ӨЛКӨ ЖЕЛИМ БАШТЫКТАРДЫ КОЛДОНБООГО БЕТ АЛДЫ: ДЕМИЛГЕ АЯГЫНА ЧЫГАБЫ?

Парламент 29-июнь күнү өлкөдө бир жолу колдонулуучу желим баштыктарды пайдаланууга акырындык менен тыюу салууну караган мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоорунун автору Марлен Маматалиев “мыйзам күчүнө кирип, бара-бара желим буюмдарды колдонуудан биротоло баш тартышыбыз керек” дейт. Айрымдар бул мыйзамдын терс жагы да болот дешүүдө.

Марлен Маматалиев, депутат: “Жылына 6 миң тонна желим баштык колдонулууда”

- Аталган мыйзам долбоорун сунуштаганыма 3 жыл болду. Быйыл кабыл алынды, жакында күчүнө киргени турат. Желим буюмдар биздин күнүмдүк турмушта кенен колдонулат, ошондуктан анын баарынан дароо баш тартуу мүмкүн эмес, буга акырындан келишибиз керек. Буюрса август айында мыйзамга президент тарабынан кол коюлса, алгач биосфералык зоналарда, улуттук парктарда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Полиэтилен баштыктары, дегеле желим буюмдардын баары айлана-чөйрөгө зыян экени түшүнүктүү. Желим баштыктан такыр баш тарта албасак, анда аларды 3-6 айда жок болуп кетчү крахмал же ушул сыяктуу заттар менен жасай турган кылыш керек. Өлкөдө 406 таштанды төгүүчү жай, 107 таштанды полигону бар, булардын баарында желим буюмдар өрттөлөт. Андан чыккан түтүн рак оорусун козгой турганын адистер айтып келишет. Жылына 3 миң тонна полиэтилен баштыгын чет өлкөдөн алып киребиз, дагы ошончо тонна баштыкты өзүбүз өндүрөт экенбиз. Бул экологияга жана жарандардын ден соолугуна болуп көрбөгөндөй чоң зыянын тийгизет. Андыктан желим баштыктарды колдонуудан баш тартып, биологиялык таза баштыктарга өтсөк өзүбүздүн өлкөгө, ден соолугубузга кам көргөн болот элек.

Канышай Рысбекова, эко-активист: “Өнүккөн өлкөлөр желим баштыктарга тыюу салышкан”

- Адам баласы өзүбүздү сактап калыш үчүн, бүгүн айлана чөйрөнү сакташыбыз зарыл. Келечек муундун дени сак болсун десек, анда желим буюмдардан баш тартуубуз кажет. Желим баштыктарды кайра иштетүүдө (утилдештиргенде) канцероген, диоксид, оксид, азот сыяктуу уулуу заттар бөлүнүп чыгат. Булар албетте абага тарап, айлананы ууландырат. Азыркы учурда оорунун түрү көбөйгөнүнүн себеби ушунда. Жаныбарлар таштандыга ыргытылган тамак-ашты желим баштыкка кошо жеп өлүп жатышат. Анткени андай баштык жаныбардын ашказанында тургай, топуракта 100-400 жыл жатса да чирибейт. Желим буюмдардан баш тартуу оңой эмес, бирок бийлик саясий эрк көрсөтүп, комплекстүү көзөмөлгө алса ишке ашырса болот. Кагаз баштыктарга же көп жолу колдонулуучу баштыктарга өтөлү. Өнүккөн өлкөлөрдүн баары желим баштыктарга тыюу салышкан. Өнүккөн, таза өлкөнү кийинки муунга өткөрүп берели десек, анда камкордукту айлана-чөйрөнү коргоодон башташыбыз керек.

Гүлайым Донбаева, географ: “Мурдагыдай матадан тигилген баштыктарга өтсөк болот”

- Парламент кабыл алган мыйзам туура. Жаратылышка адам баласынын таасири зор, желим баштык антропогендик таасирлердин күч алганынан кабар берет. Бирок бир нерсеге тыюу салганда сөзсүз альтернативдүү жолдор каралышы керек. Мисалы, илгери апаларыбыз матадан баштыктарды тигип колдонушчу. Бүгүнкү күндө бизде жеңил өнөр жай өнүккөн, балким, өкмөт масштабдуу түрдө ошондой матадан баштык тигүүгө тапшырма бериши керектир. Баасы өтө кымбат болбошу зарыл, элдин капчыгына чак келгендей баада болсо дейт элем. Мисалы, дүкөндөрдө желим баштыктар бекер берилет да. Кагаздан жасалган баштыктарды колдонсо да болот. Алар бат чирийт, кийин кайра эле топуракка сиңип кетет. Ысык-Көл облусунда желим баштыктарды колдонууга кескин тыюу салынганы жакшы саамалык, бул демилгени калган 6 облус улантып кетсе жакшы болмок. Элдин аң-сезимин өзгөртүп, комплекстүү, жоопкерчиликтүү иштеп, сатуучулар, керектөөчүлөр, жалпы киришсек маселе оңой эле чечилет.

Анара Султангазиева, “Экологиялык коопсуздук” коомдук уюмунун аткаруучу директору: “Кагазды үнөмдөө үчүн желим баштыкты ойлоп табышкан”

- Желим баштыктын тарыхына токтолсок, мындан 1 кылым мурун кагазды үнөмдөө үчүн желим баштыктарды ойлоп табышкан. Кагаз бак-дарактардан жасалат эмеспи, ушул нерсе жаратылышка оор зыянын тийгизе баштаганда желим баштык колдонууга өтүшкөн экен. Убакыттын өтүшү менен эми андай баштыктардын да зыяны келип чыгууда. Өпкө, жүрөк, кан-тамыр ооруларын, аллергияны козгойт деп жатышат. Дүйнөдө 50дөн ашык өлкө зыяндуулугу үчүн желим баштык колдонуудан баш тартышкан. Адистердин айтымында, Кыргызстанда целлофан өндүргөн ондой чакан ишкана бар. Жылдык кирешелерин эсептеп чыкканда, 16 миллион сомду түзүптүр. Бирок бул суммадан элибиздин ден соолугу жана экологиябыз жогору турушу керек. Желим баштыктарды өндүргөн жана импорттогон ишкерлердин бизнесинин багытын өзгөртүүгө өкмөт көмөк көрсөтүүсү зарыл. Мисалы, топуракта 4 күндө жок болуп кете турган экологиялык баштыктар бар, ошондой баштыктарды чыгарышсын. Парламенттин желим баштыктарды колдонууга тыюу салуу демилгесин колдойм. Биринчиден, мындан адам эмес, жер, суубуз, айыл чарба тармагы, жан-жаныбарлар жапа чегүүдө. Анткени желим баштыктарды өрттөөдө чыккан түтүн аларды дем алдырбай жатат. Негизи эле адамзаттын жашоо турмушундагы көп эле нерселер жаратылышка зыян, унаа айдайбыз, учакта учабыз анын баарынан зыяндуу түтүндөр чыгат. Бирок баары бир жаратылыш менен жан-жаныбарлардын коргоочусу - адамзат.

Кызыктуу маалымат

  • Жаңы мыйзам күчүнө кирсе, тыюу салынганына карабай полимер материалдарын өлкөгө ташып келгендер, өндүргөндөр, саткандар жана тейлөө чөйрөлөрүндө акысыз тараткандар жоопко тартылышат.
  • Кытайда күнүнө 3 миллиардга жакын желим баштык өндүрүлөт, аны өндүрүүгө миллиондогон баррель мунайзат колдонулат. 2008-жылы Кытай өз өлкөсүндө желим баштыктарды колдонууга тыюу салган.
  • Сингапурда желим таштандыларды кайра иштетүү тармагы өнүккөн, андан убактылуу жашаганга үйлөр курулат.
  • Сингапур, Бангладеш, Тайванда желим баштыктар көп колдонулат. Андай баштыктардын айынан канализациялар, дарыялардын нугу тосулуп, суу ташкындарынын пайда кылган учурлар болгон. Ушундан улам аны колдонууга чектөө киргизилген.
  • Желим баштыктар 100-400 жылга чейин чирибейт. Топуракта 1000 жылга чейин жата берет.
  • Дүйнө жүзү боюнча таштандылардын 10 пайызын желим баштыктар түзөт.
  • Дүйнөдө жылына 5 триллион желим баштык чыгарылат.
  • Жыл сайын желим баштыктардын айынан 300 миң жаныбар набыт болот.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан