Маектешим ырчы Самат Дөөлөтбаковдун карындашы, блогер, ырчы Перизат Дөөлөтбакова. “Мени байкем менен чогуу ырдаганымдан улам таанып калышты” дейт ал. Агасы Самат мырза, ырчылык кыялы, блогерлиги тууралуу айтып берди.
– Перизат, саламатсызбы? Сизди окурмандарга тааныштыра кетсек башында...
– Саламатчылык. 1994-жылы 3-августта Токмок шаарында туулгам. 2-класстан баштап бийге аралашып, ансамблге мүчө болуп бий менен 10 жыл алектендим. Биздин ансамбль Чүй облусунун атынан сынактарга да катышып жүргөн. Мектепке, андан чыгып бийге барып үйгө кеч келчүмүн, үй иштерин кылганга убактым болчу эмес. Кичинемде ырчы болууну кыялданчумун, анткени Самат байкем ырдап баштаган учур эле. Мен акустикасы жакшы деп, жуунуучу бөлмөгө кирип алып эч кимге угузбай ырдачумун. Мектепти аяктагандан кийин Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин экономика факультетинде окудум, кесибим боюнча менеджермин. Студент кезде сахнага чыгып ырдай баштадым. Бир жолу 1-курста тайпалар арасында англис тилинде ырдоо боюнча сынак болуп калды. Ошол сынакка тайпадан 2 кыз катышабыз деп чыктык. Берки кыз вокалга барып жүрчү, бирок мени тандап катыштырышкан. Ал сынактан 1-орун алып, ошол күндөн тарта ырдап бер деп университеттеги иш-чараларга чакыра башташкан.
Учурда үй-бүлөлүүмүн, 2 баланын энесимин. Блогермин, жеке бизнесим да бар.
– Самат мырза экөөңүздөрдүн кавер ырдаганыңыздарды угуп калабыз...
– Кыргызстанда эң алгач кавер жаздырган мен болдум. Студент кезде англисче ырларды издеп даярданчумун да. Ошондо ыр издеп жатканда каверлер көп чыкчу. Аны көрүп мен да жаздыргым келди. Эң алгач Майли Сайрустун “Wrecking Ball” ырын жаздыргам. Кийин Самат байкем менин аракетимди көрүп, “чогуу кавер жаздыралы” деп калды. Көп жылдардан кийин минтип чогуу кавер ырдап калдык. Азыр мени ырчы катары Самат байкем аркылуу таанышат.
– Шоу-бизнеске аралашууга аракет кылыпсыз бир кезде...
– Ооба, ырдап көптөгөн сынактарга катыштым, чыгармачыл адамдар менен тааныштым. “Түрк визионго” да катышып, финалга чыккам. Шоу-бизнеске аралашууга көп аракет кылдым. “Байкесинин жардамы менен чыкты” деген сөз болушун каалабагандыктан баарына өз күчүм менен жетким келген. Самат байкем деле ырдап чыгышымды каалаган эмес окшойт. Анткени “кел, жардам берейин” деген жок. Өзүм да “жардам бергиле” деп суранганды каалаган жокмун. Бир учурда Eka Records студиясынын жетекчилиги алдында 3 кыздан турган топ түзүлгөн. Ошол топто ырдап, ырларыбыз радиодон жаңыра баштаган эле. Клип таратбыз деп турганда продюсер бизди орто жолго таштап кетти. Ошондон кийин шоу- бизнестен көңүлүм калып, бул тармакка аралашпай эле коёюн деп чечкем. Негизи эле бул чөйрө мен үчүн эмес экенин түшүнгөм. Анын үстүнө бул чөйрөгө аттануу үчүн көп каражат, тааныштар керек экен. Азыр эми кээде кавер жаздырып, кээде өзүмдүн ырларымды ырдап, өзүм үчүн клип тарттырып койгонум жетиштүү.
– Самат мырза экөөңүздөрдүн кайсы сапаттарыңыздар окшош?
– Экөөбүз тең жөн тура албайбыз. Самат байкем дайыма ар кандай долбоорлорду ойлоп таап, бизнес баштап, тынбай иштеп жүрөт. Мен дагы ошондоймун, бир жерде тура албайм, ар дайым кыймылдамын. Экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош эмес. Самат байкем бардык адамдар менен тил табышып кетет. Мен кичине жабыкмын. Бирөөгө ыңгайлашуу үчүн мага убакыт керек.
– Сиз ырга текст гана эмес, обон да жаратат экенсиз. Чымыныңыз бар экенин качан байкадыңыз?
– 8-класста байкагам. Жуунуучу бөлмөгө бекинип алып ырдачумун деп айтпадымбы, ошондо кээде обондун кайрыктары, ыр саптары жаралчу. Ал ырларды азыр окусам күлкүм келет. Анткени жапжаш кыз болуп туруп “сен менин жүрөгүмдү жараладың, таштап кеттиң” деген сөздөрдү жазыптырмын (күлүп). Кийин “Түрк визионго” жаңы ыр менен чыгыш керек болуп, ошондо кыргызча ырдын сөзүн жазгам. Кийин да кыргызча ырларды жаздым, “Самап жүрөм” деген ырымды жаздырып чыгаргам, интернетте бар. Бул ырдын обонун да, сөзүн да өзүм жаздым. Клип тарттыргым келип жүрөт.
– Кайсы убактан баштап блогер боло баштадыңыз? Блогуңузда кандай темаларга басым жасайсыз?
– Блогерлигим Самат байкем менен кавер жаздырып баштаганда өнүгүп баштады. Анын катталуучулары мага да каттала башташты. Карантин учурунда жолдошум экөөбүз фотосессия жасап, видео тартып, ошону менен өз аудиториямды топтой алдым. Акыркы 3 жыл апалардын блогу болду. Энеге тиешелүү темалар, баланы кароо, өнүктүрүү, кош бойлуулук тууралуу айтып, үйдөгү жумуш кылгандарымды тартып көрсөтчүмүн. Катталуучуларымдын көбү үйдө отурган энелер болгондуктан жакшы кабыл алышты, менден мотивация алышып, кеңештеримди угушту. Мындан ары эксперттик блог кылганы жатам, бизнесмендерге соцтармакты иштетүүнү үйрөтөм. Анткени маркетинг, СММ, блогерлик жаатта тажрыйбам чоң.
– Ырчылык талантыңызды, блогерлигиңизди жолдошуңуз, кайын журтуңуз кандай кабыл алышат?
– Жакшы кабыл алышат. Башынан эле ушул тармакка жакын экенимди билишчү. Балабызга той бергенде балама арнап “Алдей ай” деп ырдагам. “Биздин тойго келип ошол ырыңызды ырдап бериңиз” деп чакыргандар көп болду. Кайын журтум “тойлордо ырдабайсыңбы, сага жарашат” деп калышат. Бирок мен кечинде үйдө болбой, ар кайсы тойдо жүргүм келбейт. Анын үстүнө көпчүлүктүн арасында жүрүүнү жактыра бербейм. Бирок келечекте кандай болот, ким билет.
Блогерлик кыла баштаганда “силердин ар бир кадамыңарды, кандай тамак жасаганыңарга чейин билебиз” деп күлгөндөр көп болду. Кайын журт тараптан да, өзүбүздүн туугандардан дагы. Бирок ага көңүл бурбай, аны комплимент катары кабыл алгам. Азыр анын үзүрүн көрүп жатам.
Перизат Музуратбекова