КОБРА (Орусияга иштегени барып, бир сулуунун тузагына илинип, ак жерден кылмышкерге айланып кала жаздаган кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө чыгарма)

(Башы өткөн сандарда)

Бир аз басаңдайт да, кайра эле тартылышып ооруйт, чыдабай ордумдан туруп кетем. Акыры болбоду, уктамак тургай жөн эле чыдап жата алчудай эмесмин. Душка кирип муздак сууга жуунуп чыктым, болбоду. Арак ичип көрүш керек, мүмкүн эптеп уктап калсам эртең мененкиге чейин басылып калар. Ваня байкенин эшигин тыкылдатсам уктабай жаткан окшойт, дароо эле каалганы ачты:

– Арагыңыз барбы? Негедир башым чыдатпай ооруп жатат.

Капкагы ачыла элек бир бөтөлкө арак алып чыкты:

– Жетеби?

– Жетет, жетет. Бир-эки күндө алып келип берем.

– Акчасын эле бер, мындай арак бир эле жерде сатылат, баары бир таппайсың. Эртең таштап кет,- деп эшигин жаап алды.

Бөлмөмө кирип бир стаканга куюп ичип жибердим. Көп өтпөй башымдын ооруганы тып эле басылды. Жаным жыргай эле түштү. Эмне болду экен мынчалык ооругудай, өмүрү минтип башым ооруган эмес эле. Уйкум келе баштаган, бир маалда оюма бир нерсе кылт дей түшүп, ордумдан ыргып турдум. Кантип эле ушундай болсун? Эшикти акырын ачып коридорго чыгып, бутумдун учу менен басып ашканага жеттим. Светти күйгүзбөй, телефондун жарыгы менен ашкананын ар бир кычыгын тинтип чыктым. Дары-дармек, айтор, шектүү эч нерсе таппадым. Таштанды салынган бир чаканы полго оодарып салып бирме-бир текшере баштадым. Ошентип жатып бир дарынын кутусунун айрылган бөлүгүн таап алдым, тазалап чөнтөгүмө салып, дагы тинтип чыктым, башка бөлүгү табылбады. Таштандыны кайра чакага салып, тазалап коюп бөлмөмө кирип кеттим. Дарынын аты англисче экен, акыркы беш тамгасы турат. Дароо интернеттен ошого окшош дарыны издей баштадым. Андай акыркы беш тамгасы окшош 6 дары бар экен. Баарын салыштырып карап чыксам бирөөсү даана окшошту. Ал дарынын курамын, таасирин, баарын окуп чыктым. Адамдын кан тамырларын ичкертип жиберүүчү касиети бар дары экен көрсө. Бул дарыны колдонгондордун "отзывдарын" окуп чыктым. Баары эле "алма, жүзүм, шабдалы, өрүктүн ширесин ичпеши керек бул дарыны ичип жатканда, терс таасирин берет, ооруну күчөтөт" деп жазышыптыр. Кызык, Асел эмне Касыкени өлтүргөнү жүргөнбү? Касыкенин бокалындагы ширеге жүрөк оорусунун дарысы кошулуп, мен ошол ширени ичип алыпмын да. Муну Касыкеге тезирээк айтыш керек. Телефон номерин да жазып албаган экенмин. Ошондо Кайраттын "бул жердин менттери Аселдин колунда" деп айтканын эстедим. Же эртең эле Ваня байкеден Касыкенин номерин алып, эч кимге айтпай Москвага кетем да, ошол жактан туруп Касыкеге телефон чалып айтам. Касыке мага ишенбесе, ооруканага барып текшерилсе эле билинет. Кантип эле адамдардын акча үчүн бирөөнү өлтүргөнгө дити барат? Кантип эле ушундай кобраны жактырып калдым экен, чынын айтайын аны сүйүп да калган элем. Кантип сүйдүм экем мындай мыкаачыны. Кебетеси эми сулуу эмес, көзүмө бир суук элестей баштады. Саат түнкү экиден өтүп калыптыр. Арактан дагы бир аз ичип жатып алдым. Эч нерсе сезбей уктапмын, эртең менен саат тогуздарда ойгондум. Арактын таасири го, башым бир аз оорлошуп жатты. Арактын бөтөлкөсүн колума ала "закускага" бир нерсе карайын деп ашканага кирсем Ваня байке таштанды салынган чаканы алдына коюп алып андан бир нерсе издеп жатыптыр. Жүрөгүм "шуу" дей түштү, түндө мен таап алган дарынын кагазын издеп жатты бекен, андан башка эмне издемек эле. Мен киргенде чочуп кетип мени бир карады да, дароо ары карай бурулду. Чочуп кеткенин байкатпайын деди окшойт сыягы.

– Кечээ кечинде колумду жууп жатып шакегимди чечип койгон элем, таппай калдым. Таштандыга аралашып ушул чакага салынып кетпеди бекен деп издеп жатам, байкаган жоксуңбу?

– Жок, көрбөдүм,- деп кайдыгер унчуктум. Башым ооруп жаткандай түр көрсөтүп, үнүмдү каргылдантып чыгардым атайын. Муздаткычты ачып жегенге бир нерсе издей баштадым.

– Эмне, баш ооруп жатабы?- деп сурап койду Ваня байке. Сыр бербедим, билмексен болуп муздаткычтын алдында турдум.

– Түндө башым чыдатпай ооруду, арагыңызга рахмат, ичкенден кийин жеңилдеп калгандай болдум. Бирок дагы деле ооруп жатат башым,- деп туздалган помидор алып чыгып, калган аракты бөтөлкөсү менен көтөрүп ичип жибердим.

– Бүгүн иштей албайт окшойм, дем алсамбы бир күн? Касыкелер келбейби?

– Ким билет, бир нерсе деш кыйын. Эс ала бер, келсе деле эмне демек эле? Эмнеге ишке чыкпадың дешсе, башым ооруду дейсиң да. Мен да айтып коём.

– Макул, мен жаттым анда - деп чыгып кеттим. Бөлмөмө кирип, эшиктин жанында тыңшап турсам, 5 мүнөттөн кийин Ваня байке чыгып кетти. Терезеден карап турсам гараждар тарапка өтүп, көрүнбөй калды. Демек, Асел Ваня байке менен чогуу экен да, анын таштанды салынган чакадан шакек издедим дегени окшошпой калды. Дароо ашканага кирип, таштанды салынган чаканын ичинен пияздын калың аарчылган кабыгын таап, жанагы дарынын кагазын сууга бир аз нымдап, ошол кабыкка жармаштырдым. Кагазды издешкен болсо, аны чакадан бирөө алып койгону деген аракетим эле. Ошол кагазды кайра издеше тургандай сезилип жатты негедир.

Терезеден карап турсам, Ваня байке бир топтон кийин келип, бактагы гүлдөрдү сугара баштады. Мен башымды сүлгү менен ороп, сыртка чыгып топчанга жатып алдым. Бир аздан кийин сырткы дарбазанын ачыла баштаган үнү угулду. Уктагандай түр көрсөтүп ары карап жата бердим. Кулагым тигилер тарапта. Тыңшап турсам Асел машинесин өчүргөн да жок, шашып эле үйгө кирип кетти. Артынан эле Ваня байке да жөнөдү. Бир аздан кийин экөө сыртка чыгышты. Байкашымча, Аселдин маанайы көтөрүлүп калгандай, Ваня байке менен бир аз сүйлөшүп турду да, машинесине отуруп зуу койду. Ваня байке жаныма келип:

– Руслан, уктап жатасыңбы?- деди. Жооп болбогон соң: – Макул, эс ала бер, Аселге айтып койдум. Бир-эки күн эс алсын деди.

Ушуларды айтты да, ары басып кетти.

Бир убакта Ваня байке гараждагы Аудини айдап бир жакка жөнөп кетти. Ал кетери менен ашканага кирип, таштанды салынган чакадан жанагы дарынын кагазын таппай койдум... Демек, чын экен да... Саматка чалып Касыкенин номерин сурасам "менде жок" деди. Ооруп калгандан кийин номерин алмаштырып, жаңы номерин Асел эч кимге бербейт экен. Ваня байкеден сурабадым, андан сурадым дегенче иштин бүткөнү. Демек, Касыкенин келишин күтөм, бир ыңгайын таап өзүнчө жалгыз калганда баарын айтып берип, бул жерден кетип калам.

Эртеси эрте туруп ишти баштадым. Ваня байкени көрбөйм деле, тамактануу маалында гана топчанга чакырат, анча-мынча эле сүйлөшпөсөк, көбүнчө унчукпай отуруп тамактанабыз.

Ал бөлмөсүнө кирип кетет, мен бассейнге түшүп, анан топчанга жатып бир аз уктайм да, кайра ишимди уланта берем. Шартымды ойлондум, азырынча акчам жок каякка барат элем. Тез-тез иштеп, 3-кабаттын ишин толук бүтүрсөм акымды алам да, кетем бул жерден. Коопсузураак бир жерге барып алсам, анан деле айтып жетишермин Касыкеге. Акчам жок кайда бармак элем.

Эртең мененки саат 5те туруп тамактанып алып, саат 6да ишти баштап, кечки саат 10го чейин иштеп жаттым. Бир жума дегенде, үчүнчү кабаттагы ишимди бүттүм. Эч кимиси келген жок, айла жок 2-кабаттын ишин баштадым...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан