4-июлда Индияда ШКУнун кезектеги жыйыны өтүп, анда Иран уюмга толук кандуу мүчө болуп кабыл алынды.
Бишкекте "Ала-Тоо" аянты, УКМКнын имараты сыяктуу бир катар жерлерде митинг өткөрүүгө болбойт деген чектөө ушул жылдын 1-октябрына чейин узартылды.
Кыргыз паспорту дүйнөдөгү күчтүү паспорттордун рейтингинде 67-орунду ээлегени жарыяланды.
Литвадан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө унаа тетиктерин ташып келе жаткандар кармалышты.
Өлкөнүн ЖОЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу сынактары 17-июлда башталат.
Депутат Айсара Абдибаева өлкө ичинде жарандарды сом менен гана соода кылууга милдеттендирчү мыйзам долбоорун демилгеледи.
Ташкент–Ысык-Көл–Ташкент багыты боюнча аба каттамы ачылышы мүмкүн.
1 айда Бажы кызматынан мамлекеттик казынага 9,8 миллиард сом түштү деп маалымдалды.
Оңдоп-түзөө ишине байланыштуу Оштогу “Сулайман-Тоо” музейи 5-июлдан 28-августка чейин жабык болот.
Ысык-Көл облусунун жетекчиси Ильяз Иманбетовго президенттин тапшырмасын татыктуу аткарбады деп сөгүш жарыяланды.
“Карышкыр” каймана аты менен белгилүү Мурсалым Умырзаков бир нече берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылды.
ИИМ: Жыл башынан бери өлкөдө 60тан ашык бала сууга чөгүп каза болду.
26-июлда Чолпон-Атада Кыргыз-Азербайжан бизнес форуму өтөт.
“Кадастр” мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип кармалышты.
Ош–Жидда багыты боюнча аба каттамын ачуу пландалып жатканы кабарланды.
Мукамбет Касымалиев Соттор кеңешинин тартип комиссиясынын төрагасы болуп дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.