ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАРЫМ ЖЫЛДА 571 МИЛЛИОН СОМ КОРОТТУ

Жогорку Кеңешти каржылоого 2023-жылдын 6 айында мамлекеттик казынадан 571 миллион 752 миң сом жумшалды. Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, бул акчанын дээрлик 70 пайызы депутаттардын жана алардын жардамчыларынын, кызматкерлердин айлыгына сарпталды. Бул сумма 398 миллион 526 миң сомду түзөт.

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 57 миллион 200 миң сом, автоунаа жана алардын жабдыктары үчүн 21 миллион 339 миң сом, кызматтык иш сапарлар үчүн 15 миллион 540 миң сом коротулган.

2018-жылдын 6 айында Жогорку Кеңештин чыгымы 353 миллион 462 миң сомду түзгөн. 2020-жылдын 5 айында парламент 223 миллион 398 миң сом иштетип, мунун ичинен айлык акыга 152 миллион 702 миң сом сарптаган.

2019-жылы парламенттин 1 жылдык чыгымы 776 миллион 750 миң сомду түзгөнү расмий жарыяланган. Ал кезде Жогорку Кеңеш азыркыдай 90 эмес, 120 депутаттан турчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан