабыздын “Алма алам” ырларын салдым. Андан тышкары элдин дээрлик бүт катмары уккан обончуларыбыз бар, мисалы, Чубак Сатаев, Бек Борбиев. Алардын ырлары негедир оркестрге салынбай келген. Жолболду Алибаевдин “Дана кыз”, Жаныбек Алыкуловдун “Шорпо”, Максат Кулуевдин “Сезимдешим”, Аалы Туткучевдин “Кыргызстан” чыгармаларын салдым.

– Сахнада оркестрге чакан мюзикл, сюжет кошуп жатасыздар. Бул идея кимге таандык?

– Мен десем кичине мактангандык болуп калат. Азыркы маданият министри Алтынбек Максүтов, репертуар жөнүндө Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов менен дайым кеңешем.

– Оркестр канткенде кыргыз искусствосуна жаңылык киргизе алат?

– Менин максатым ошол – бир жаңы из калтыруу. Ошондуктан көп адамдар, солисттер менен да кеңешип, ортодон бир консенсуска келип иштеп жатабыз. Эл, көрүүчү – бул шайлоочу, концерт – бул шайлоо, элдин кол чабуусу – шайлоого добуш бергени, ар бир чыгарма – шайлоого талапкерлер. Канчалык эл кол чапса, талапкер өттү демек. Анан чыгарма издегенде элдин да жаш курагын эске алыш керек, анткени улуу муун, орто муун, жаш муун деген бар. Ошонун баары концерттен ырахат алып кетсе – биздин утуш. Мисалы, Аксай Мукамбетовдун жеке концертинде Бекжан Темирхандын “Эзилип бүттүм” деген ырын оркестрге салдык. Ырды Аксай аткарды, бул азыркы муундун ыры да. Албетте, орто муун, улуу муун муну түшүнбөйт. Бирок кийинки муун түшүнөт, жакшы кабыл алды.

Биздин концерттерге көбүнчө улуу муун келет. Мындай болбошу кажет, бардык муундун өкүлү келип, өзүнө ылайыктуу чыгарма угуп кетиши керек. 10-20 жылдан кийинки биздин негизги угармандарыбыз азыркы жаштар. Ушул себептен ортодогу аралыкты жакындатыш керек болуп жатат. Бирден-бир максатым – кыргыз искусствосунун оркестрде ойноо, оркестрлештирүү деген чеберчилигин жаңы деңгээлге көтөрүү. Эл азыр көзү менен маалымат алганды жакшы көрөт. Сахнада коюлуп жаткан номерлерди мини мюзикл кылып жатканыбыз ошондон.

– Оркестрге бардык эле ырды сала берсе болобу?

– Эгерде дирижёрдун фантазиясы, билиминин деңгээли жетиштүү болсо, дээрлик бардык ырды салса болот.

– Оркестрге жаңычылдык киргизүү аракетиңизди оркестрдин өзүндөгү адамдар кандай кабыл алып жатышат? Дегеле жетекчи болуш, аларды бир нукка келтириш жеңил эмес болсо керек?..

– Оркестр – чоң үй-бүлө. Азыр бизде 60 киши иштейт. Үй-бүлөдө ар кандай адамдар бар, тентеги, жоошу, тил алчаагы, оор басырыктуусу, таланттуусу. Дирижёр – бул ата-эне, ата-эненин айтканын бала дайым эле туура кабыл ала бербейт. Бирок убакыт өткөн сайын бала ата-энесинин айтканы туура экенине ынанат. Ага убакыт керек. Анан жаңылануу, жаңыча иштеп, жаңыча ыкма киргизүү дайыма сын көз карашты жаратат. Мунун баары мыйзам-ченемдүү көрүнүш. Мен бул жолдон өткөм, жанагы күүлөрүмдү, “Улуу көч”, “Балбал түн”, “Жалбырактар саргайганда” деген сыяктуу көп чыгармаларымды радио-телеге алчу эмес. Анан “мен өлгөндөн кийин баалана турган чыгармалар окшойт” деп ойлочумун. Ошол убакта эле көп сын укчумун, андыктан мен сынга көп көңүл бурбаганга үйрөнгөм, бул жерде деле ошондой.

– Музыкалык аспаптардын бир нече түрүн жасайт экенсиз, бул өнөр сизге кимден өткөн?

– Аспап жасаганга студент кезимде кызыгып баштадым. Көрсө, тайларым жакта да, атам жакта да устачылык бар экен. Ошол себептен бул өнөрдү тез эле өздөштүрүп кеттим. Чоордун бардык түрүн жасайм, сыбызгы чоор, чөгүлмө чоор, чопо чоор, жыгач ооз комуз...

– Жаңы музыкалык аспаптарды ойлоп таптым деп жатасыз, алар кандай аспаптар?

– Чертмек аспабы оркестрде колдонула баштады, комуздун кичинекейи. Кадимки комуз ала албаган жогорку үндөрдү алып берет. Келечекте комузга зым кыл тагып, күүлөнүшүн карап көрүш керек. Жарым-жартылай көзүм жетип турат, бул комуздун жаңы түрү болот. Андан сырткары биздин оркестрге жетиген аспабы кошулду, башка эч бир оркестрде жетиген жок. Былтыр бир аспаптык чыгарма, “Шаңшуур” деген күү жаздым. Атайын ошол чыгармага деп жаңы аспап жасаттым. Эки устундун ортосунда жезден жасалган табак илинип турат. Өкмөт, буюрса, жалпы эле Кыргызстандагы оркестрлердин аспаптарын алмаштыруу боюнча оркестрлерге акча бөлүп беребиз деп убада берип жатат. Бул ишке ашса оркестрдин чеберчилиги мындан да артат эле.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан