ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 17-июлдан 23-июлга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Кайсы бир максатка жетүү үчүн мүнөзүңүздөгү терс сапаттарды көрсөтүүгө туура келет. Жөнөкөй көрүнгөндү токтотуп, өзүңүздүн баалуу экениңизди түшүнүңүз. Бул аракетиңизди ийгиликке жетүүнүн негизги ачкычы катары пайдалансаңыз болот. Гардеробуңуздагы кийбей калган кийимдериңизди ыргытпай туруңуз, кийин керек болуп калат. Жеке жашоодо түгөйүңүз менен сезимдериңиз аралык менен сыналат. Жакын адамыңыз алыскы чет өлкөгө сапар тартышы мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Сүйүүдө олуттуу кадам таштоого убакыт келди. Активдүүлүктү эрте баштасаңыз кийин башыңызды мыкчып отуруп калбайсыз. Жумушта бир орунда турбай, такай изденүүнүн үстүндө жүрөсүз. Бул аракетиңиз жакшы сый акы менен бааланат. Ар бир сөзгө териге берген майда адамдар менен мамиле түзүүгө туура келет. Бирок өзүңүздү татыктуу алып жүрүңүз, бой көтөрбөңүз, чыр-чатакты ырбатпаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Эгерде сизде бир нерседен шектенүү болсо, өзүңүздүн божомолдоруңузга гана таянбастан, далилдерди да келтиришиңиз керек. Байланыш чөйрөсүн кеңейтүү үчүн абдан жагымдуу мезгил, мындай чөйрө сизге келечекте абдан пайдалуу болот. Каржы маселесинде сизге жакшы кеңеш берген, жаңы жумуш сунуштаган адамдар табылат. Достор менен этияттап мамиле курууга туура келет, анткени көбү далыңыздан бычак сайышат. Бизнесиңиз болсо, жаңы жумуш орундарын түзөсүз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Болгон күч-аракетиңизди жумушка жумшап, берилген тапшырманы ойдогудай аткарсаңыз көп нерсеге жетишесиз. Убактысынын көбүн смартфон тиктеп өткөргөндөр өзүн алаксытып, социалдык желеде отуруу убактысын чектеген программаны орнотушу керек. Кирешелүү сунуш түшөт, кабыл алып көп каржылык маселелериңизди чечип аласыз. Сүйүүдө өз максатыңызга жете билиңиз, бир эшик жабылса аны ачуунун көп жолдору чыгат.


АРСТАН (23.07–23.08)

Көп адамдар сиздин жашооңузда болуп жаткан окуяларга аралашууну каалашат. Башында акырын жашооңузга кирип келсе, кийин сизден уруксат сурабай кирип баштайт. Жеке маалыматтарыңыздын бардык социалдык тармактарда жарыяланышын каалабасаңыз, эч ким менен бөлүшпөңүз. Эгер кандайдыр бир маанилүү ишти пландаштырып жатсаңыз, анда ниетиңизди жашыруун сактоого аракет кылыңыз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Өзүңүзгө туура баа берип, дарегиңизге мактоо сөздөрүн айтканды унутпаңыз. Жаныңызда колдой тургандар жок болсо, шыктандыруучу жазууларды жазып, аларды көрүнөө жерге чаптаңыз. Өзүңүздүн таланттарыңызды, жетишкендиктериңизди жана амбицияларыңызды тез-тез эстетип туруңуз. Сүйүүдө көзгө чөп салуу аракети болот, сиз муну азыр билбесеңиз да, жакын адамыңыздын чыккынчылыгы бир аз убакыттан кийин билинет.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Максатыңызга жетмейинче токтобоңуз. Таразалар керектүү учурда керектүү жерде болуу жөндөмүнө ээ, бул сизге көп жардам берет. Канчалык окуянын чордонунан алыс болууга аракет кылбаңыз, окуя сиздин тегерегиңизде жүрөт. Сүйүктүүңүз сизден көбүрөөк көңүл бурууну талап кылышы мүмкүн. Анын талабын өз убагында аткарбасаңыз, ортодо кайдыгерлик орун алып, бул мамилеңиздерди биротоло муздатат.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Эң сонун натыйжаларга жетүү үчүн талыкпай иштешиңиз керек. Жалкоолук кармаса, алдыга койгон пландарыңыздын баарын таш кабат. Аптада өзүңүздү эркелетип таттуу жегенге уруксат бериңиз. Сүйүүдө жакын адамыңыз “каприздериңизди” көтөрө албай катуу сүйлөп алышы мүмкүн. Андыктан бул учурда сабырдуу болуп, окуяны башкарууну колго алганыңыз туура. Карызга акча албаңыз, кийин төлөп бере албай кыйналасыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Жашооңуздагы эң оор учурда сиз менен чогуу болгон адамдарды сыйлап алуу убактысы келди. Аларды конокко чакырып ыраазычылыгыңызды айтсаңыз болот. Кыз-жигит мамилесинде жүргөндөр мамилесин мыйзамдаштырса болот. Бойдоктор азырынча бардык күчүн билим алууга жумшаганы туура. Кол коюу менен байланышкан иш кагаздарын нотариус же юристтин күбөсүндө жасаңыз, бул сизге алдыдагы алдамчылык иштерин болтурбоого жардам берет.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Башка адамдардын пикири сиз үчүн абдан маанилүү, андыктан өзүңүздүн аброюңузду эң жакшы жолдор менен сактап калууга аракет кыласыз. Кесиптик квалификацияңызды жогорулатуу же жаңы нерсени үйрөнүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт. Үлпөт той, маараке сыяктуу салтанаттарга чакыруу аласыз. Буга чейин бир чечимге келе албай кыйналып жүргөн текечерлер бардык тараптан талдоо жүргүзүп бир чечимге келишет.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Күтүүсүз окуяларга даяр туруңуз, айттырбай алыстан конок келиши күтүлөт. Жакын досторуңуздун бири калп айтып, сизди туура эмес багытта алып бара жатканын сезесиз. Андай достор менен мамилени дароо үзбөсөңүз көп зыянын тартып каласыз. Ата-эне, бир туугандар менен жакындыгыңызды далилдеп сүйүүңүздү көрсөтүүгө убакыт келди. Сүйүүгө туруксуз адам менен мамиле түзүп калышыңыз мүмкүн.


БАЛЫК (20.02–20.03

Бизнес идеяңызды айрымдар жактырбагандай түр көрсөтсө да, аны ишке ашырууга камдана бериңиз. Ал ишти таштап салсаңыз, башка бирөө илип кетип ийгиликтүү аягына чыгарышы мүмкүн. Мыйзамсыз иш жасап укук коргоо органдары менен маселе жаратып албаңыз. Түгөйүңүз сизге “мени кызганбайсың, демек, сүйбөйсүң” деп айып тагышы мүмкүн. Сиз тескерисинче сүйүү, ишеним бар жерде гана туруктуу мамиле болорун түшүндүрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан