Гулия Айталиева, мугалим: “ОКУУЧУ – МУГАЛИМДИН КҮЗГҮСҮ”

Мугалим... Бул сөздүн күчү, керемети башкача. Анткени дүйнөдөгү бардык кесиптин ээлери мугалимден билим, тарбия алышкан. Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин статусун көтөрүү керек деген идеяны жайылтууда. Көп жылдык тажрыйбасы бар окутуучулардын бири – каарманыбыз Гулия Айталиева Аксы районунун Жерге-Тал айылындагы орто мектепте 41 жыл иштептир. Гулия айым кесибинин сырлары менен бөлүштү.

– Гулия айым, айтсаңыз, мугалим деген ким?

– Мугалим – окуучуларга келечекке жол көрсөтүүчү, билим берүүчү, адамдарга сый-урмат менен туура мамиле жасоону, мекенди сүйүүнү үйрөтүүчү адам. Балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүчү, психолог.

Башка кесип ээлеринен айырмасы – билимин балдарга өткөрүп бергенинде. Окуучу – мугалимдин күзгүсү, демек, мугалими кандай экенин балдарды карап билсе болот.

– Бардык эле адам жакшы мугалим боло алабы? Ал кандай сапаттарга ээ болушу зарыл?

– Өзүн өмүр бою өстүргөн, дүйнө таанымы кенен, изденгич, сабырдуу, жоопкерчиликтүү, сөзгө чечен, тапкыч, тамашакөй, жүрүм-туруму үлгүлүү болушу зарыл. Эң башкысы – балдардын жан дүйнөсүн түшүнө билиши кажет. Мектеп жана үй-бүлө бир команда болуп иштегенде гана ар тараптуу өнүккөн, тарбиялуу, билимдүү баланы чыгарууга мүмкүн экендигин сезе билиши керек.

– Айлыгы аз деп көптөгөн мугалимдер кесибин алмаштырып, башка ишке өтүп кетишти. Сизди балдардын күлкүсү жаңырып, китеп жыттанган мектептен эмне кетирбей калды?

– Мага балдардын тамчы суудай таза жан дүйнөсү жагат. Аларда чоңдор сыяктуу бирөөнүн байлыгына же атак-даңкына карап мамиле жасоо деген жок. Көз боёмочулук, бирөөнү сатып кетүү дегенди билбейт. Ошондуктан союз тарап, кыйынчылык кез келгенде да “мейли, башкалардай заңгыраган үйүм, кычырыган кийимим болбосун. Бирок бул дүйнөдөн өтөрүмдө артыма кылчайып караганымда миңдеген балдардын жашоосуна билим шамын жакканымды, алардын адам болуусуна салымымды кошконумду сезсем болду” дедим. Балдарга мурдагыдан да үйрүлүп түшүп, ого бетер изденип иштеп калгам.

– Сонун. Демек, кесип тандоодо жаңылбагандардын катарына кирет экенсиз...

– Мектепте окуп жүргөнүмдө экономист болгум келчү. Анткени так илимдерге жакын болчумун. Бирок Кудайдын өз планы бар деп коюшат го, ошондой болду.

Ыраматылык атам Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери эле. Ал “орус тилин билбегенимден согушта көп кыйналдым” деп калчу. Мени ошон үчүн орус класска берген. Мектепти жакшы окуп бүттүм. Адегенде жогорку окуу жайга тапшырып өтпөй калдым. Анан райондук билим берүү бөлүмүнө чакырышып, мугалим жетишпей жатканын айтып, мугалим болуп иштөөмдү сунушташты. Ошентип коңшу Жерге-Тал айылына орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштеп баштадым. Алгач кыйынчылыктар көп болду, бирок баарын жеңдим. Мектеп жетекчилиги моралдык колдоо көрсөтүп, балдардын баёо, таза дүйнөсү мени тартып кетти. Кийинки жылы педагогикалык окуу жайга тапшырдым. Ошентип мугалимдик менин тагдырым болуп калды.

– Мугалим изденгич болушу керек дедиңиз. Мисалы, азыркы шартта кандай ыкмаларды колдонуп окуучуларды сабакка кызыктырууга болот?

– Мен катардагы мугалимден тарта окуу бөлүмүнүн башчысы, көп жыл директор болуп иштедим. Ошондуктан айтарым, мугалим изденсе эле көп нерсеге жетишет. Мисалы, башталгыч класстын мугалими сабакты оюн түрүндө өтсө болот. Мекен таануу сабагын темага ылайык, кээде табият коюнунда өтүүгө мүмкүн. Жаратылыш тууралуу дил баян жаздырып, сүрөт тарттырып, гербарий жыйнатса да болот. Жогорку класстын мугалими сабакты баштаар алдында 5 мүнөт предметине жараша жаңылыктарды окуп же айтып берсе неге болбосун?! Ошондой эле окумуштуулардын фразаларын же өмүр баянын кыска айтып берсе да болот.

Айрым мугалимдер начар окуган окуучуларды оңою менен доскага чыгарышпайт. Антип балдарды четте калтырбай, оңоюраак тапшырмаларды берип, сурап, көтөрмөлөп турса, алар деле башка балдардай болуу колунан келерин сезип, өздөрүнө ыраазы болуп калышат.

Чек жок, сабакты ар кандай ыкмада өтсө болот негизи.

– Азыркы окуучулар адабий китептерди аз окушат, айрымдары такыр окубайт деп кейигениңизди окудум эле...

– Европа окмуштуулары изилдеп көргөндө мыйзамды бузган өспүрүмдөрдүн көбүнүн үйүндө адабий китептер болбогонун же болсо да окушпагандыгы белгилүү болгон. Китеп бул – баланын ой-кыялын өстүрүп, көп нерсени билдирип, боорукердикке, чынчылдыкка жана башкаларга үйрөтүп, тарбиялай турган курал. Окубаган баланын жан дүйнөсү жарды болуп калат. Андай бала мыйзамды оңой эле бузушу мүмкүн. Ошондуктан мен окуучуларымдан адабий китептерди окушун, ата-энелеринен ошондой китептерди сатып беришин талап кылган учурларым көп болот.

– Мектепте такыр окугусу келбеген, кызыгуусу жок балдар да болот. Эмне кылуу керек?

– Мугалим, бала, ата-эне ортосундагы чынжыр үзүлгөн. Мектеп жетекчилиги мугалим менен жекече сүйлөшүп, анын кетирген катачылыктарын тактап, эмне кылуу керектиги жаатында кеңештерди берүүсү кажет. Ата-энесине, балага түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баланы мектепке тартуу зарыл. Менин тажрыйбамда ушундай окуя болгон. Жогорку класстын окуучусу “окубайм” деп чыкты. Мугалимдери менен да, ата-энеси менен да сүйлөштүм, болбоду. Анан ал бала үйүндө огород сугарып же отун жарып жатса деле жанына барып отуруп алам. Окуп, кийин бир кесиптин ээси болушу керектигин айтам. Акыры ал мектепке кайтып келди. Кийин окуп, бир кесиптин ээси болду. Азыр мага жолугуп калганда “ошондо сиз болбогондо азыр жашоом кандай болмок, билбейм” деп ыраазычылыгын айтып калат.

– Мугалимден талап гана айтылбай, камкордук, мээрим да сезилип турушу керекпи...

– Бул туура. Мектепте көп балалуу же жетишпеген жашоодо жашаган үй-бүлөнүн балдары да кездешет эмеспи. Андыктан менин шкафымда дайыма жаңы дептер, ручка турчу. Ошондой балдардын дептери жок калса урушпай эле акырын партасына коюп койчумун. Бала мугалимден ушундай камкордукту, мээримди сезсе да көңүлү өсүп калат.

Мектептеги класстарга менин демилгем менен айылдагы ардактуу адамдардын, ардагер мугалимдердин ысымы ыйгарылган. Алар (же алардын бала-чакалары) 4-9-11-класстын жакшы окуган окуучуларына стипендия берип турушат. Бул да алдынкы окуучу болууга балдарга стимул.

– Сиз окуткан баланын кийин атактуулардын катарын толуктаганын көрүү да сыймык болсо керек?

– Окуучуларымдын арасында илимдин доктору, кандидаттары, спортто ийгилик жараткан чемпиондор бар. Убагында мектепте бий, күрөш ийримдерин уюштурганымдын да ийгилиги жакшы болду. Мисалы, Бекболот Мырзаназар уулу күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси.

Чет элдик аттуу-баштуу компанияларда иштеп жаткандары бар. Бул – эмгегимдин жемиши, ушуну менен сыймыктанам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан