– Биринчиси, бул мыйзамдуу жол менен чечүү.
Ал үчүн мыйзам чегинде, ар тараптуу, калыс, ачык соттук териштирүү керек. Экинчиси, мыйзамсыз жол. Бийлик 8 айдан бери ушул жол менен келе жатат. Бирок бул жолдун Кыргызстандын эл аралык имиджи үчүн жаман жагы “Жапаров-Ташиев бийлиги күнөөсүз адамдарды күчкө салып мыйзамсыз соттотуп жиберген деген ачуу чындык тарыхта калат. Үчүнчүсү, тил табышуу жолу. Бул кылмыш иши саясий иш. Ар кандай саясий иш сүйлөшүү жолу менен чечилет. Кемпир-абадчылар президент Садыр Жапаровго ишти сүйлөшүү аркылуу, “ит жыгылыш” варианты менен бүтүрүү сунушун бергенбиз.
“Ит жыгылыш” варианты боюнча кылмыш иши, кылмыш окуясы болбогонуна байланыштуу кыскартылууга жатат. Бул вариант боюнча жеңүүчү да, жеңилүүчү да болбойт, ар ким өз пикиринде калат. Кемпир-Абадды Өзбекстанга берген бийликтики туурабы, же ага каршы чыккандардыкыбы – эми бул тарыхтын ишине айланууга тийиш. Ушул мезгилде ИТ жыгылыш варианты Кыргызстандын келечеги, элинин ынтымагы, саясий стабилдүүлүк үчүн Кыргызстандын саясатчыларын консолидацияга келишине жол ачышы мүмкүн,- деди Бекназаров.
Саясатчы кемпир-абадчыларды соттотуп жиберүүдөн азыркы бийлик эч нерсе утпайт, тескерисинче, өзүнө күчтүү, радикалдуу оппозиция жаратышы мүмкүн деген да пикирин кошумчалады.