ЧЫРАЙЛУУ БОЛУУ

Чакан текстке бир аңгемелик окуяны батырып, айтайын деген оюн таамай жеткирүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Тээ алыскы айылда туруп ушундай маңыздуу чыгармаларды жаратып жүргөн Каухар Биймамат кызынын кыска аңгемелерин сунуштайбыз.

ЧЫНЫГЫ УУРУ

Уурунун уй уурдап кетип жатканын көрүп, милицияга айтканы үчүн түрмөгө түштү.

БОЗ АЛА БОЛУУ

– Эжеке, 2000-жылы эле бешинчи океан картага түшүптүр, – окуучу ошол океанды өзү ачкандай сүйүнүп айтты.

– Жомокчу окшойсуң, былжырап... – сырттан окуп бүткөн мугалим заар чача сүйлөдү.

– Аа... Мен телевизордон көрдүм, – деп классташтарынын күлкүсүнө калганына бозоруп туруп калды окуучу.

МОСКВА

– О Москва! Менин баруум кыялымда гана калды го, уулум... – ата көздөрү жайнап, энергиялуу сүйлөдү.

– А менин ден соолугум калды го Москвада! – бала алсыз, кайдыгер сүйлөдү...

МУКТАЖДЫК

Бала чагында телевизордон кечиндеси көрсөтүлөр жети мүнөттүк мультфильм үчүн өзүнө буюрулган жумуштун баарын аткарчу. Азыр баласына тамак берүү үчүн телефондон мультфильмдин түрүн көрсөтүп тамак берүүгө даяр.

ЧЫРАЙЛУУ БОЛУУ

Социалдык тармактагы аябай керемет, кооз, ишенимдүү тартылган косметологдун жарнамасынан улам ага барып, сокур болуп калды.

ӨСҮҮ

– Биз калктын санын өстүрүүбүз керек! – деди социалдык коргоо министри теледен.

Суукта от жакканга отуну жок, күйөөсү жакында миграцияга кеткен, эмчекте баласы бар келин телевизорду өчүрүп койду.

ЧӨККӨН КЕМЕ

Атасы ылжып мас. Алынын жетишинче илмеңдеп сүйөгөн тестиер кызынын көзүнө жол четиндеги бөтөлкө көрүндү. Бөтөлкө сыртындагы деңизге чөгүп бараткан кеменин сүрөтү көңүлүн бурду. “Атам байкуш чоң эле болуп туруп кичинекей бөтөлкөгө чөккөнүн кара” деди жашын агызган кыз.

МОТИВАЦИЯ

Ал баарынан түңүлдү, бардык тапкан-ташыганынан айрылды. Кеч күздө жалбырагы түшкөн мулуйган дарактын түбүндө көпкө отурду капалуу. Анан ордунан сүйүнүчтүү турду да, даракты сылап койду.

Ал дарак жылыга жалбырагы күбүлүп, кайра жазында көрктөнүп чыгат.

КАЙТАР ДҮЙНӨ

Үчүнчү кызы туулганда төрөт үйүнүн алдында бакырды:

– Үйгө барчу болбо!

Үчүнчү кызынын тою болуп жаткан, ресторанга кире албай бүжүрөп турду.

Х ХИТ

Алар өздөрүн бактылуу көрсөтүп, хит болуу үчүн дайым сонун видеолорду тартышты, керемет стористтерди коюшту. Алардын жаңжалдашып жаткан видеосу кокустан интернетке тарады да, ох-оо... Хит болуп кетти.

Андан соң баары эле урушкан видеолорду тартып башташты.

ЧЕК АРА

Акыркы үлгүдөгү аскердик курал-жарактар, техникалар көрсөтүлдү. Парад өтүп жатат. А чек арада беш окту санаган кайраттуу жоокер тиштенип турат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1074, 7-13-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан