Сыйматбек Ибраимов, 40 жашта: “АЯЛЫМ 3 БАЛАБЫЗДАН БАШ ТАРТЫП КЕТТИ, КИМ АЗГЫРГАНЫН БИЛБЕЙМ”

Каарманыбыз Таластын Кара-Буура районунун 40 жаштагы тургуну Сыйматбек Ибраимов 3 баласын өзү жалгыз тарбиялап жатканын айтат. Аялы менен ажырашкандан кийин жубайы 3 баласынан баш тартып, аларды атасына таштап кеткен. “Ажыраштым, үй-бүлөм таштап кетти деп эркек киши ичкиликке берилип, жаман жолго түшүп мүңкүрөп калбашы керек”,- дейт Сыйматбек мырза.

“КИЧҮҮ КЫЗЫМДЫ 8 АЙЛЫГЫНАН ТАРТА БАКТЫМ”

– 1983-жылы Кара-Буура айылында төрөлүп, өскөм. Мектепти бүткөндөн кийин кесиптик орто окуу жайга тапшырып электрик, ширеткич кесибине ээ болуп, көп жыл Бишкек шаарында иштедим. Үй-бүлөдө 14 бир тууганбыз, мен тогузунчусумун. Бир туугандардын баары бала-чакалуу. “Бир үйдүн жарыгы экинчисине тийбейт” деп коюшат эмеспи, анын сыңарындай баары өз турмуштары менен алек. Атам ашказан рагынан көз жумган, Кудайга шүгүр апам бар. 25 жашымда өзүм таанышып, сүйлөшүп жүрүп бир кызга баш коштум. 8 жыл чогуу жашап 3 балалуу болдук. Балалуу болуп шаарда жашоо кыйындап кеткенде Таласка көчүп келгенбиз. Эми айылда жашоо шарт ар кандай болуп калат, кээде бар, кээде жок. Турмушта ар кандай кырдаал болот экен да. Жетишпес турмуштун айынан үй-бүлөдө пикир келишпестиктер болуп жатты. Башка үй-бүлөлөр сыяктуу эле биз да андай сыноолордон чогуу өтөбүз деп ойлогом. Аялым болбой койду. Акыры ажыраштык, балдарды бакпайм деп баш тартып мага таштап кетти. Аялым кеткенде кичүү кызым 8 айлык эле, азыр тили чыгып, эшикте ойноп чуркап жүрөт. Эртеден-кечке эрмектегени мен. Кичинекей баланын кароосу жакшы болсо эле ойноп жүрө берет.

“БАЛДАРЫМА ЭНЕ МЭЭРИМИ ЖЕТПЕЙ ЖАТКАНЫ СЕЗИЛЕТ”

– Үй-бүлөдө өйдө-ылдый түшүнбөстүктөр болгондо дароо чечим чыгарып басып кетпеш керек экен. Ажырашып, үй-бүлөм жок көчөдө калдым, анан ичкиликке берилип кеттим деп шылтоо айткандар бар. Ошондой адамдарга айтарым: эч качан сыноолорго сынбагыла, оор сыноолор адамды күчтүү кылып, чыйралтат. Мен деле 3 бала менен баш калкалаар жерим жок кышында көчөдө калдым деп байкуш болсом болмок, бирок анткен жокмун. Колдон келген ишимди жасадым, устачылык кылдым, курулушта ширетүүчү болуп иштедим. Балдарды багуу мага кыйын болгон жок, анткени өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоңоюп, бир туугандар бири-бирибизди багып өстүргөнбүз. Бирок жашоодо ажырашпай жашаганга эмне жетсин. Балдарыма такыр кол көтөрбөйм, эч кандай тыюу салбайм, абдан эркин, оюндагысын кылдырып чоңойтуп жатам. Бирок баары бир бир нерсе жетишпегендей туюлат. Ал боштук – эне мээрими. Атанын мээрими башка, эненики башка да баары бир.

“ЭМНЕГЕ МЕНИН АПАМ ЖОК ДЕП СУРАСА СӨЗ ТАППАЙ КАЛАМ”

– Балдар кичинекейинде апасынын жоктугун билбей эле чоңоюшту. Кийин эс тартып баштаганда апасы жетелеп жүргөн балдарды көрсөтүп, эмнеге менин апам жок деп кичинекей кызым сурап жатты. Андайда эмне деп айтарымды билбей мукактанып кетчүмүн. Азыр атам аракты көп иччү, анан үйгө келип кусканда мен сыртка чыккам, ошондон кийин атам ичпей калган деп айтат. Чынында аялымды “кет” деп кууган эмесмин, атаңды-энеңди деп тилдеген жокмун, өзүнөн-өзү эле кетип калды. Кимдердин тилине кирип азгырылды, түшүнбөйм. Башында кыйынчылыктар болду, албетте, батир табуу азап болду. Балдар менен кычыраган кышта калган элем. Бирок боорукер адамдар кол сунуп, бир эженин жардамы менен азыркы жашаган айылдан 100 сомго батирге чыктым. Батир аябай эски, анан суук эле. Эжеге бул үйдү оңдоп-түзөп анан кирейин десем, жакында бул тамды сатам, башка ээси келсе оңдоп-түзөгөн эмгегиңди төлөп беришпейт, андан көрө азыркы абалында эле жашап тура бер деп койду. Үйдү жылуулап, балдарым менен баш калкалап калдым.

“БАЛДАРДЫ ИНТЕРНАТКА ТАПШЫРАСЫҢ ДЕП ТЫНЧТЫК БЕРБЕЙ КОЮШТУ”

– Эски болсо да ал тамыбыз жылуу эле. Жакшынакай жашап жатсак райондон социалдык кызматкерлер келип текшерип үйүңүздүн шарты, балдарды багып-өстүргөнгө туура келбейт экен деп кетишти. Кийин акимчиликтен, айыл өкмөттөн, милициядан улам-улам келишип балдарды интернатка тапшырасың деп тынчтык бербей коюшту. Айлам жок калганда "балдарымды бербейм, өзүм багам" деп көгөрүп 3 баламды алып Бишкекке кетип калдым. Мен эч качан өкмөткө тигини бергиле, муну бергиле, балдарымды бага албай жатам деп бир нерсе суранып кайрылган эмесмин. Болбой эле келишип балдарды тартып алабыз дешкенде айлам куруп кетти.

“БАЛДАРЫМ ЧОҢОЙГУЧА ҮЙЛӨНБӨЙМ”

– Кээде эртеден кечке үй тиричилиги менен алек болуп кантип кеч киргенин байкабай калам. Айылда балдар ойной турган аянтчабыз жок эле, ойногону айрым шаймандарды жасап бердим. Бош болсом кыла берем эл үчүн деп, эч кимден акы сурабайм. Кыялым – ушул кыздарым, балам мени уят кылбай татыктуу тарбия алса дейм. Баланын керектөөсүн, муктаждыгын өз убактысында берип турсаң эле өсүүсү жакшы болот. Эми татыктуу билим бериш керек, эртең жаман чыгып калса мага эле сөз тиет. Балдарым чоңойгуча үйлөнөйүн деген оюм жок. Жакындарым үйлөн, жалгыздык Жаратканга гана таандык дешет. Бирок башка аял балдарымды баары бир өз баласындай кабыл албайт деп чочулайм. Булар чоңоюп акыл киргиче канчалык кыйын болсо да баарын өзүм тартайын деп үйлөнгөн жокмун.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан