ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 10-июлдан 16-июлга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Сүйүүңүз менен бөлүшүүгө даяр болуңуз, жакындарыңыз үчүн канчалык баарына даяр экендигиңиз сыналат. Күч, амбиция, мүмкүнчүлүктөрүңүздү туура багытта колдонууну үйрөнүңүз. Апта ортосунда сизди каржы жана кесиптик чөйрөдө болуп көрбөгөндөй ийгилик коштойт. Бардык бош убактыңызды ден соолукка көңүл бөлүүгө жумшаңыз, медициналык текшерүүдөн өтүү сиздеги өнөкөт оорулардын алдын алат. Диета кармоого – туура тамактанууга убакыт келди.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Бийликти, жетекчилик кызматты көздөгөн букачарлар максатына жетишет. Бул сизге таң калычтуу болбойт, сиздин алдыңызда дээрлик бардык эшиктер ачылат: бизнес боюнча жолугушуулар, каржылык мүмкүнчүлүктөр, келечектүү келишимдер. Жеке жашоодо түгөйүңүзгө романтика тартуулаганды унутпаңыз, эртең мененки тамакка жумуртка кууруп койсоңуз деле жан шеригиңиз бул аракетиңизге төбөсү көккө жеткиче кубанышы мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Идеялардын жана энергиянын чыныгы генератору болосуз. Сиз сунуштаган ар бир тема талкуунун маанилүү бөлүгүнө айланат. Ошол эле учурда бардык нерсени ченеми менен колдонууну билип, майда-чүйдө нерселерге чачырап кетпешиңиз керек. Апта башында кыска иш сапарларды жана маанилүү жолугушууларды пландаштырсаңыз болот. Дем алыш күндөрүн жашоонун ызы-чуу агымынан алыстап, жаратылыш коюнунда өткөрүүнү сунушташат жылдыздар.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Эң жогорку чеберчиликтеги дипломат болушуңуз шарт. Сылыктык менен гана алдыга койгон пландарыңызды ишке ашыра аласыз. Кесиптик чөйрөдө сизге кызыктуу жана келечектүү сунуштар түшүшү мүмкүн, негизги милдет – эмнеси чын, эмнеси жалган экенин түшүнүп алышыңыз керек. Сүйүүдө мамилелерди жаңы тепкичке көтөрүү аракетиңиз турат, бирок ал үчүн эки адамдын тең каалоосу болушу шарт. Азыркы абалда түгөйүңүздүн аракети байкалбайт.


АРСТАН (23.07–23.08)

Карьералык өсүш жана кесиптик пландарыңызды ишке ашырууга ылайыктуу учур. Өз оюңузду айтуудан жана жеке кызыкчылыктарыңызды коргоодон коркпоңуз. Ушул аптада күчүңүздү, энергияңызды калыбына келтирүүгө кам көрүңүз, бул үчүн сиз көрө элек кооз жерлерге кыска сапарга чыгуу же шаардан сырт эс алуу жакшы жардам берет. Эң негизгиси, сизге эмнелер жакшы эмоция тартуулаарын билип алууңуз шарт.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Жагымдуулугуңуз, сүйкүмдүүлүгүңүз карама-каршы жыныстагы өкүлдөрдү кайдыгер калтырбайт. Алдыда келечектүү, романтикалык таанышуу орун алышы күтүлөт. Каржы маселесинде бир аз кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн, бирок шашпай, бир аз сабыр кыла туруңуз, баары өз нугуна түшөт. Көп жыл кыз-жигит мамилесинде жүргөн бийкечтер мамилеңиздерди мыйзамдаштырууга убакыт келди. Туура тамактанууга көңүл буруңуз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Көйгөйлөрдүн баары сиз ойлогондой заматта чечилип калбайт. Чарчап турсаңыз, жумуштан тыныгуу алыңыз, эс алуунун да өз убагы бар. Жылдыздар сизге жумуштагы көйгөйлөрдөн бир аз оолактап, үй-бүлөдөгү жана балдар менен болгон маселеңизге көңүл бурууну сунушташат. Дем алыш күндөрүн кызыктуу өткөрүүнү жакындарыңыз менен биргелешип пландаңыз. Жакындарыңыздын бирине каржылык колдоо көрсөтөсүз.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Масштабдуу долбоорду баштабай туруңуз, учурдагы маселелердин баарын бүтүрүп, документтерди иретке келтирип, карыздарыңызды төлөп анан баштаганыңыз туура. Кесиптештериңизге жана бизнес өнөктөштөрүңүзгө токтоолугуңузду жана сылыктыгыңызды көрсөтүп мактоого арзыйсыз. Аптанын аягында пландаштырылбаган каржылык кирешелер болушу мүмкүн, аны туура пайдаланып, дароо негизги керектөөңүзгө жумшаңыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Жылдыздар сизге кесиптик деңгээлиңизди жогорулатууну, кошумча курстарды окууну жана кызыктуу конференция, мастер-класстарга катышууну сунушташат. Жаңы маалымат жана билимди сиңирип, дүйнө таанымыңызды кеңейте бериңиз, жакында анын сизге чоң жардамы тийиши мүмкүн. Канчалык убактыңыз тар болсо да, сүйүктүүңүз менен убакыт өткөрүүнү пландаңыз, романтика сизге керектүү энергия тартуулайт.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Акча, мансап, байлык сизди коштоп жүрөт. Бардык актуалдуу нерселерди жеке көзөмөлүңүзгө алып, аларды тайманбастык менен башкара аласыз. Токтоолугуңуз, этияттыгыңыз, кесипкөйлүгүңүз лидерлер жана өнөктөштөр менен келишим түзүүдө жаңылык жаратат, бул сиздин жашооңузду толугу менен өзгөртө турган кызыктуу сунуш түшүшүн кепилдейт. Мыйзам бузгандан этият болуңуз, укук коргоо органдары менен көйгөй арттырасыз.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Жыргалчылыгыңыз үчүн жемиштүү иштөөгө убакыт келди. Аптада сизди өмүр бою каржылык көйгөйдөн куткара турган ишкердикти ойлоп табышыңыз мүмкүн. Маанилүү жолугушууларды, документке кол коюуларды кийинки аптага пландаганыңыз туура. Физикалык абалыңызга көңүл буруп, спорт менен машыксаңыз болот. Сүйүүдө өзүмчүл болбоңуз, өзүңүздүн сезимдериңизди бийик коюудан түгөйүңүз менен келишпестиктер жаралат.


БАЛЫК (20.02–20.03

Ашыкча эмоционалдуулугуңуз жумушта да, үйдө да чыр-чатак жаратышы мүмкүн. Оор кырдаалдарды чечүүдө чыгармачылык жана стандарттуу эмес мамилени көрсөтүңүз. Шектүү сунуштар түшүшү мүмкүн, укмуштуу окуяларга аралашкыңыз келбесе жети өлчөп, бир кесип чечим чыгарыңыз. Нерв системине байланышкан ооруларыңыз күчөшү мүмкүн, андыктан майда-чүйдөгө кабатыр болбой, өзүңүздү ар тараптан алаксытыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан