Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлет: “СПОРТТОГУ ЭҢ ООР УЧУР МЕН ҮЧҮН 2020-ЖЫЛЫ БОЛГОН”

Жеңил атлет, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучусу, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Нурсултан Кеңешбеков маек төрүбүздө. Ал жакында Алматыда өткөн эл аралык мелдеште биринчи орунду ээлеп кайтты.

Туулган жылы – 2000-жыл, 25-март

Туулган жери – Ысык-Көл району, Чок-Тал айылы

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 60 килограмм

Жетишкендиктери – Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, 5 жолку улуттук рекорддун ээси, ШОС марафонунун 3 жолку чемпиону жана башка

Учурда – жеңил атлетика боюнча кыргыз улуттук курамасынын мүчөсү

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

– Саламатсызбы, Нурсултан мырза? Кезектеги жеңишиңиз менен куттуктайбыз. Соңку мелдештер боюнча кеп баштасак...

– 23-июнда Бишкекте Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын урматына эл аралык турнир өттү. Анда 1500 метр аралыкка чуркап биринчи орунду ээледим. Андан кийин 1-2-июль күндөрү Алматыда Дүйнөлүк коло лигасынын алкагында Гусман Косановдун 32-мемориалы аталышында турнир өттү. Анда дагы 1500 метр аралыкка чуркоодо бирини орунду багынттым. Мелдешке Кытай, Япония, Таиланд, Грузия, Индия, Иран, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдүн атлеттери катышты. 1500 метр аралыкка жалпы 16 спортчу чуркады. Кошумчалай кетсем, 2021-жылы ушул эле турнирдин рекордун жаңылап, Олимпиада оюндарына жолдомо алышыма ошол мелдеш себеп болгон. Жалпы жонунан бул турнирдин 3 жолку чемпиону болдум. Андан тышкары 400 метр аралыктагы аралаш эстафеталык 4 Mix жарышында Кыргыз курама командасы 3-орунду алдык. Бул турнирге 15 спортчу, 4 машыктыруучу бардык. Жалпысынан 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло медаль менен кайттык.

– Олимпиада деп калдыңыз. Токио Олимпиадасындагы жарышыңыз көпкө чейин көөдөндөн өчпөй жүрдү болуш керек?

– Албетте. Олимпиадага катышуу үчүн 4 жыл тынбай машыгып, жергиликтүү жана эл аралык мелдештерде күчүмдү сынап жүрдүм. Олимпиадага жолдомо берүүчү жогоруда айткан турнир Алматы шаарында өтүп, 1500 метр аралыкты рекорддук көрсөткүч менен жыйынтыктагам. Жалпы мелдештердеги чогулган упайларымдын жыйынтыгы менен жолдомого ээ болгом. Олимпиаданын деңгээли абдан жогору, атаандаштык күч болду. Андыктан кыска жана орто аралыкка чуркап медаль утуу оор экен. Көпчүлүк катышуучулар жеңил атлетиканын легендалары, дүйнө чемпиондору, Олимпиаданын жеңүүчүлөрү болду да. Алардын арасында жарышка катышуунун өзү эле мага чоң тажрыйба болду.

– Алдыда кандай мелдештерге баруу пландалууда? Машыгуу үзгүлтүккө учураган учурлар жокпу?

– Машыгуулар үзгүлтүксүз болот. Буга чейин 20 күндөй Ысык-Көл жергесинде машыгуудан өтүп келип, Алматыга барып кайттык. Учурда даярдануунун экинчи этабын Бишкекте улантып, алдыда боло турган Азия чемпиондугуна даярдык көрүп жатабыз. Чемпиондук 12-16-июлга чейин Таиланддын Бангкок шаарында орун алат. Ал жактан мен 1500 жана 5000 метр аралыкка чуркоодо күч сынашам. Кыргыз курама командасынан 4 спортчу, 2 машыктыруучу барабыз.

– Ийгилик каалайбыз. Олимпиадага жолдомо берүүчү турнирлер пландалдыбы?

– Биз бара турган Азия чемпиондугу да жолдомо берүүчү турнирлердин бири болуп саналат. Негизи бизде белгиленген аралыкты белгиленген убакытта чуркап өтүп нормативди толтурсаң жолдомо берилет. Олимпиадага чейинки бир жылда лицензия берүүчү мелдештер ачылат. Ошолордун арасынан каалаган мелдешиңден белгиленген убакытта көрсөтүлгөн аралыкты чуркап өтсөң жолдомо ала бересиң.

– Жеңил атлетикага кандайча келип калгансыз?
Эмне үчүн спорттун башка түрүн эмес, ушуну тандадыңыз?

– Мектепте окуп жүргөндө эле окуучулар арасындагы райондук, облустук мелдештерге катышып жүрчүмүн. Анан республикалык мелдештерге катыша баштадым. Анан азыркы машыктыруучум Сатыбек Чокаевдин колуна келдим. Стипендия ала баштадык, мындайча айтканда, спорттон акча таба баштадым. Улам ар кыл мелдештерге катышып жүрүп эле кызыгуу күч алып кетти. Ошентип жеңил атлетика боюнча профессионал спортчу болуу жолун тандап алдым. Андан бери Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери, 5 жолку улуттук рекорддун ээси болдум. Рекорддордун эң эскиси 1979-жылы коюлган (1500 метр, 3:41:20). Бул көрсөткүчтү 2022-жылы Польшада жаңырттым (1500 метр, 3:41:12). Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына, 2 ирет Дүйнө чемпиондугуна катыштым. Дүйнөлүк коло лигасынын 3 жолку жеңүүчүсү жана көп жолку байге ээси болдум. Андан тышкары Иран, Түркия, Өзбекстан, Германия, Беларусь, Казакстан, Румыния, Тажикстан, Украинада өткөн эл аралык турнирлердин чемпиону жана байге ээси, Ысык-Көлдө өтчү эл аралык ШОС марафонунун 3 жолку, жарым марафонунун 1 жолку чемпиону болдум.

– Спорттук карьераңызда эң оор учур деп кайсы учурду айтат элеңиз?

– Эң оор учур 2020-жылы болгон. Аябай жакшы даярданып, формага келип жыйынтык көрсөтөбүз деп турганда пандемия башталып, даярдык текке кеткен. Карантин бүтүп, мелдештерди өткөрүүгө уруксат берилгенде тиземден жаракат алып, такыр чуркай албай калгам. Мелдештерге катышпагандыктан бизге бериле турган стипендияны дагы алып салышкан. Андан айыгып, калыпка келип 2 ай машыккандан кийин кайра жаракат алып калгам. Ошентип 2021-жылдын март айына чейин жаракат менен жүрүп калдым. Анан машыгууну баштап, формага келип Токио Олимпиадасына жолдомо алгам.

– Жаракаттар аз болсун дейли. Маекке убакыт бөлгөнүңүзгө ыраазычылык.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан