Бой-келбети келишкен бул мырзанын үнүн радиодон угуп, жүзүн теледен көрүп жүрөсүз. Кесибинин мыктысы, үлгүлүү ата жана жолдош деп мүнөздөсөк жарашат. Белгилүү телеалпаруучу Расул Багышбаев апта каарманы.
– Расул мырза, жакында Асман шаарынын курулушуна старт берилип, маанилүү иш-чарада алпаруучулук кылдыңыз. Коомчулукта бул долбоор боюнча ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат. Сиздин оюңуз кандай, Асмандын куруларына ишенесизби?
– “Бышкан ашка сынчы көп” деп коёт эмеспи, албетте, бул шаар дапдаяр болуп, имараттар курулуп бүтө элек деңизчи. Бирок долбоордун бет ачары боло электе эле көпчүлүк сындап, “бул ишке ашпайт, болбойт” деп чыгышты. Бул кылымдын ири долбоору, ааламды суктанта турган шаар болушу мүмкүн. Эмне үчүн болбосун? Мисалы, 1963-70-жылдары кадимки эле азыркы Дубайдын орду чөл болуп турган, азыр ал кандай шаар. Мамлекет – бирөө, ушул жалгыз өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн баарыбыз бир максатта, бир багытта кетишибиз керек. Асман келечектин шаары, өнүгүүнүн символу болуп жатат. Келечекте балдарыбыз бактылуу, экономикасы кубаттуу, өнүккөн өлкөдө жашасын десек, эмне үчүн колдогонго болбосун? Укуктук өлкөдө жашап жаткан соң ар бирибиз мыйзамды сыйлашыбыз керек. Асман шаары мамлекеттин эмес, инвесторлордун акчасына салынат деп жатышат. Мен бул шаардын куруларына ишенем.
– Мыйзамды бекем карманып, сыйлайсызбы?
– Ишенесизби, мен баарын эл көрсүн деп эмес, өзүм үчүн жасайм. Унаамдын ичин көрсөңүз, таштанды толтура, чөнтөгүмө да аны-муну салып жүрө берем. Эч качан көчөгө таштанды ыргытпайм. Үйүмдү кандай таза кармасам, мамлекетке да ошондой кам көрүш керек деп аракет кылам. Таң эрте жумушка баратып “Тазалыктын” кызматкерлеринин кантип иштеп жатканын көрөм. Мисалы, кыштын күнү суукта тизесине чейин кар кечип көчөнү тазалап жаткан болушат. Ошол эмгекти баалашыбыз керек. Мыйзамды сыйлоо боюнча... Мындан 4 жыл мурун Айт майрамынын алдында кой алып келгени Таластын бир жайлоосуна барып калдык. Койду унаага салып, анан рулга отуруп коопсуздук курун тагынып жатсам, тиги малчы “тоодо эмнеге кур тагынып жатасың?” деп таң калып жатпайбы. Унаага отурарым менен коопcуздук курун тагынам, бул МАИ кызматкеринен коркуу эмес, өзүмдүн коопсуздугум үчүн керек. Өлкөбүздүн бардык мыйзамдарын, эрежелерин сактаганга аракет кылам.
– Радио менен телени салыштырганда, экөөнүн кайсынысынын артыкчылыгы көбүрөөк?
– УТРКнын босогосун аттаганыма 15 жыл болду. 18 жашымда баргам, мына 33кө чыктым. “Миң кыял” радиосунан баштаган ишимди Биринчи радиодо уланттым. Былтыр Кытайга окууга кетердин астында радиодогу ишимди жыйынтыктадым. Ал эми “Ала-Тоодо” иштеп жатканыма 8 жылга баратат. Радио менен телевидение куштун эки канатындай, экөөнү бөлүп карай албайм. Радионун бир өзгөчөлүгү – маалымат ыкчам жетет. Телекөрсөтүүдө видеону монтаждап, даярдаганга бир топ убакыт талап кылынат. Андан тышкары телевидениеде жоопкерчилик күчтүүрөөк, анткени башыңдан тарта бутуңа чейин баары көрүнүп турат.
– Маектешүүдө да, фотосессия учурунда да байкадым, сизде “уят болуп калбайын, туура эмес көрүнүп калбайын” деген сыяктуу этияттануу көп экен...
– Туура байкагансыз, телевидение адамды бир рамкага салып коёт. УТРКнын босогосун жаңы аттаганымда “кечки саат 9-10дон кийин көчөдө баспашың керек” дешсе, такыр эле башкача элестетип алыптырмын. Көрсө, мунун баары “сен эл көзүндөгү адамсың, өзүңдү туура алып жүрүшүң керек” дегени экен. Көбүнчө классикалык стилде, костюм-шым кийип жүргөндүктөн, спорттук жеңил кийимде өзүмдү эркин сезе албайм. Телевидение – бул камера да, камеранын алдында сөзсүз 15-20 мүнөт даярданасың. Элге жагымсыз таасир калтырбасын, галстук-жакам түзбү дегендей... Ушунун баары, балким, бизди белгилүү бир рамкага салып койгондур. Негизи ээн-эркин болууга мүмкүн жерде эркин элемин.
– Мисалы, кайсы жерде ээн-эркин жүрөсүз?
– Албетте, үйдө эркинмин. Көпчүлүк мени олуттуу кабыл алат, жашымды 40тан ашкан деп ойлошот. Балким, достордун арасында эркинсизби деп сурагыңыз келип тургандыр. Таң калбаңыз, мен 60-70 жаштан ашкан эже-агалар, аксакалдар менен жакшы сүйлөшөм. Кээде тааныштарым “абышкадайсың” деп тамашалап калышат. Бала кезде чоң эненин тарбиясын алып калдым. Балким, ошонун таасиридир.
– Өткөөл куракта кандай элеңиз?
– Мектепти эрте, 16 жашымда аяктадым. Үйдө эркек балдардын улуусу болгондуктан “сен биздин үмүтүбүзсүң” деп ата-энем жоопкерчиликти моюнума эрте эле илип коюптур. Шаарга келгенде да окуу менен алек болдум. Чогуу жашаган балдар “жүрү, компьютердик клубга барып келели, сейил бакка, дискотекага баралы” дешсе көнчү эмесмин. Анан бир күнү аларга кошулуп интернет клубга бардым. Түнү менен оюн ойноп, эртең менен үйгө келсем айылдан атам келип калыптыр. Карабайсызбы эми, дал ошол күнү... Жарашпайт да мага андай нерселер.
22 жашымда үйлөндүм, оюн-зоокто жүрүүгө деле убакыт болгон жок. Азыр эми бош убакыт боло калса балдарыңды ойнотосуң, алардын кубанганын көрүп ырахат аласың.
– Балдарга убакыт бөлүүдө маселе жокпу?
– 2 уул, бир кызым бар, аларга убакыт бөлүүгө аракет кылам. Бирок ачыгын айтайын, меники тийди-качты. Жарым саат-бир саат убакыт табам араң. Билем, түшүнөм, убакыт өтүп жатат, алардын балалыгы өтүп кетет бат эле. Бирок баары бир көр турмуш да. Кызым 8 айлык болуп калды, кыз киши башкача болот экен, убакыт тапсам эле анын жанына баргым келет. Бирок баягы эле – тийди-качты, жарым саат ойнотуп туруп эле жубайыма бере салмай.
– Үй иштеринде жубайына жардам бергендердин катарындасызбы же...
– Аракет кылам... Биз “астында ашы, үстүндө үйү турат, кийими бүтүн” деп материалдык жагын ойлоно берет экенбиз да. Көрсө, аялга көп нерсенин деле кереги жок экен. Кээде жубайым “көңүл бөлбөй баратасың” деп калат. Көп учурда жумуштан кеч келип, таң эрте кетип калам. Аялга эркектин жөн гана жакшы сөзү, жылуу мамилеси, убактысы керек. Ушуну дээримде түшүнөм. Айрым эркектердей жумуштан кийин бильярдга же дагы башка жактарга кетип калбайм. Иштер бүттүбү, дароо үйгө шашылам.
– Балага атасынын гана эмес, апасынын да атын берүүгө уруксат берилсин деген тема талкууга түшпөдүбү. Ушул боюнча кандай пикирдесиз?
– Ушундай суроо берериңизди билгем. Кыргызда эмне үчүн “ата тегиң ким?” деп жети атаны сүрүштүрөт? Бул бекеринен эмес. Балага апасынын аты берилсин деген демилгенин өзөгү каякта жатат, билбейм. Ата болуу оңой, бирок аталык кылуу кыйын деп жатышпайбы, балким, айрымдарга сабак болсун деп жатышкандыр. Балким, жалгыз бой энелер документ иштеринде кыйналып жаткандыр. Мамлекеттик катчыбыз “атанын аты менен гана тукум сүрүштүрүлөт” деп билдирүү жасады, мен анын пикирин толук колдойм.
Гулийпа Маметосмон кызы