БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ БӨЙРӨК АЛМАШТЫРЫЛАТ...

  • 17-июлдан тарта Бишкек-Балыкчы поезд каттамы күн сайын каттай турганы маалымдалды.
  • Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылды.
  • Кыргызстанда жакында бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат, ал үчүн Түркиядан 120 дарыгер учуп келгени жарыяланды.
  • 3-9-июлда Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.
  • Өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды.
  • Өзбекстанда 9-июль күнү кезексиз президенттик шайлоо өтүп, Шавкат Мирзийоев жеңишке жетти.
  • Баткенде жоокер куралды этиятсыз колдонуудан улам өзүн атып алып каза тапканы кабарланды.
  • Ошто 9-июлда коомдук тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза тапты.
  • Акыркы 2 аптада өлкөдө АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 1,1 сомго кымбаттады.
  • Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин электр системи толук жаңыланып бүткөнү маалымдалды.
  • “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн үй камагында болуу мөөнөтү 10-августка чейин узартылды.
  • Чүй облустук ооруканасына атактуу хирург Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды.
  • Экс-элчи, мурдагы депутат Жаныш Рустенбеков 74 жаш курагында дүйнө салды.
  • Ысык-Көл жана Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого 3 жылга тыюу салынды.
  • Бишкек-Ош жолунда кар көчкүдөн коргоочу жаңы тоннелди быйыл сентябрда толук ишке киргизүү пландалып жатканы айтылды.
  • Сокулук районунда таксистти бычактап качып кетүүгө шектелген жаран кармалды.
  • Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан