– Саламатсызбы, Кадыр мырза? Жай ортолоп калды, жумуштун баарын токтотуп эс алууга чыгууга убакыт келдиби?
– Саламатчылык. Быйыл жайында көбүрөөк эс алам го деп ойлогом. Бирок тойлор болуп, алыска эс алууга кетүү мүмкүн болбой жатат.
– Тойго алпаруучулук кылууну “Тамашоуго” аралашкандан кийин баштадыңыз беле?
– Ооба. “No name” командасы элге тааныла баштаганда бизди Оштогу тамадалар тойдо өнөр көрсөтүүгө чакыра башташкан. Бир тойдон 3000-5000 сом алчубуз. 1 жылдай ошентип иштеп жүрдүк. Мурат Жалиев, Эмил Токтошев үчөөбүз биригип акыбызга 5 миң сом алсак, тамадалар 10-15 миң алышчу. Анан жашоо ушул жакта окшойт деп тамадалыкты үйрөнүп, иштей баштадык.
– Негизи сиздин чыгармачылык чөйрөгө аралашып калууңузга ким себепчи болду?
– Жакын досум, “No name” командасынын капитаны Мурат Жалиев себепчи. Экөөбүз ОшТУда бир тайпада окуганбыз. Айылда волейбол ойноп чоңойгондуктан университетке келгенде окуу жайдын волейбол курама командасына кошулгам. Мен спорт залда жүрсөм, Мурат концерттик залда жүрчү. Мен Муратты волейболго тартканга аракет кылсам, ал мени маданият чөйрөсүнө тарта берчү. Бир жолу факультеттер аралык КВНге күйөрман болуп барганбыз. Кийин дагы бир жарышта агайы Муратка “КВН команда курап чыгасың, чыкпасаң зачёт коюп бербейм” дептир. Ошондо Мурат “досум, мага жардам бересиң” деди. Дагы 2 баланы коштук, 4 бала болуп КВНге катышып 2-орунду ээледик. Эртеси университетке барсак, кыздар бизди сөөмөйү менен көрсөтүп шыбырашып калышыптыр. Айтор, бизди студенттердин көбү тааный баштады. Ошентип анан волейбол кала баштады. Баары Мураттын “бир эле жолу мага шерик болуп сахнага чыгып кой, бүттү” дегенинен эле башталып кетти.
– Ачка калып, ток болуп... Студенттик күндөр оюн-күлкү менен эле өтүп кеттиби?
– Бир жолу күзүндө айылдан 2 мүшөк алма терип, Ошко алып келип саткам. 300 сом болгон, бул сумма анда чоң эле акча болчу. 200 сомго спорттук костюм алам, калган 100 сому бир жума жашаганга жетет деп аябай сүйүнгөм. Анан эле жолдон бир оюнду көрүп калдым... Көмкөрүлгөн стакандарга шарик бекитип аралаштырып, кайсынысында экенин тапсаң акча берген оюн бар го? Биринчи жолу көрүшүм, кызык болду. Карап турсам, бир киши 20 сом коюп, 20 сом утуп алды. Мен 50 сомду коюп, уттуруп койдум. Ошол 50 сомду кайтарып алышым керек деп дагы 50 сом койдум, кайра уттурдум. Жиним келе баштады, 100 сомду кайтарып алам деп 100 сом чыгардым. Ошентип аягында баягы 300 сомдун баарын уттуруп отуруп калдым. Ошондон кийин андай оюндарга жолобос болгом.
– Мындан 2 жыл мурун башыңызга оор сыноо түштү. Балдарыңыздын апасынан айрылып калуу оор болгону айтпаса да түшүнүктүү...
– Мындайды эч кимдин башына салбасын. Бешенеге жазган экен, ошол күндү көрдүк. Чындыгында абдан оор болду, өзүмдү таппай калдым. Кичинекейим 1,5 жашта, эмчектен чыга элек кези болчу. Балдарым апасына жакын эле да, мен көбүнчө сыртта жүрчүмүн. Жашоом караңгылай түштү. Эмне кылам, балдардын келечеги эмне болот, кантип багам деген ой жеп койду. Кичинекейим менден башкага көнбөй жатты, мени менен уктайт. Эмчек эмбей калганда 3 күн дене табы көтөрүлүп, түнү менен ыйлап чыкты. Ошондо мага алчанын кыямы жардам берди. Бөтөлкөсүнө кайнатылган суу куюп, ага кыямдан 2 кашык кошуп аралаштырып, жаныбызга коюп жатам. Түндө ыйлаганда берсем, ичип жатып уктап калат. Анан акырындан тамакка өтө баштадык. Балам бара-бара таенесине, башкаларга көнө баштады. Тирүүлүктүн күнү өтө берет дегендей көнбөстүккө айла жок экен. Балдарды өзүм карадым, таенеси карашты. Балдар апасын сагынат, аны байкайм. Кичүү баламдын тагдыры меникиндей болуп жатат деп аябай өкүндүм. Мен дагы эмчектен чыга элек убакта, 1 жашымда апамдан айрылгам.
– Бул тууралуу билген эмес экенбиз...
– Минтип кичинемден эле сыноолорго кабылгам. Апам каза болгондон 3-4 жылдан кийин атамды үйлөндүрүшкөн. Ошол апам чоңойтту мени. Ал апамдан 1 карындашым, бир иним бар. Жалпы 8 бир тууганбыз. Бул мунун баласы, бул тигини баласы деген бөлүнүү жок бизде, баарыбыз бир тууганбыз. Кийин студент кезде атамдан айрылып калдык.
– Атаңызды эскерип берсеңиз, кандай киши эле?
– Аябай жакшы адам болгон. Айылдагылар, туугандар да “атаң жакшы киши болгон” деп көп айтышат. Атамдан бир да жолу таяк жеген эмесмин, бир жолу гана катуу түртүп жибергени эсимде. Ал күнү өзүмдөн 1-2 жаш улуу бала менен мушташып кетип, аны уруп койгом. Үйгө келсем, ал баланын ата-энеси баласын үйгө жетелеп келиптир. Анын бир көзү шишиген... Атам “бери кел” деди эле качып кеттим. Качып баратсам ары жакта бир тууган агам достору менен отуруптур. Ал мени кармап атама жетелеп барды. Атам сабаган эмес, “бул эмне кылганың?” деп бир түрткөндө арыкка кулап түшкөм. Муну бизге коңшу жашаган тууганбыз көрүп калып, мени үйүнө алып кеткен. Ошонун үйүндө бир күн жатып, эртеси келсем, атамдын ачуусу тарап калыптыр.
– Мүнөзүңүздү ата-энеңиздин кимисиникине окшоштурушат?
– Адамга сылык мамиле жасаганым жагынан апамды тартыпмын. Апам көп жыл бала бакчада тарбиячы болуп иштеген. Аракетчилдигим, чынчылдыгым жагынан атамды тарткам.
– Жаңы үйлөнгөн учурду бир эстесек...
– 2010-жылы атамды жерге берип, кийинки жылы жылдык өткөрдүк. 2 эжем, 1 агам Орусияда иштешчү, алар да келишти. Жылдыктан кийин “сен бир кыз менен сүйлөшүп жүрөсүң, билебиз. Жакшы көрөсүңбү, үйлөнөсүңбү?” деп сурап калышты. “Ооба” дедим. Ал кезде раматылык келинчегим менен сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 2,5 жылдай болуп калган. “Анда ошол кызга сөйкө салып коюп кетели. 5-6 айдан кийин той өткөрөбүз” дешти. Эртеси күнү эле сөйкө салууга барышты. Анын ата-энеси “сөйкө салынган кызды көп кармай албайбыз. Алсаңар эрте алып кеткиле” дешти. Ошентип 2011-жылы 29-июлда сөйкө салууга барып, 3-августта үйлөнүп калдык. Анткени эжем, байкемдер 4-августтан кийин Орусияга кайра кетишмек.
– Өзүңүз айтмакчы, тирүүлүк улана берет. Кайрадан турмуш курайын деген ойлор барбы?
– Бул тууралуу азырынча жооп бербей турайынчы. Жаңылыктар бар, буюрса кийин айтып берем.
– Макул. Чыгармачылыкта кандай пландарды коюп жатасыз?
– Ошто “Көңүлдүү жигиттер” лигасын ачпадым беле? Ошонун базасын кийинки жылы Бишкекке жылдыралы деп ойлоп жатам. Анткени “Тамашоу” азыр токтоп турат, борборго ушундай лига керек. Коңшу өлкөлөрдүн КВНдери өсүп бара жатат, биз да өстүрүшүбүз керек. Көп таланттарды чыгарбыз, долбоорлорду ачабыз, буюрса. Пландар көп.
Быйыл Бишкекте Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда Ала-Тоо кубогун өткөрдүм эле. Ошондо министрлик “Маданияттын мыктысы” төш белгисин такты. Бул сыйлык мага дем-күч берди. Наамды актап, мындан чоң наамдарга жетишкенге аракет кылып, өз тармагыбызда көп ийгиликтерди багындырууга аракет кылабыз.
Мындан тышкары, балдарымдын билимине инвестиция жасагым келип турат.
– Бар болуңуз! Жакшы жаңылыктарыңызга гана күбө бололу.
Перизат Музуратбекова