АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Кандай сюрприз? Акыркы сюрприздериңден кийин коркуп да калдым,- деп тамашалады Илим.

– Сага жагат. Мен ишенем, бул сага жагат,- деди жадыраган Айдай. – Илим, билесиң го, экөөбүз балалуу болууну пландап жүрбөдүк беле.

– Ооба.

– Менин боюмда бар. Буюрса, сен ата болосуң!

Илим уккан кулагына ишенбей, Айдайды таң кала тиктеп калды. “Бул эмне деп жатат?” дегендей көз караш. Бир маалда анан сөздүн маанисин түшүнгөндө ордунан ыргып турду.

– Эмне? Сен кош бойлуусуңбу? Айдай, жарыгым, эмнеге мага эртерээк айткан жоксуң?

– Корктум.

– Эмнеден корктуң?

– Бул абалдан, жашоодон... Мен дагы бир наристеге өмүр бере аламбы деп ойлодум. Буга эрким жетеби? Тагдырым кылдын учунда турганда бул балага эмне болот дедим. Анан сени ойлодум. Мен сени бул аталык бакыттан ажыраткым келген жок, биздин балабызды атасы коргоп алат деп ишендим. Мен эмне болсом да сен барсың. Ошол үчүн бул баланы төрөшүм керек деп чечтим.

Илим Айдайды кучактап алды. Кубанычтан эмне кыларын билбей аялды көтөрүп алып тегеретип жиберди. Айдай Илимдин кучагында көзүн жума берди. Эмнеге буга башынан эле айтпады экен? Илим баарын чечет! Ушундай чоң ишеним менен ал сүйгөнүнүн көздөрүнө тигилди.

– Бактылуусуңбу?

– Ооба да, ушул жашымда ата болот экенмин. Болгондо да ал баланын апасы сен, атасы мен!

– Ичиңде эч кандай шектенүү калбасын, Илим. Бул сенин балаң. Тиги... жаман окуя болгонго чейин эле боюмда бир айлык бар экен.

– Бир мүнөт да шектенген жокмун, жаным. Бул экөөбүздүн балабыз. Бирок сени бул жактан алып чыгышыбыз керек. Сага витаминдер зарыл, жакшы тамак ичишиң шарт. Өзүңдү жакшы кара, калганын мен чечем.

– Эмирге жолуктуңбу?

– Эки жолу алдынан тосуп чыктым. Мени көргөндө эле көрмөксөн болуп же качып кетип жатат. Такыр жакшы сүйлөшө албай койдум. Эмнеге мындай кылып жатат, бир билсем...

Айдай оор улутунуп алды. Эмир анын көкүрөгүндөгү эң чоң жарасы эле. Айдайды атасынын өлүмүнө себепчи деп ойлоп жатканы жанына батып жатты. Илимден номерин сурап, Эмирге телефон чалды.

Ушул учурда Эмир телефонун ашканага калтырып кеткен эле, Ажар уулунун телефонуна чалуу келгенин карап турду. Бирок алган жок. Бир кезде билдирүү келди. Акырын колуна алган Ажар андагы жазууну окуп алды. “Эмир, бул мен Айдай. Мен сенин атаңдын өлүмүнө эч күнөөлүү эмесмин. Суранам, мага бир келип кет. Мен сага бардык чындыкты айтып берем. Суранам, бир жолу мени ук. Анан кандай жыйынтык чыгарасың, өзүң чеч”. Ажардын каны кайнап чыкты. “Карасаң муну, чындыкты айтат имиш. Муну баланы берип сала электе ойлонушуң керек болчу. Чындыгың өзүң менен кетсин, менин баламда эч кандай акың жок”. Ошентип сүйлөнүп туруп телефондогу билдирүүнү өчүрүп салды. Эмир ашканага кирип апасынын кабагы түйүлө бирдемелерди сүйлөп жатканын байкады.

– Апа?

– Оув.

– Көзүңүзгө дагы деле бирдеме көрүнүп жатабы?

– Жок, каралдым. Мындай эле, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жатам. Сен тамак ичтиңби?

Эмир чөгөлөй калды. Апасынын көздөрүнө тике карады.

– Мени коркутпачы, апа. Мурунку апамды аябай сагындым мен. Күндөн-күнгө башкача болуп баратасыз. Мен сизди психологго алып барайын. Эч болбоду дегенде ичиңиздегилерди айтып алсаңыз жеңилдейсиз.

Ажар уулуна тиктеп турду. Бирок ал уулун көргөн жок. Ичинен Айдайдан кантип коргонуу керек деген ой менен алышып жатты. Кабактары чытыла берди, да өкүм үн катты.

– Сага Илим деген неме телефон чалдыбы?

– Ооба, чалды. Ал тургай университетке да келди. Жолуккум келбеди. Эмне деп айтарын билип турам.

– Туура кыласың, аны менен да, Айдай менен да жолукпа. Бул эки адамды жашооңо киргизбе.

– Апа, мен алар тууралуу кеп кылбай элемин, сизди ойлонуп жатам. Дайыма өзүңүз менен өзүңүз сүйлөшүп жатасыз. Кимгедир ызырынасыз. Көзүңүзгө атам көрүнүп жатат, эгерде сиз мени угуп психологго барсаңыз, мен да тиги экөө менен жолукпайм деп сөз берем.

Ажар бир топко ойлонуп калды. Акыры оор үшкүрдү.

– Макул, барайын. Сен каалаган нерсенин баарын жасайын. Болгону сен аларга жолукпа.

Эмир апасынын колдорунан өөп, макул дегендей башын ийкеди.

ххх

Илим Айдайга жолуккандан кийин ого бетер эмне кыларын билбей калды. Анын кош бойлуу экенин билгенде абакта аны бир мүнөт да отургузгусу келбей жатты. Кандай кылса да аны бул жерден чыгаруу зарыл. Кандай далил табышы керек? Эмне кылышы кажет? Ушул учурда ага адвокаты телефон чалды.

– Бир нерсе таптым де, суранам сенден бир нерсе таптым де...

– Билбейм, ишибизге жарайбы, мен башка бир ишти иликтеп жатып кокусунан Айдайдын машинеси көчөдөгү байкоочу камерага түшүп калганын байкадым. Саат 19:00 чамасында ал тоо тараптан келе жатып жол эрежесин бузганы үчүн камерага түшүптүр. Эми экспертизадан көрсөткөндөй, тиги адам каза болгон сааттарда Айдай үйүнө бара жаткан экен. Болжол менен алганда деле бул жерден үйүнө бир саатта жетмек. Ортодо унаа тыгындарын эске алсак бир жарым, эки саатта жетмек дейли. Бул биздин ишибизге жарайт деп турам. Дагы жакшылап карап чыгышыбыз керек.

– Рахмат, досум, мен сага ишенгем. Сот болгонго чейин дагы убактыбыз бар, дагы кошумча далилдерди табышыбыз мүмкүн. Айдайдын кадыр-баркын эске алып, жок дегенде азырынча үй камагына чыгара алсак сонун болгону турат.

– Эмнеге?

– Айдай кош бойлуу, досум. Жана ал баланын атасы менмин.

– Оо, ата болот турбайсыңбы, куттуктайм. Илим, мен колумдан келген бардык нерселерди жасаганга аракет кылам. Сен эч кейибе.

“Өх” деди ичинен Илим. Жок дегенде бир илинчек табылды. Аз убакта, балким, чечилип калар.

ххх

Айдай камерада тынч отура албай ары-бери баса берди. Аны карап отурган Гүлүм бир кезде тажады окшойт.

– Ой, ары-бери басканыңды токтотчу. Эмне болду?

– Мен Эмирге жолугушум керек.

– Эмири ким?

– Уулум. Мен сөзсүз кандай кылсам да ага жолугушум керек. Сен акылдуу аялсың, мага жардам бер. Кантип мен аны менен жолугуша алам?

– Ал апасы экениңди билеби?

– Жок. Билбейт, ошол үчүн мени жек көрүп калышынан коркуп жатпаймынбы. Апасын, баккан апасын аябай жакшы көрөт. Анын таасири да чоң балага. Ошол үчүн өзүмдүн ким экенимди айта албай келе жатам. Акырындап, аз-аздан жакындашып алып анан айтайын дегем. Бирок мындай иш болуп кетти.

– Анда сен ошол апасына телефон чалбайсыңбы, ал дагы билбесе, балким, уулуна сага жолугуп кетүүсү керектигин айтып калар.

– Кайдан, ал мени күйөөсүн өлтүрдү деп ойлоп жатат. Мага жардам бербей калсын.

– Ал күйөөсү менен кандай жашачу эле?

– Ажарбы? Кызыктай бир жашоолору бар болчу. Ал мага күйөөсүнөн көз карандыдай сезилчү. Кийин билсем анын өзүнүн деле бизнестери бар экен. Финансы боюнча ага көз каранды эмес экен. Эмнеге мынчалык кыйноого макул болуп жашады билбейм. Күйөөсү аны көрүп туруп эле көрбөгөндөй сезилчү мага. Ортолорунда бир кызык нерселер бар болчу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан