“МЕГАКОМ” БИР КОЛДОН ЭКИНЧИ КОЛГО ӨТКӨРҮЛӨТ

Мамлекеттик “Альфа Телеком” (МEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) компаниясынын 100 пайыз акциясы боюнча электрондук аукцион жарыяланганын 4-июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Баштапкы баасы – 14 миллиард 600 миллион сом экени, аукцион үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында өткөрүлө турганы айтылды.

Компаниянын аукционго коюлушу коомчулукта “кирешелүү ишкана жеке менчикке сатылганы жатат” деген сыяктуу нааразы сын-пикирлердин толкунун жаратты. Ушундан кийин президенттик администрация түшүндүрмө берүүгө аракет кылды.

– Компания жеке менчикке сатылбайт. Аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Демек, компания мамлекеттин карамагында эле калат,- деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 4-июль күнү.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев 5-июль күнү “Мегаком” сатылбайт, болгону Мамлекеттик мүлк фондунан Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өттү” деп жазды социалдык желедеги баракчасына.

Анда эмне үчүн аукцион жарыяланып, катышуучулар чакырылды деген суроого так жооп айтылган жок.

“Мегаком” – мамлекетке ири киреше түшүргөн ишканалардын бири. Азыркы тапта компаниянын 2,5 миллиондон ашык абоненти, 5503 станциясы жана 1292 кызматкери бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан