Казакстанда болуп жаткан “Бир бололу” долбоорунан табышып, баш кошкон Арген Асанов менен Аружан Бекешованын үлпөт тою жакында Жалал-Абадда өттү. Эки элдин башын бириктирип көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан таттуу түгөйлөрдүн сүйүүсү, кыял-максаттары тууралуу кеп болсун.
– Кандайсыздар, Арген, Аружан? Аружан Казакстандан Кыргызстанга келин болуп отурасыз, көнүп калдыңызбы?
Аружан: – Ооба, көнүп баратам. Акырындан баарын үйрөнүп жатам. Адам үйрөнө албаган нерсе жок да.
Арген: – Аружан бышык экен. Айылдын жашоосуна көнүп кетет деп күтпөптүрмүн. Чыдабайт го деп ойлогом. Көнүп кетти, баары сонун.
Аружан: – Негизинен бул жактын салты Шымкент тараптагыга аябай окшош экен. Алматы, Талды-Корган Талас менен Бишкекке жакын да. Ош, Жалал-Абад болсо Шымкентке окшош жер. Мурда “өлсөм да Шымкентке турмушка чыкпайм” дечүмүн. Анан Жалал-Абаддын ноокендик жигитине тийип калдым го. “Эч качан эч качан дебе” деген сөз бар, ээ (күлүп)? Башында бир аз кыйналдым, жаңы жер, жаңы нерселер дегендей. Бирок, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Мисалы, эртең менен эшиктин алдын шыпырганда Арген суу чачып берет. Ушундай колдоо болгондуктан анчалык оор болгон жок. Башында таңкы саат 5те туруу кыйыныраак болду. Азыр 5те турбайм, 7лерде турам, чай берем. Жүгүнүү кыйын болгон жок, кызык болду. Мындайды өмүрү көргөн эмесмин да. Жумуш кылгандан чарчаган жокмун, анткени мага кызык.
– Бойдок кез менен үйлөнгөндөн кийинки жашоонун айырмасы чоң бекен?
Арген: – Айырмасы өтө чоң. Мен мурда жоопкерчиликсиз болчумун, 1 айда жашоом өзгөрө түштү. Жоопкерчиликтүү болуп калдым, бир нерсе айтсам, сөзсүз аткарам. Анан мурда акча колума тийсе чача берчүмүн. Азыр акчаны пайдалуу иштерге гана коротуп жатам.
– Аружан, Арген чын эле өзгөрдүбү?
Аружан: – Мурда достору менен жүрсө мага чалчу эмес. Азыр досторуна жолукса кайра бат эле кайтат. Экөөбүз үйдөгү маселелерди талкуулайбыз. Жакшы жакка өзгөрдү, мыкты мырза экенин көрсөтүп жатат. Мурда маселе жаралса дароо эле “токтотолу, сүйлөшпөйбүз болду” дей баштачу. Азыр баарын сүйлөшүп чечкенге аракет кылабыз. Ачуусу келсе 5 мүнөттө кайра өзүнө келип калат.
Арген: – Негизи ачууланбайм деле. Бул болбогон эле нерсеге таарына берет.
Аружан: – Мен башка жерде жүрөм, курбуларым алыста. Мен жакшы тааныган адам азыр Арген гана, ошондуктан сүйлөшкүм келет. Жанына барып сүйлөйүн десем, бир аздан кийин сүйлөшөбүз деп көңүл бурбай койсо, жаман болом.
– Арген, “бүттү, ушул кызга үйлөнөм” деген чечимди качан кабыл алдыңыз?
Арген: – Башында ушул кызга үйлөнөм деген ой жок болчу. Аружан Кыргызстанга маек бергенге келди го. Ошондо оюм өзгөрдү, Аружан меники экенин сездим.
Аружан: – Мен эмоционалдуумун. Башында айтарын айтып алдым, Аргенди эфирге чакырдым. Анан ойлонуу-толгонуу башталды. "Туура чечим чыгарып жатамбы? Башка элге бара жатам, кандай болот?" деген толгон-токой суроолор жаралып жатты. Анын үстүнө Аргенди тааныбайм.
Арген: – Кандайча тааныбайсың?
Аружан: – Экөөбүз негизинен аралыктан сүйлөштүк да. Үй-бүлөлүк жашоо кандай болот деп кооптондум. Эфирге бир күн калганда барбай коёюнбу, качып кетсемби деп да ойлондум. Андан кийин Арген экөөбүздүн видеолорубузду көрүп, экөөбүз таанышкан, сүйлөшүп жүргөн кезди эстеп, “ушул менин адамым” дедим да, эфирге бардым. Арген сунуш киргизгенден кийин дароо башкача сезимдер ойгоно баштады. Бул менин адамым, болочок жарым, өмүрдү ушул адам менен өткөрөм деген сезим пайда болду. Албетте, жакындарымдан алыска кетип жатканым үчүн ичим ачышты. Кыз узатуу тоюнда акыркы тосттор айтылып жатканда бир башкача болдум. Таенемди карасам ыйлап жатыптыр, анын ыйлагынын биринчи жолу көрдүм (ыйлап).
Арген: – Аружан ата-энесин, туугандарын сагынды, аны түшүнүп турам. Мен үчүн үй-бүлөсүнөн, жакындарынан алыска кетүүгө макул болду. Ошондуктан баркын билип, сыйлашым керек.
– Аружан, кайненеңиз, анын жардамы, кеп-кеңеши тууралуу сурагым келип жатат...
Аружан: – Кудайга шүгүр дегим келет. Ата-энебиз аябай жакшы, апам өз кызындай аяр мамиле кылат. Тамак жасап жатсам, “минтип жасайсың” деп үйрөтүп турат. Атам болсо “кызым, тим кой, картошканы өзүм казып келем” деп огородго жөнөп калат. Өткөндө Аргенге “шире алып келип берчи” деп жатканымды атам угуп калыптыр, өзү алып келип берди. Аргендин эжеси өз эжемдей эле болуп калды. Бизге жакын жашайт, коноктор келсе унаасы менен келе калып жардамдашат. Мени өз кызындай кабыл алышканына аябай ыраазымын.
– Сыр болбосо, канча калың берилди?
Арген: – Калың берилген жок. Эне сүтү менен ачуу басар берилди.
Аружан: – Эки тарап сүйлөшүп бир чечимге келишти. Калың сеп бериш үчүн берилет да. “Сеп бербей эле койгула” дешкен. Бирок апам баары бир сеп берем деп чечкен. Буюрса, Бишкектен батир алганыбызда ошол жакка алып барат. Азыр Алматыда турат.
– Махрга эмне сурадыңыз?
Аружан: – Бриллианты бар алтын комплект. Анан кыска шуба. Ноябрга чейин алып берем деди.
– Арген, билишибизче, үйдүн кичүү уулусуз. Ата-энеңиз менен турбайсыздарбы?
– Ооба, үйдүн кичүүсүмүн. Бирок айылда агам менен жеңем турат, биз Бишкекке көчүп кетебиз. Айыл мага жагат. Бирок экөөбүздүн жумушубуз, менин окуум да шаарда. Айылда калсак, экөөбүз тең жоголуп кетебиз го дейм. Аружанда талант бар, менде дагы. Киного тартылгыбыз келет. Ал үчүн шаарда мүмкүнчүлүк көбүрөөк.
– Жакынкы пландарыңыздар кандай?
Аружан: – Айылдагы үйдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, шарт түзөлү деп жатам. Андан кийин өзүбүзгө Бишкектен үй алсак дейбиз. Кичинемден коттедж сатып алгым келет. Акырындап баары болот. Өзүбүздүн бизнесибизди ачкыбыз келет.
Арген: – Аружан келгенде үйдүн тегерек-четин карап чыгыптыр. “Бул жакты мындай, тигил жакты тигиндей кылыш керек экен” деп жатты. Аны мен да ойлонуп жүргөм. Оюбуз бир жерден чыкты. Ата-энемди ойлоп, сыйлаганына ыраазымын.
– Бири-бириңиздерге ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк берели...
Арген: – Келинчегим Аружан, жаным, күнүм, аруум, биздин айылга келип супер келинчек болуп жатканыңа өтө ыраазымын. Мен ойлогондон да сонун жубай болуп жатасың. Экөөбүз бактылуу бололу, ата-энемдин сүйүктүү келини болуп жүрө бер.
Аружан: – Үйлөнгөндөн кийин айрым мырзалар катаал болуп, “мындай кылба, тигиндей кыл” деп турушат го. Арген андай эмес. Туура эмес бир нерсе кылып алсам “эч нерсе болбойт” деп жубатып турат. Арген, жаным, талантым бар экенин көрүп, аны жаппай, колдогонуңа рахмат. Буюрса, көп нерсени чогуу жасайбыз. Дайыма жанаша жүрөлү, урушсак да бири-бирибизден терс бурулбайлы. Эң оору алгачкы 3 жыл дейт го, ошондон жакшы өтүп алалы. Балдарыбыз көп болсун.
Перизат Музуратбекова