ЖАЙЫНДА КӨП КЕЗДЕШЧҮ ООРУЛАР

Жай – оорунун айрым түрлөрүнөн жабыркагандар үчүн кооптуу мезгил. Ысыкта ансыз да эки эсе күчтөнүп иштеген организмге кээ бир дарттардын күчөшү кошумча жүк болот дешет адистер. Алар кайсы оорулар? Билгендер, маалымат кампасын жаңылап, билбегендер билип алсын дедик. Макаланы даярдоого терапевт Бурул Иманалиева көмөктөштү.

ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫ

Жайкы ысыкта организмде зат алмашуу тездейт, ушундан улам жүрөктүн согушу ылдамдайт. Тер көп бөлүнүп чыгып, организм денедеги суюктукту көп жоготот. Тер менен кошо организмден микроэлементтер да чыгып кетери белгилүү. Суюктук азайганда кан коюуланат да, жүрөк чыңалып иштөөгө өтөт. Коюуланган кан ички органдардын калыптагыдай иштөөсүн бузгандан тышкары, кандын уюп калуу коркунучун жаратат. Кандын курамындагы кычкылтек азайып, баш ооруйт, дем алуу оорлойт, айрымдардын башы айланышы мүмкүн.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар дарыларын үзбөй ичип, зарыл иши болбосо көчөгө чыгышпаганы жакшы. Витамин топтоо үчүн жер-жемишти көбүрөөк жеп, алардын жаңы сыгылган ширесин ичүү зарыл. Айрыкча өрүктүн ширесин. Анткени анда жүрөккө азык болуп саналган калий бар. Тамак-ашка жашылчаларды көбүрөөк кошуу сунушталат.

БӨЙРӨК ООРУЛАРЫ

Ысыкта суюктукту көп ичүү бөйрөктү 2 эсе чыңалып иштөөгө түртөт. Анткени бөйрөк кандын курамындагы сууну толук чыпкалоого жетишпейт да, ашыгы денеде кармалып калып адам шишийт. Сууну аз ичүү да бөйрөккө күч келтирет. Башка органдардай эле иштөөсү начарлайт.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Адамга салмагынын 1 килограммы үчүн 30-60 миллилитр суюктук ичүү сунушталат. Мисалы, салмагыңыз 50 килограмм болсо күнүнө 1,5 литр суюктук талап кылынат (оор жумуш кылганда мындан көбүрөөк). Бөлмө температурасындагы сууга 2 чай кашык бал аралаштырып ичсеңиз жакшы. Жемиш кактардан компот жасап ичүү сунушталат. Майлуу, куурулган тамак-аштан баш тартып, туздун өлчөмүн азайтуу кажет. Газдалган таттуу суусундуктарды унута турганыңыз туура. Анткени алар чаңкоону кандырбайт, тескерисинче, суусатат. Курамында кант көп болгондуктан кандын коюуланып кетишине да шарт түзөт.

АНГИНА

Ангина (тонзиллит) жылдын суук мезгилинде гана эмес, жайында да көп кармайт. Себеби чаң, бактериялар, ысыкта абдан муздак суусундуктарды ичип алкым бездерин сезгентип алуу.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Жуулбаган жер-жемиштерди жебеш керек. Анан балмуздактан кийин дароо ысык тамак жеп же ысык тамактан кийин муздак ичпегенге аракет кылуу зарыл. Ангина жугуштуу оору болгондуктан ооруп калган адамдын идишин жана буюмдарын колдонбоо сунушталат.

ЖАЙКЫ ДЕПРЕССИЯ

Күзгү жана жазгы депрессия деген түшүнүк кеңири жайылган. Ал эми жайкы депрессия деген эмне? Жайындагы шалдыроо, маанайдын жоктугу, ой жүгүртүү менен эс-тутумдун начарлашы, тез чарчоо – бул организмден магнийдин тер жана заара аркылуу чыгып кетишинде. Магний – нерв системинин калыптагыдай иштешинде маанилүү ролду аткарат.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Сөзсүз түрдө курамында магний бар азыктарды колдонуу керек. Аларга эт, сабиз, шпинат, картошка, өрүк, шабдалы, малина, кулпунай, гречка, грек жаңгагы, төө буурчак, күн карама жана башкалар кирет.

ТЕРИ ООРУЛАРЫ

Күнгө күйүп калганда тери алдындагы липид майларынын кычкылдануусу жүрүп, Е витамининин азайышына жеткирет. Натыйжада теринин клеткалары жабыркап, тери бузулат. Башкача айтканда, териде так, сепкил, бүдүрлөрдүн пайда болушу байкалат. Тери серпилгичтигин жоготуп, бошоп, жукарып, бырыш түшүп, картаюу процесси тездейт. Күнгө ашыкча күйүү иммунитетти алсыратат.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Жайкысын пахта жана зыгыр, жибектен тигилген жеңил, кенен, кол-бутту жаап туруучу узун кийим кийүү зарыл. Сыртка чыкканда күндүн зыяндуу нурларынан сактоочу крем сүйкөнүү шарт. Баш кийим кийиңиз, ысыкта узакка жүрбөңүз.

ОТИТ

Көлмө, бассейндерде микроб, вирустар болот. Сууга чөмүлүүдө кулакка суу кирсе, суу менен кошо вирус-бактериялар да кирип, сезгенүүнү же өнөкөт отиттин козголушун жаратат.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Сууга түшкөндө кулактын тешигин бүтөп, жаап туруучу каражатты колдонуу зарыл. Киринип бүткөндө кулактын ичин, тегерегин спиртке чыланган кебез менен сүртүү да сунушталат. Өнөкөт отити барлар жанына кулакка тамызуучу дары ала жүрүшү кажет.

АСТМА

Чаң, автоунаалардан чыккан газ, түтүн астма оорусу барлардын оорусун күчөтөт.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Чаң, өсүмдүк чаңчалары аба менен үйгө кирбеши үчүн эшик, терезелерди жабуу зарыл. Көчөдө жүргөндө медициналык беткап тагынуу оң.

КҮН ӨТҮП КЕТҮҮ

Тердин бөлүнүп чыгышы – организмдин өзүн-өзү салкындатуусу, терини күйүп калуудан сакташы. Суюктукту аз ичкенде, күн нурунун алдында узак жүрүүдө кан коюуланат, кан тамырлар кеңейет, артериалдык кан басым түшөт. Мындайда адамга күн өтүп кетиши толук мүмкүн. Адам шалдырайт, кускусу келет, башы айланат, ал тургай эс-учун жоготушу ыктымал.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Суюктукту жетиштүү өлчөмдө ичип, күндүн өтүп кетишинен сактануу оң. Күн өтүп, эс-учун жоготуп кулаган адамды дароо көлөкө жерге жаткырып, башына муздак сууга чыланган матаны басуу зарыл. Анан, албетте, “Тез жардамды” чакыруу зарыл.

ТАМАК-АШТАН УУЛАНУУ

Жайкы ысыкта даяр тамактардын колдонуу мөөнөтү өтө кыска болот. Анткени бактериялар ысыкта бат көбөйүп, тамак-ашты бат керектен чыгарып коёт. Сактоо эрежеси бузулган, ысыкта сыртта туруп калган азыктарды жегенден баш тартуу керек. Болбосо ичеги инфекциясына, тамак-аштан ууланууга жол берген болосуз.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Базардан же дүкөндөн азык-түлүк аларда жарактуулук мөөнөтүн караңыз. Йогурт, хот-дог, шаурма, гамбургер, торт сыяктуулар өтө тез бузула тургандыгын эске алып, убагында жеп коюу керек. Колдон келсе, көчөдө, айрыкча санитардык эрежелер сакталбаган жерден тамак-аш жебеңиз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан