– Саламатсызбы, Эрнест ага? Сиз менен пандемия күчүндө турган 2020-жылдан бери маектеше элек экенбиз. Андан бери эмне жаңылыктар болду?
– Чоң деле жаңылык жок. Жыл сайын жасалуучу үй-жайды оңдоп-түзөө иштери менен алекмин. Элге жарыя кылбаган бир жаңылыгым бар, ушул жылдын январь айында уулдуу болдум. Ошентип 5 баланын атасы болуп калдым, 2 кыз, 3 уулум бар.
– Жакшы. Ырдабай калдыңызбы?
– Ооба, ырдабай калдым. Анткени 20га чыгып калган улуу балам ырчылыкка аттанып жатат, аны даярдап жатам. “Өзүм ырдагандан көрө, балам ырдасын” деп балама багаж топтоп жатам. Кудай буюрса, ырдап чыгат.
– Ийгилик каалайбыз. Куудулдук өнөрдүн, сатиранын азыркы деңгээлине көз карашыңыз кандай?
– Куудулдук өнөр 0 пайыз менен эле турат. Анткени Кыргызстанда ишенген күчтүү сатирик Рахман Разыков агайыбыз бар эле. Ал кишинин көзү өткөндөн бери жакшы сатиралар жазыла элек. Биздин куудулдар көбүнчө сатираларды башка элдерден которуп, сахнага алып чыгып жатышат. Анын үстүнө азыр концерттерге эл мурункудай келбей калды. Көпчүлүгү телефондон эле көрүп алат, жашоо мурункудай зеригичтүү эмес. Мурун он күндөп концерттер болчу эле. 2000-жылдары биз “Бешилик” менен 1 ай концерт койгон күндөр болгон. Азыр бир ай эмес, 5 күн концерт коё албайсың да. Замандын талабы менен азыр той көбөйдү, ал эми той ырчы, тамадасыз өтпөйт. Ошентип чыгармачыл адамдар мурун концерт менен иштесе, азыр той менен иштеп калдык. Элдин ой жүгүртүүсү башка, интернет алаксытат. Жадакалса жаш балдар көчөгө чыгып ойнобой калбадыбы, “по полям, по полям” деп эле телефонду карап отурушат.
– Сиздин балдарыңыз да карайбы?
– Биз чектейбиз. Аябай чектейбиз. Азыркы балдар бир көргөн нерсесин миң кайталап көрө беришет.
– Тартипке бекемсизби?
– Өтө баласаакмын. Көп эркелете берсең да бала чектен чыга баштайт, чектен чыкканда ата-энелик милдетти аткарып кичине башкарып коюп турабыз. Антпесең да болбойт.
– Мурдагы маектериңиздин биринде “сулуу кыз суйкайып өтүп баратса аны бир кылчайып карабаган эркек толук кандуу эркек эмес” деген экенсиз, дагы деле ушундай пикирдесизби?
– Ооба (күлүп).
– Жубайыңызга кандай жолдошмун деп ойлойсуз?
– Жубайыма жакшы эле жолдош болсом керек.
– Романтиксизби? Гүл бересизби?
– Жок, андай нерселерге күлкүм келе берет. Аялымда да андай түшүнүк жок, “гүл алып келип берейинби?” десем күлөт, “андан көрө балабызга бут кийим алып берсеңиз” дейт.
– Рахман Разыковдон кийин жакшы сатира жазыла элек дедиңиз, сиздер анын шакирттери катары куудулдук өнөрдү андан ары улантып кетишиңер керек беле?
– Рахман Разыков жаңы чыгып жаткан кезде ал кишиден да улуулар, улуу муун бар эле. “Эми биз булардай боло албайбыз” деп жүргөн кишилер кийин биз үчүн алп болушту. Биз деле ошондой түшүнүктөбүз, эми Рахман Разыковдой залкар, күчтүү сатирик азырынча жок. Бирок билинбей отуруп ошондойлор арабызда келаткандыр. Замандын талабы менен жаштар, тамашоучулар көп чыгып жатат, бирок кыска юморлор, сатиралар. Мурункуларга окшобосо да өздөрү жазып, ойлоп тапкан юмор-сатиралары менен арабызда өсүп келаткан катмар бар.
– Сценарий жазып, кино тартууну пландап жаткандырсыз, балким?
– Азырынча кино тартайын деген оюм да, аракетим да жок. Анткени мен бир нерсени 100 пайызга билем: кино тармагына мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулмайынча кыргыз киносу өнүкпөйт дагы, өспөйт дагы. Кино тарткандар 1-2ни тартып туруп, көңүлү калат. Анткени монополия, мисалы, “Манас” кинотеатрын бир киши көп жылга ижарага алып алган. Башка жерлерде кино койгонго тыюу салдырып, “кинотеатрларда гана коюлушу керек” деген сыяктуу өздөрүнчө бир эрежелерди киргизип, өздөрү каалаган бааны коюп алышкан. Мисалы, коюлган кинодон 10 миң сом акча түшсө, 5 миң сомун кинотеатр, 5 миң сомун кинонун ээси алат. Ошондо кинотеатр эч бир чыгым кетирбей туруп түшкөн пайданын жарымын алып коюп жатат. А кино тарткан, мисалы, мен деп коёюн, үйүмдү сатып бир кино тартсам, кино тартканга миллион сом акча кетсе, эртең ал кинону кинотеатрга алып барып койсом, мен кетирген миллион сом чыкпайт кайра. Анан чөнтөгүңдө тыйын жок же баягы үйүңдү саткан акчадан дайын жок. Мындайда адам экинчи жолу кино тарткысы келбей калат. Анан кантип кыргыз киносу өнүгөт?
– Кино тартып сиз да чоң чыгымга учурадыңызбы?
– Жок, биз кино тартууга кеткен чыгымды жаап, бир аз пайда таптык. “Атымды башка коёмун” деген кинону досум экөөбүз бирөөлөрдөн карызга акча алып тартканбыз. Ошол карызды төлөп, чыгымын жапканбыз. Биздин кинобуз жакшы болгон, көп жерлерде аншлаг менен көрүлдү. Бирок башкаларычы? Банкрот болгондор канча.
– Тамадалар деле азыркы күндө өзүнчө топ-топ болуп иштешет экен, сизде да команда барбы?
– Менде команда жок. Эптемей-септемей тамадалар бар го, ошолор команда болуп иштешет. Мисалы, мен 300 долларга той алпарам. Дагы бир тамада бар, 300 долларга жар-жарчысы, камерасы, бийчиси менен барат. Неге андай? Себеби аны көп чакыра бербейт, ошонусу менен кардар табат. Алар аялын жар-жарчы, балдыз-карындаштарын бийчи, баласына камера алып берип оператор кылып коюшат, айтор, эптемей.
– Маекти кайрымдуулук темасы менен аяктасак. Бул жаатта ишиңизди улантып жатасызбы же пандемиядан кийин токтодубу?
– Пандемияга чейин концерт коюп акча топтоп, “Өзгөн өнөрпоздору” деген жамаатыбыз менен карылар үйүнө көп барчубуз. Кээде жердештерибиз жардам сурап калганда тыйын чогултуп берип турчубуз. Анан пандемия учурунда активдүү болуп кеттик. Ал учурда баары үйдөн чыкпай жатып калды, күнүмдүк ырыскысын күндө тапкандарга, запасы жокторго кыйын болуп калды. Алардын үнү каякка жетет? Биз, артисттер эл менен байланышта экенбиз, социалдык тармактар аркылуу бизге чалып, жазып жатышты. “Үнүбүздү чоңдорго жеткиргиле, колуңардан келсе силер деле жардам бергиле” деп кайра-кайра жазып бизди отургуза койбоду да. Балдарынын чырылдап ыйлап жатканын видеого тартып жөнөтүшөт. Аларды көрүп унчукпай отура бергенге жүрөк чыдаган жок. Акыры кичине акча чогултуп муктаждарга жардам бере баштадык, анан башкаларга да үлгү болсун деп интернетке чыгардык. Максатыбызга жеттик, кайрымдуулук кадимкидей модага айланып кетпедиби. Баткендеги окуяда бүтүндөй Кыргызстан чыкты, айтор, өнөр адамдары кайрымдуулукту мода кыла алды. Мен ошол учурда 4 адамдын үйлүү болушуна себепкер болдум. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4-5 балага автоунаа алып бердик, такси кылып иштеп үй-бүлөсүн багып жүрүшөт.
Гулийпа Маметосмон кызы