ӨРҮК АШКАНАДА

“Сары кыз” аталган өрүктүн түшүмү төгүлүп турган убагы. Маанай көтөрүүдө, тамак сиңирүү органдарынын иштөөсүн жакшыртууда миңдин бири болгон бул мөмөдөн ар кандай даамдарды жасап жеп, кышкыга да камдап алууну сунуштайбыз.

Тарт

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Өрүк – 20 даана

Ун – 300 грамм

Каймак май – 170 грамм

Кумшекер – 200 грамм

Жумуртка – 2 даана

Ванилин – 3 чымчым

Туз – 1 чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Жумурткага кумшекердин 130 граммын жана тузду кошуп көбүк пайда болгончо чалабыз. Үстүнө унду салып бир массага келгенде 120 грамм муздак каймак майды кошуп, бат-баттан камыр жууруйбуз. Көп ийлеп, аралаштыра берсеңиз тарт катуу болуп калат. Целлофанга салып, муздаткычка жарым саатка коё туруу кажет.

2. Өрүктү данектеринен тазалап, жарымын төрт чарчы туурап, жарымын узатасынан төрткө бөлөбүз.

3. Чарчы тууралган өрүккө калган кумшекер менен каймак майды, ванилинди кошуп отко коёбуз. Кайнатып, аралаштыра беребиз. Өрүк жумшарып, ширеси коюуланганда оттон чыгарабыз.

4. Камырды тегерек кылып жайып, 180 градуста ысып турган электр мешине 15 мүнөткө салабыз. Кызарып бышып кетпеши керек.

5. Электр мешинен чыгарып сиропту куюп, төрткө бөлүнгөн өрүктөрдү тизебиз. 200 градуста ысып турган электр мешине салып, 10-15 мүнөт коюп кызарганда чыгарабыз. Ысык өрүк кычкыл даам берет, ошондуктан муздаганда жеңиз.

Салат

Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):

Помидор – 100 грамм

Өрүк – 150 грамм

Моцарелла сыры – 150 грамм

Кедр жаңгагы – 2 аш кашык

Соя соусу – 2 аш кашык

Алма уксусу – 1 аш кашык

Банкадагы тоголок горчица – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Кооздоо үчүн ашкөк – ылайыгына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Жуулуп-тазаланган помидор менен өрүктү бирдей өлчөмдөгү кесимдерге бөлөбүз.

2. Сырды да ичке туурап даярдайбыз.

3. Соус үчүн калган бардык азыктарды бир банкага салып бир массага келгенче капкагын жаап чайкайбыз.

4. Тарелкаларга помидор, анын артынан өрүк кесимдерин салып, үстүнө кедр жаңгагын себелейбиз. Эми соустан жаба куюп, ашкөктөн себелейбиз. Өрүк менен помидордун айкалышы сизди да, конокторду да кайдыгер калтырбайт.

Шире

Керектелүүчү азыктар (4,5-5 литр үчүн):

Өрүк – 3 килограмм

Кумшекер – 400 грамм

Суу – 2,5 литр

Даярдоо ыкмасы:

Бышкан таттуу өрүктөр ширенин түсүнө да, даамына да таасирин тийгизет. Ошондуктан жакшы бышканын тандаңыз.

1. Өрүктөрдү данегинен тазалап, 8-10 литрлик мискейге салабыз. Үстүнө суу куюп, отко коёбуз. Кайнап чыкканда көбүгү чыгат, бирок аны азыр тазалоонун кажети жок. 6-8 мүнөт кайнаган соң өрүк жумшарып эзилип чыгат. Оттон чыгарабыз.

2. Блендер менен бир массага келтире чалып алабыз. Чоңураак көздүү сүзгүчтөн өткөрүп кабыктарынан тазалайбыз. Блендер жок болсо бир аз муздатып, марли менен маңызын сыгып алууга болот.

3. Ширени кайрадан отко коюп 5 мүнөт кайнатабыз. Эми көбүгүн алып салуу керек. Ысык кезинде бууланган банкаларга куюп, капкагын жакшы бекитебиз. Көмкөрүүнү талап кылбайт. Кышында суу кошуп же өзүн ичсеңиз болот. Кышка сактабай деле ичүүгө мүмкүн.

Тоңдуруунун үч жолу

1. Бүтүн бойдон тоңдуруу үчүн камдап алган өрүктү бири-бирине жабыштырбастан табага же тоңдургучтун тартмаларына тизип, 5-6 саатка тоңдургучка салып коёбуз. Андан соң алып чыгып баштыктарга бөлүштүрүп, кайрадан тоңдургучка салабыз. Бул ыкмада өрүктөрдү жуубастан, кийин колдонордо жууган жакшы.

2. Тең экиге бөлүп тоңдурууда данектеринен тазалап, жогорудагыдай жол менен 2-3 саат тоңдуруп, андан соң баштыктарга салып тоңдургучка салып коёбуз.

3. Эзип тоңдуруу үчүн жуулуп, тазаланган өрүктөрдү экиге бөлүп, үстүнө кумшекер салып блендер менен эзип алабыз. 1 килограмм өрүккө 300 грамм кумшекер кошулат. Эзилген өрүгүбүздү желим бөтөлкөгө куюп тоңдургучка салабыз. Тоңгондо өрүк тээп чыгат, ошондуктан бөксөрөөк куюу кажет.

Тоңдурулган азыктарды компот, шире, ар кандай таттуу токоч, торт, пирогдорду жасоодо колдонсоңуз болот. Кемчилиги – көп орунду ээлегенинде жана жибиткенден кийин бир сутканын ичинде гана колдонууга болорунда. Болбосо кайнатып, бышырып жиберүү керек.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан