БАЛА ЭМНЕГЕ КАЛП АЙТАТ?

Бала коркконунан же жөн эле мактангысы келип калп айтат. Мындай учурду ата-энеси же жакындары чоң трагедия катары кабылдайт. “Баланын калп айтканын калтырам деп урушуу же жазалоо менен баланы чүнчүтүп салабыз”,- дейт 22 жылдан бери балдар, ата-энелер менен иштешип келе жаткан психолог Асел Суюмбаева.

БАЛДАР КАНДАЙ МАКСАТ МЕНЕН ЧЫНДЫКТЫ ӨЗГӨРТҮШӨТ?

– корккондо

– жагымсыз жагдайдан качуу үчүн

– көңүл бурдуруу үчүн

– кандайдыр бир пайда алуу үчүн

– уялганда

– ата-энесинин же жакындарынын көзүндө мурдагыдай жакшы бала болуп калуу үчүн

– мактангысы келгенде

– коргонуу же коргоо үчүн

КАЛП АЙТУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Жашоодо же айлана-чөйрөдө чындыгында болгон нерсени өзгөртүп айтуу калп айтуу болуп эсептелет.

Баланын калп айтуусу канча жаштан башталат?

– Баланын калп айтуусу 2-3 жаштан эле башталат. Мисалы, баланы сийем деп айтууга көндүрүүдө бала шымына сийип салса кабагыбызды бүркөп, колубузду кезеп "муну ким кылды?" деп сурайбыз. Ким кылганы белгилүү нерсени сурап баланын калп айтуусуна жылчык таап берип жатабыз. Бул убакта бала, албетте, "мен эмес" деген жооп узатат. Минтип коркутуу менен калп айтууга мүмкүнчүлүк түзүп бергенден сырткары, кабагыбызды бүркөп, урушуп, кол кезөө менен табарсыгын бошоторго келгенде эмне кыларын билбей калган стресске да жеткиребиз.

БАЛАНЫН КАЛП АЙТЫШЫНА ЧОҢДОР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

– Бала көбүнчө корккондо калп айтат. Ал чындыкты айтканда чоңдор ачууланып, жазалап, туура эмес реакция кылабыз. Ошондон кийин бала чындыкты айтканга болбойт турбайбы, аны айтсам жаман абалда калат экем, уруш же таяк жейт экем деп чечип, такай калп айтууга өтүшү мүмкүн. Бала кимге көп калп айтып жатса, демек, ошол адамга чындыкты айтуу коркунучтуу, ал адамдан коркот деп түшүнсөк болот.

КАЛП АЙТКАНЫН КАНТИП ТОКТОТУУ КЕРЕК?

• Жаш курактагы балдардын мактаныч же өзүнө көңүл бурдуруу үчүн айтылган калптарына маани бербей, сөздү башка багытка буруп кеткен жакшы.

• Ата-эненин же жакындарынын өзүн баалоосу канчалык ылдый болсо деле бала үчүн алар өспүрүм куракка чейин же андан кийин деле идеалдуу адам саналат. Буларга ишенсе болот, булар баарын билет, булардын сөзү мыйзам деп. Ошондуктан алгач өзүбүз калп айтпашыбыз керек.

• Баланы андан ары чүнчүтүп, мүнөзүн өзгөртүп жибербеш үчүн ата-эне же жакыны урушуп, басынтып, жазалаган сыяктуу туура эмес кадамдарга барбашы керек. Андан көрө аны түшүнгөнгө аракет кылып, өзүн колго алганы оң. Ал сизге ишенгендей жагдай түзүңүз.

• Шашпай отуруп сүйлөшүңүз. Эмнеге калп айтканын билип, анан “балам, мен сенин эмнеге калп айтканыңды түшүндүм. Ооба, сенин оюңча башка жол жок болуп калды, бирок кандай болсо деле бул калп, мындан кийин чындыкты айтууга аракет кыл. Анткени бир калп кийинкилерин ээрчитип келет, бирөөгө калп айтсаң, экинчисине да ошондой окшоштуруп калп айтыш керек. Анан калпты желе сымал өзүң токуп көбөйтүп, акырында ошого өзүң түшүп калышың мүмкүн. Анан ишеничтен кетип, токуган желеден чыга албай кыйналып каласың” деп жайбаракат отурганда же картошка аарчып, сейилдеп жүрүп деле баарылашып түшүндүрүп койсо, жүз пайыз кепилдик берем, бала сөзсүз түшүнөт. Канча жашта экени маанилүү эмес.

• Бала канча жашта болсо деле "калпычы", "алдамчы", "мен сага ишенбейм" деген сөздөрдү айтпаңыз. Мындай сөздөр бала дегенибиз менен оор тийет, жан дүйнөсү жабыркайт, басынат. Бала кандай болсо да ата-энеси аны колдоорун, ишенерин, катачылык кетирсе кечирерин билсе, анда эч качан калп айтпайт.

КАЛП АЙТУУ АДАТЫ КАЧАН ЖОК БОЛОТ?

– Бала атайын калп айтпайт, бул бала өсүп жаткандагы психологиялык процесстер, чоңоюп жатканынан кабар берген бир белги деп кабыл алыңыз. Калп айтуу деген жаңы түшүнүктү өзүнөн өткөргүсү келет. Болгону өзүн-өзү таанып көз карашы өзгөрүлгөн сайын жана тарбиянын негизинде калп айтам же калп айтпайм деген чечимге келет. Такай калп айтуу чанда гана кезигет, демек, бул туура багыт берүү, түшүнүшүү менен жок болуп кетүүчү көрүнүш.

АТА-ЭНЕДЕН ЖЕ УЛУУЛАРДАН КОРКУУ – БУЛ СЫЙ ЭМЕС!

– Азыркы балдар төрөлгөндө эле эркиндикти сүйгөн, өзүн баалаган, өзүнө карата сый мамилени талап кылган канаты бар балдар. Өз оюн бетке айтышат, тайманышпайт. Булар чынында эле бизге караганда көптү билишет. Демек, биз мындай элек, тигиндей элек, Совет доорунда дебей, буларды ушундай өзгөчөлүгү менен кабыл алалы. Урушуп, чаап салгандан эч кандай пайда таппайбыз. Ата-энеден же улуулардан коркуу – бул сый эмес! Корккон бала эле жогорудагыдай калп айтууга, басынууга өтөт, акыры барып мүнөзөнүн өзгөрүшүнө алып барат. Азыркы замандын талабына ылайык балдар өссүн десеңиз аларга туура мамиле жасоо кажет. Адам өзүн-өзү таанып билсе, өзүнө туура мамиле жасаса анан балдарына же башкаларга туура мамиле жасайт.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан