«БУТ ЭЛЕ КИРЕТ, БУТ ЭЛЕ КИРЕТ, КУТТАН КАБАР ЖОК...»

2000-жылдары тамашалуу ырлардын “атасы” ырчы, куудул Кубик Калыков агабыз эле. Анын “Нан жок”, “Кут” сыяктуу тамашалуу ырлары көпчүлүктүн оозунан түшпөй ырдалып жүргөнү эсиңизде бардыр. Бул жолу ошол “бут эле кирет, куттан кабар жок” деген саптары бар “Кут” деген ырдын жаралуу тарыхына токтолобуз.

Кубик Калыков, ырчы, куудул: “ЭКИ БӨЛМӨЛҮҮ ТАР ҮЙДӨ ЖАШАП ЖҮРГӨНҮБҮЗДӨ ЖАРАЛГАН ЫР”

– 1997-жылы Ак-Өргөөдө 2 бөлмөлүү времянкада жашачубуз, эки балам бар. Ошол эки бөлмөлүү времянкага да келген-кеткен конок көп, киши үзүлбөйт. Кыштын күнү айрыкча тууган-урук шаарга келгенде үй издеп келип калышчу. Эшикте кар, үйүбүздүн ичи тар... Андайда менин тууганым келсе келинчегим кыйын болуп калат, келинчегимдин тууганы келип калса мен кыйын болуп калам, үнүмдү катуу чыгарып ары-бери басып дегендей. Ошентсе да экөөбүз тең келген конокторго сыр бербей, бар-жокту билгизбей, үйдөн колубуздан келгенин жасап даам сыздырып узатчубуз. Бир күнү баары бар, бир күн жок болуп калат дегендей...

Ошондой күндөрдүн биринде кезектеги конокторду узатып сыртка чыксам Жамбыл Камчиев келип калды. Өзү жалгыз да эмес, мен тааныбаган эле 3 кишини ээрчитип алыптыр. Келиңиздер, келиңиздер дедим айла жок. Бут кийимдерин чечип биринин артынан бири үйгө кирип жатышты, буттары суу. Келинчегимдин да жини келип, бирок билгизбей турду, жаңы эле конокторду узатсак анан (күлүп). Анан Жамбыл байке бут кийимин чечип туруп мени карап, эмне жаман көзүң менен карап жатасың? Канча бут кирсе ошончо кут кирет, Кубик деп жатпайбы. Анан мен билбейм, буттар кирип эле жатат, кирип эле жатат, куттан эч эле кабар жок дедим. Ал күнү алар биздикинде калышты. Өзү келсе бир жөн, ата-бабам тааныбаган үч кишини ээрчитип алганына эмне дейсиң (күлүп)?.. Ошондон идея жаралган бул ырга. Ырдын сөздөрүнө маани берсеңиз, көпчүлүк кыргыздардын башынан мындай турмуш өтсө керек.

Асел Турдалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “БУЛ ЫР БҮГҮНКҮ КҮНДӨ ДА ТРЕНДДЕ”

– Мындай тамашалуу ырлар бир нече серия болуп чыккан. Мисалы “Жеңе, жеңе” деген ырды айтсак болот. Булар “Келиндер козголоңу” спектаклине арналып атайын жазылган ырлар болчу. Андан кийин “Нан жок, май жок” деген ыр чыкты. Анын артынан сиз айтып жаткан “Кут” ыры чыкты. Ырды алгач Кубик экөөбүз ырдап чыктык. Клип тарттырган жокпуз, жетишпей калдык. Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна жумушка кирип кеттим. 2005-жылдар болуш керек, мен “Келиндер козголоңун” кайра коюп, ошондо Кубиктен Дем театры менен Келиндер козголоңун койгону жатам. Кут ырын Камчы (ред.: Сарыбаев) экөөбүз ырдайлы, кандай карайсың? деп сурадым. Ал ырдай бергиле, ал сенин да ырың деди. Ошентип Камчы экөөбүз ырдап, концерттин алдында жарнама катары “Келиндер козголоңуна” клип-видео кылганбыз. Клиби менин үйүмдөн тартылган. Ошондо бул ыр Камчы экөөбүз аркылуу элге кеңири тарап, абдан популярдуу болуп кетти. Кичинекей балдар туурап ырдай башташты, анан Орусиядагы мекендештер, башка чет мамлекеттердеги биздин мекендештер ырдап, туурап интермедия аткарып калышты. Кайсы үйгө барсак да канча бут кирсе, ошончо кут кирет. Бут эле кирет, бирок куттан кабар жок дешип, аябай бум болду. Бул ыр бүгүнкү күнгө чейин популярдуу болуп келатат. Азыр деле кичинекей балдар мектептерде болобу, бала бакчалардабы, тойлордобу бизди туурап ырдап калышат. Андыктан мен бул ырды бүгүнкү күндө дагы актуалдуу, трендде деп айта алам. Ошондой эле бул тема, негизинен үй-бүлөлүк драма да, ошол нерсе өмүр бою калат.

Камчы Сарыбаев, актёр: “КЛИБИНЕ “ДЕМ” ТЕАТРЫНЫН ЖАМААТЫ ТОЛУК КАТЫШКАН”

– Бул ыр учурда Тиктокто жайылып кетти го. Ыр негизи Асел эженин сунушу менен ырдалган, анынай, келбейсиңби, экөөбүз чогуу ырдайлы деген сунушу менен ырдаганбыз. Бир фестивалгабы же сынаккабы, чогуу ырдап катышканбыз. Анан клиби тартылды. Клипке болсо “Дем” театрынын жалпы жамааты катышкан. Ага көркөм жетекчибиз Назым Мендебаиров сценарий жазган. Асел эженин батиринин болгон бөлмөсүнүн баарын пайдаланганбыз. Клипти тартып жаткан учурда “Демдин” балдары Асел эжеден сурабай эле жууркан-төшөгүн, чокой-мокоюн, үйүндө эмне болсо баарын жула качып эле ойногонбуз. Асел эже аны коюп койгула, сынып калат деген да эмес.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан