БАЛАГА АПАСЫНЫН АТЫН БЕРҮҮ КЫРГЫЗДЫН ЭРТЕҢИНЕ БАЛТА ЧАБАБЫ?

Конституциялык сот 16 жашка толгондон кийин балага атасынын гана эмес, апасынын да атын ыйгарууга уруксат берди. Мисалы, Акматов Асан Гүлжанович... Тагыраагы, баланын документине “отчествонун” ордуна “матчествосун” жазууга уруксат сурап кайрылган жарандык активист Алтын Капалованын өтүнүчүн консот канааттандырды. Мындай чечим Кыргыз коомчулугун дүрбөтүп, эч кимди кайдыгер калтырган жок. Бир тарап “бул улуттун келечегине балта чапчу кадам” десе, экинчи тарап “жалгыз бой энелердин жашоосун жеңилдетүүчү демилге” деп жатат. Маселенин түпкү маңызы эмнеде?

Алтын Капалова, жарандык активист: “Эненин ысымын алып жүрүү – кылмыш эмес”

– 2021-жылы уулум менен кызым менин ысымымдан Алтынович, Алтыновна деген “матчество” алышкан. Документ даярдаган мекемелер Алтын – бул эркектин аты деп ойлошкон. Балдарыма энесинин ысымы берилгенин өзүм коомчулукка айтып чыккандан кийин Мамлекеттик каттоо кызматы мени сотко берип, берилген документтеги менин ысымымды жокко чыгарышкан. Ошондон бери баланын документиндеги атасынын аты жазыла турган жерге энесинин да аты жазылсын деген укук үчүн күрөшүп, соттошуп келем. Жакында, 30-июнь күнү Конституциялык сот менин арызымды жарым-жартылай канааттандырды. Тагыраагы, бала 16 жашка толгондон кийин атасынын ысымын алабы же энесиникинби, өзү чечсин деген чечим чыгарды. Мени өкүндүргөнү – балага төрөлгөндөн тарта эле эненин ысымын ыйгарууга болбойт экен. Учурда 16га чыгайын деп калган балам паспортуна “отчество” катары менин ысымымды жаздырууга камданып жатат. Бул жалгыз менин эмес, бүткүл аялдардын жеңиши деп ойлойм. Анткени – бул баланы төрөтүп коюп аны багууга, тарбиялоого катышпаган жоопкерчиликсиз аталарга чоң жаза болот. Сотто “мен 3 баланын энесимин, балдардын атасы жок (анткени алар жоопкерчилик алганды билишпейт), балдарыма сүйүү, мээрим, билим берип жатам. 9 ай курсагымда көтөрдүм, жеңишин, кайгысын тең бөлүшүп жашайм, ушулар татыктуу турмушта жашасын деп 5 жумушта иштейм. Анан эмнеге менин атымды алып жүрүүгө болбосун” деген таарынычымды айттым. Бирок баары эле кыргыздын көп кылымдык тарыхын, каада-салтын айтып тим болушат. Эненин ысымын алып жүрүү – кылмыш эмес экенин коомчулук билиши керек. “Эркекке жеке таарынычы, төлөнбөй калган алимент үчүн “матронимди” сунуштап жатат” деген кептер айтылып жатат, мага баары бир. Мындай адамдар ой жүгүртүүсүн кеңейтиши зарыл. Мени кемсинтип, шылдыңдап жаткандарга көңүл бурбайм.

Рысгүл Акимжанова, ишкер: “Отчество” дегенди жоюп эле салыш керек”

– Талкуу болуп жаткан “матчество” темасы – коомдун коркунучтуу көйгөйү, ага баарыбыз күнөөлүүбүз. Эми жыйынтыгына чычалабай, себеби менен күрөшүү керек. “Матчествону” берүүгө аялдарды түрткөн эркектер өзү. Аталар жоопкерчиликтүү болсо, бул нерсе көтөрүлмөк эмес. Аялдар аларсыз деле жашап кете аларын билишти, эми эстерине келишсин. Эркектана болбой, эр жигит болушсун. Илгери апалар балдарын жоого каршы чабышкан жоокер кылып тарбиялашчу, азыр аялдар менен “чабышкан” эгоист, майда типтерди тарбиялап жатабыз. Аялдар да эсибизге келе турган жердебиз. Эркектин баарын биз төрөп, биз өстүргөнбүз. “Кыздарды чекесинен чертип алып берем” деп кичинесинен “күкүктүк” психология менен тарбиялап, “менин гана сөзүмдү угушуң керек” деп апасынын сөзүнөн чыкпаган “подкаблучниктерди” тарбиялаган да биз. Негизи “отчество” деген оору бизге СССРден калган, башкаларда андай жок, анысы жок эле “уулу, кызы, тегин” деген кыргыздын сөздөрүнө өткөнүбүз туура.

Салайдин Эралиев, этнограф-тарыхчы: “Кыргызда баланын теги ата тараптан сүрүштүрүлөт”

– “Матчество” деген кыргызга өтө өөн көрүнүш. Кыргызда эзелтен баланын теги ата тараптан сүрүштүрүлүп келген. Бизде “жети атасын билбеген жетесиз кул” деген кеп бар. Жети ата – бул ата-текти билүүдөгү генеалогиялык түшүнүк, мааниси терең. Өз тегинин өтмүшүн, тарыхын, генетикасын билип жүрсүн деген нерсе. Мунун баары текти таза сактоо, каны аралашпаган таза урпактарды калтыруу, акылдуу, ден соолугу чың, ой жүгүртүүсү кенен, эске тутуусу феномендүү балдар төрөлүшү үчүн атайын бекитилген эреже. Ал эми “матчество” маселесин “баланын атасы жоопкерчиликсиз” деген жүйө менен көтөрүп жаткандардын максаты түшүнүксүз. Айымдар арасында “өзүм үчүн төрөйм, эркексиз эле жашайм” деген түшүнүктөгүлөр көбөйүп кетти. Балким, баланы кимден төрөгөнүн жашырыш үчүн ушул кадамга барып жатышкандыр... Жоопкерчиликсиз аталарды жазалоонун башка жолдорун деле тапса болот да, сөзсүз эле “матчество” менен чечиш керек беле? Жаңы мыйзамга ылайык, алимент төлөбөй качып жүргөн аталардын чет өлкөгө чыгышына уруксат берилбейт, канча жыл алимент төлөбөй жүрсө, баарын чогултуп бир тыйынына чейин төлөп берүүгө мелдеттүү. Андыктан бир адамдын көйгөйү үчүн бүтүндөй улуттун өзөгүнө балта чаппайлы.

Элнура Кулуева, жарандык активист: “Баланын атасыз экенин коомго ашкерелөө – балага катуу сокку”

– “Матчество” деген улуттун уңгусуна доо кетирүү, Кудайдын жана табияттын мыйзамына каршы чыгуу. Конституциялык соттун чала сабат чечими – нарк-насилди өлтүрчү кылмыштуу чечим. Баш мыйзамда улутту талкалай турган жашыруун “миналар” бар окшойт... Келечекте мунун запкысын тартабыз сыягы. Бул накта еврейлердин системи. Кыргыз жети ата сүрүштүргөн, генеалогиялык эрежени өтө терең караган улутпуз. Бул нерсени айрым күчтөр көптөн бери талкалай албай жүрүшөт. Ар бир бала тегин билүүгө укуктуу, ал эми тек деген түшүнүк атага таандык. Дин да, мамлекет да, табият да тегин сактоону максат кылат, бул кынтыксыз эреже. “Матчествого” өтүү – баланын атасыз экенин коом алдында ашкерелөө. Мындай ярлык бала үчүн чоң сокку болот. Алтын Капалованын өзүмчүлдүк аракети “мен жана мен” деген эле нерсе. “Матчество” демилгесин мен бир аялдын ызалуу “капризи”, грант алуу амалы жана гомосексуализимди жайылтуу аракети деп түшүнөм. Табият – баарынан улуу нерсе. Эркекти эркек, аялды аял кылып, бирине-бирин керектүү кылып жараткан. Эркек болбосо адам жаралбайт, эркектин миссиясы ушул. Аял адамды жарык дүйнөгө алып келет, бул – аялдын миссиясы. 9 ай көтөрдү, жалгыз багып жатат, атанын жоопкерчилиги... Муну тээ 11-маселе катары карайлы. Ал эми жогоруда мен санап өткөн нерселер менен адамзат кармалып, улут сакталат.

Нуржигит Кадырбеков, депутат: “Конституциялык сот элибизди уят кылды”

– АКШнын мурунку президенти Барак Обаманы тарбиялоого атасы катышкан эмес, ошого карабай президент болсо да атасынын атын алып жүргөн. Азыркы “матчество” маселесин көтөрүп жаткандардын жүйөсү жөн гана чыпалактан эптеп соруп чыгарган шылтоо-шынаасы. Конституциялык сот адилеттиктин ачкычы эмес эле, албарсты жасабас алешем, шерменде жорук-жосундун ана башы болуп калды. Бул органдын курамын эртерээк кайра карап чыкпаса, дагы канча чалмакей чалып, түздү кыйшайтат, тунукту ботко кылат, бир Кудай билет. Уюткулуу элди уят кылды. Бизде мамлекеттик мыйзам, таасири андан кем эмес бабалардын наркы, каада-салтыбыз бар. Аткаруу бийлиги ушуну жетекчиликке алып, бул чечимди ишке ашыруудан баш тартат деп ишенем.

Динара Ашимова, депутат: “Мыйзам – элдин менталитетине үндөшүп турушу керек”

– Бул жаатта мыйзамдарды карап чыктым, “матчество” Жаңы Зеландия жана Израилде бар экен. Укуктук жактан караганда деле кайсы бир мыйзам ошол элдин каада-салты, менталитетине туура келип, үндөшүп турушу керек. Азыркы тапта “матчество” деген демилгеге көпчүлүк каршы чыгып, атүгүл кыжырдануу жаратып жатат. Менимче, Конституциялык сот терең ойлонбой чечим чыгарды. Бирок өкмөт соттун бул чечимин колдобойт жана көпчүлүк элдин пикирин эске алат деп үмүттөнөм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан