Каным Автандил кызы, Турсунбай Бакир уулунун жубайы: “БИЗДИН МАМИЛЕГЕ 36 ЖАШ АЙЫРМАЧЫЛЫК ТОСКООЛ БОЛГОН ЖОК”

Каным Автандил кызы белгилүү саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунбай Бакир уулунун жубайы. 22 жашында турмушка чыккан, учурда 4 баланын мээримдүү энеси. Турсунбай мырза Каным айымга баш кошкондо коомчулукта саясатчынын дарегине түрдүү сындар айтылган. Элдин кеп-сөзүнө чыдоо оор болдубу? Үмүт-тилектер орундалдыбы? Каарманыбыз айтып берет.

“АНЫН ТАЛАМЫН ТАЛАШСАМ, БААРЫ МЕНИ ТАЛАП КЕТИШКЕН”

– Ак-Талаа районунун Чолок айылында төрөлүп өскөм. 11-классты бүтүп Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окуп калдым. 2015-жыл болсо керек, жолдошум мурунку жубайы менен ажырашып аябай талкуу болуп жаткан. Ал кезде Турсунбай Бакир уулу деген ысымды эле укпасам, өзүн тааныбайт болчумун. Ажырашкандан кийинки интверьюсун көрүп, видеонун астындагы комментарийлерди окусам баары эле жаш кыздын башын айлантып үйлөнгөн деп жамандап жазышыптыр. Ошондо жаш кыз болсо эмне экен, мээси бардыр, ойлонуп тиет да деп жазып койсом, баары мени талап кетишти. Ошондо бир эже ушинтип таламын талашып отуруп, кантип анын аялы болгонуңду билбей каласың деп жазган эле. Кийин анын сөзү реалдуулукка айланып жатпайбы (күлүп). Менде Турсунбай Бакир уулуна болгон кызыгуу ошол талкуудан кийин ойгонгон.

“МЕНИ ПАРТИЯСЫНДАГЫ БАШКА КЫЗГА ОКШОШТУРУП АЛЫПТЫР”

– 2015-жылы парламенттик шайлоого даярдык жүрүп жаткан. Мен теңдүү студенттер талапкерлердин үгүт иштеринде иштешчү. Иштебесем да КСДПны колдоп, анын жарнамалык видеолорун баракчамдан бөлүшүп турчумун. Менде Одноклассникиде достукта азыркы жолдошум да бар эле, мурун бири-бирибиздин баракчабызга баш багып сүрөттөрүбүздү эле көрүп турбасак, сүйлөшпөйт элек. Бир күнү Турсунбай Бакир уулу биздин партиянын жаштар канатынан талапкер болуп жатып, эмнеге КСДПнын видеолорун бөлүшүп жатасыз деген таарыныч катын жазып жибериптир. Мен эч кайсы партияда мүчө эместигимди айттым. Көрсө, бул киши мени өзүнүн партиясындагы жаштардын тизмеси менен шайлоого бараткан башка кыз менен окшоштуруп алыптыр. Ал кыз да Ак-Талаадан болот, экөөбүз аябай окшошпуз. Ошондон тарта сүйлөшүп тааныш болуп калдык. Кийин мени партиясындагы ошол мага окшош кыз менен тааныштырам деп жолугушууга чакырды.

“БИРИНЧИ ЖОЛУГУШУУДА ЭЛЕ БАЙКЕМДЕН ТОКМОК ЖЕГЕМ”

– Биринчи жолугушуубуз “Бета сторесте” болгон. Жолдошум мени тааныштырам деген кыз ал күнү жумуштары чыгып келбей коюп, экөөбүз эле тамактанып отурдук. Номерин берди эле, аны бажырайтып “Турсунбай Бакир уулу” деп сактап алгам деп коюңуз. Мен үйгө жеткенде жакшы жетип алдыңызбы? деп жазган экен, аны байкем көрүп калып жатпайбы. Ошондо ызы-чуу башталды, сен эмнеге муну менен сүйлөшөсүң? Жаш аялы менен жаңы эле ажырашыптыр, эми кезек сага келдиби? деп аябай тилдеди. Бүгүн биринчи жолу жолуктум десем ата-энем да, байкем да ишенбеди. Байкем бети-башымды көк-ала кылып токмоктоп салды. Ал кезде Жал кичи районунда шарты жакшы батирде турчубуз, байкем ачууланып мени жазалоо иретинде Арча-Бешиктеги эч шарты жок батирге бөлүп койду. Байкемди деле түшүнөм, мени эсине келсин деди да. Ал үйдө килем-палас, идиш-аяк, атүгүл терезенин пардасы да жок аңгыраган бош үй эле. Ошондо азыркы жолдошума чалып сиздин айыңыздан туугандарым мени бөлүп коюшту деп аябай буркурап ыйлагам. Эртеси ал менин абалымды сураганы окуу жайга келиптир, бети-башым көк-ала, көрүп эле байкең менен сүйлөшөм деди. Үйүмдө эч нерсем жок десем, килем-палас, идиш-аяк, күзгүдөн бери сатып алып, жардамчысынан берип жибериптир. Бир жумадан кийин байкем алып кетем деп келип, үйдө баары бар экенин көрүп таң калды. Ошондо сен чын эле бул киши менен жүрүп алган турбайсыңбы, бизсиз деле жашооң сонун экен деп катташпай койду. Ата-энем, бир туугандарым эч кимиси кабар албайт, мен аларды сагынам, күндө ыйлап жүрүп ооруп да калдым. Ооруканага жаттым, анда да жакындарым кабар алышкан жок, мага катуу таарынышты. Ошондо азыркы жолдошум күндө эки маал тамагын ташып, дарысын алып берип көңүлүмдү жибитти окшойт. Аял кишиге жакшы сөз, камкордук, көңүл буруу болсо бат эле жибийсиң го. Мендеги бул кишиге болгон сезимдер ошол камкордугунан кийин ойгонду окшойт. Кийин бир туугандарым, ата-энем менен мамилебизди жөнгө салып алдык.

“АПА, ТАК ЭЛЕ СИЗ ТИЛЕГЕНДЕЙ КҮЙӨӨГӨ ТИЙДИМ, ЖАШЫН ГАНА ТУУРА ТИЛЕНБЕПСИЗ ДЕП ТАМАШАЛАП КАЛАМ”

– Биз үйлөнө электе эле айрым ЖМКлар Турсунбай Бакир уулу нике жаңыртты деп биздин чогуу түшкөн сүрөтүбүздү жарыялап жиберишиптир. Жапжаш кыз болсом, алар менен кантип соттошмок элем? Экөөбүз ошол ЖМКларга барып маалыматты төгүндөп бергиле, бул жалган деп жүрүп да көп чогуу болуп калдык. Азыр балдарымдын кылык-жоругуна элжирегенде, ошол жалган маалымат тараткан ЖМКларга рахмат, балким, алар антип жазбаса турмушка чыкпай калат белем деп күлүп калам. Канчалык коомчулуктун талкуусу, басымы болсо да ортобуздагы 36 жаш айырмачылык, өйдө-ылдый айтылган сөздөр биздин үй-бүлөнүн курулушуна, ортобуздагы мамилебизге тоскоол боло алган жок. Мен ушул кишини өмүрлүк жолдошум катары тандаганыма өкүнбөйм. Дайыма сыйлап, сиз деп турат. Ачуусу келгенин мени “сен” деп чакырып калганда сезем (күлүп). Кичинемде апам жолдошуң ичпеген, чекпеген, үй-бүлөсүнө жоопкерчиликтүү адам болсо экен деп бата берчү. Азыр апама апа, мына сиз каалагандай күйөө бала таптым, ичпейт, чекпейт, үй-бүлөсүнө камкор, мени сыйлайт, абдан сылык, жөнөкөй, бир гана жашын туура сурабай калыпсыз да деп тамашалап калсам, апам мени менен кошо каткырып калат. Мага жаш айырмачылыгы сезилбейт деле. Кээде жаштык кылып эмоцияга алдырсам, мага теңелбейт, токтоо.

“КЫЗДАРДАН АЯБАЙ КЫЗГАНЫП ЖҮРДҮМ”

– Жаңы баш кошкон кезде аябай кызганчаак элем. Эч жакка чыгарбайм же бир жакка барса ээрчип алам. Бирөөлөр менен кафе-ресторанда жолугушуусу болсо алар сүйлөшүп бүткүчө башка столдо карап отурам. Кээдемага күзөтчү болуп алдыңыз го, үйдө эле отура бербейсизби деп урушуп калат. Десе деле болбойм, мени үйгө калтырып кетсе жанын койбой видеобайланыштан чалам кана, көрсөтүңүз, кайсы жерлерде жүрөсүз деп. Азыр эми 4 балалуу болгондон кийин токтолуп калат экенсиң (күлүп). Башында сени да таштап, башка жаш аял алып кетиши мүмкүн деген сөздөр жүрөгүмө сиңип, таштап кетет деп чочулаган окшойм.

“ТҮНКҮ СААТ 2де БАЛДАРГА МАНДАРИН АЛГАНЫ КЕТИП КАЛЫПТЫР”

– Жолдошум абдан баласаак, балдарды такыр урушпайт. Бир жакка кетсем, балдарды карап отура берет. Башка никедеги балдары менен да катташат, алар менен мамилем жакшы, мени “жеңе” же “эже” деп чакырышат. Жолдошум абдан баамчыл, үйдө эмне жок экенин көрсө өзү билип эле алып келип коёт. Өткөндө балдар мандарин жейбиз деп жатып уктап калышты. Жолдошум түнкү саат 2де мандарин алганы тээ алыстагы дүкөнгө жөө кетип калыптыр. Жамгыр жаап жаткан эле, суу болбосун деп унааны айдап алдынан тосуп чыктым. Унаанын арткы эшигин ачып баштыктагы жер-жемиштерди салып жаткан. Бир маалда эшик жабылды, мен аны артка отуруп алды окшойт деп айдап кеттим. “Ушундай түндө барбай эле койбойт белеңиз деп сүйлөп баратам, унчукпайт, артты карасам эч ким жок. Көрсө, арткы эшиктен баштыктарды салып, өзү алдыга отурайын дегенде мен айдап кетип калыптырмын. Кайрылып барсам келе жатыптыр.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан