СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Волейбол боюнча CAVA кубогунда Кыргызстан 2-орунду ээледи

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) Улуттар кубогунда экинчи орунду ээледи. Эркектер арасындагы турнир Чолпон-Ата шаарында 18-июндан 25-июнга чейин өттү. Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Түркмөнстан, Монголия жана Непалдын курама командалары катышты. Жетинчи болуп Кыргызстандын жаштар командасы катталган.

Бардык оюндардын жыйынтыгы менен кыргызстандык команда күмүш медалга ээ болду. Финалда кыргыз оюнчулары Иран волейболчуларына 1:3 эсебинде утулуп калды.

Турнирдин жыйынтыгы:

Иран – 1-орун;

Кыргызстан – 2-орун;

Монголия – 3-орун;

Өзбекстан – 4-орун;

Түркмөнстан – 5-орун;

Кыргызстан (жаштар курамасы) – 6-орун;

Непал – 7-орун.

Париж-2024: Күрөш боюнча лицензиялык турнир Бишкекте өтөт

Күрөш боюнча Париж Олимпиадасы үчүн лицензиялык мелдештердин бири Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайтына жарыялады.

Ага ылайык, Азия чөлкөмүндөгү балбандар 4 жылда бир өтүүчү бул ири спорттук иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүн Бишкекте талашышат. Ал эми Америка континенти Мексиканын Акапулько шаарында, Африка жана Океания аймагы Египеттин борбору Каирде, Европа мамлекеттери Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында күч сынашат.

Аталган мелдештерде Олимпиада оюндары үчүн жалпы 36 лицензия ойнотулат. Ал эми калган 54 лицензия Түркиянын Стамбул шаарында өтүүчү дүйнөлүк квалификациялык турнирдин жеңүүчүлөрүнө берилет. Мындан тышкары ушул жылдын 16-24-сентябрь күндөрү Белградда өтө турган Дүйнө чемпиондугунда 90 лицензия өз ээлерин табат.

Белгилей кетсек, Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин Франциянын борбору Париж шаарында өтөт.
Кыргыз футболчусу Мирлан Мурзаев Вьетнам менен келишим түздү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын вице-капитаны жана чабуулчусу Мирлан Мурзаев Вьетнамдын Жогорку лигасындагы “Ханой” футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу “Ак шумкарлар” курамасы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, өткөн сезондо Мурзаев Индия чемпиондугунда ойногон, анда 11 беттеш өткөрүп, 2 гол киргизип, 3 голдук пас берген.

Белгилей кетсек, спортчу Кыргызстандын улуттук курамасында 2009-жылы дебют жасап, жалпысынан 59 беттеш өткөрүп, 16 гол киргизген.

Валентина Шевченко Алекса Грассо менен кайрадан беттешет

Кыргыз мушкери Валентина Шевченко чемпиондук курун тарттырып жиберген мексикалык Алекса Грассо менен кайрадан күч сынашат. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эки мушкердин беттеши 16-сентябрда Лас-Вегаста өтө турган UFC турниринин алкагында орун алып, кеченин башкы беттештеринин бири болот.

Эске салсак, Валентина Шевченко ушул жылдын март айында 29 жаштагы Алекса Грассого жеңилип, чемпиондук титулун тарттырып жиберген. Атаандашы аны 4-раундда аркасына өтүп, муунтуу ыкмасы менен утуп алган эле. Бул кыргызстандык мушкер кыздын 2017-жылдан берки биринчи утулушу. Ага чейин мекендешибиз чемпиондук курун 7 ирет ийгиликтүү коргогон.

Учурда UFC уюмунда жеңил салмактагы айымдардын рейтингин Алекса Грассо жетектеп турса, Валентина Шевченко 2-орунда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан