ШКУнун ЭЛ АРАЛЫК КЫЛМЫШТУУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ БОРБОРУН БИШКЕККЕ АЧУУ СУНУШТАЛДЫ

4-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити видеоконференция форматында өттү. Анда президент Садыр Жапаров ШКУнун эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборун Бишкек шаарына ачууну сунуштаганын президенттик администрация билдирди. Жапаров бул демилгени ишке ашыруу аймактык коопсуздукту камсыз кылууга, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана транс чек аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берет деп эсептейт.

Кыргыз президенти ооган көйгөйүн көңүл сыртында калтырбоого чакырды.

– Кыргызстан үчүн, биздин досторубуз сыяктуу эле, Ооганстандагы тынчтык жана туруктуулук – аймактык коопсуздукту камсыз кылуудагы артыкчылыктуу шарттардын бири болуп саналат. Кыргыз өлкөсү ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр жана Ооганстандын тынч жана туруктуу болушуна кызыкдар. Ошол эле учурда Ооганстандын ички иштерине кийлигишпөө принцибине берилгендигин белгилөө менен биздин өлкө ооган элинин тарыхый тажрыйбасынын, маданиятынын, каада-салттарынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн негизинде өз өлкөсүнүн келечегин аныктоо укугун сыйлайт,- деди президент Жапаров.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан