МАНДАТЫНАН АЖЫРАГАН 2 ДЕПУТАТ БШКны СОТКО БЕРДИ

Жасалма диплом чырынын артынан депутаттык мандаттан ажыратылган Фархат Исмаилов (“Ата Журт Кыргызстан”) менен Фарходбек Алимжанов (“Альянс”) Бишкектин административдик сотуна кайрылды. Алар БШКнын мандаттан ажыратуу боюнча чечимин жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Алардын арызы боюнча соттук отурумдар үстүбүздөгү жылдын 17-18-июлуна дайындалды. Ушундан улам БШК парламенттик шайлоодо алган добуштарынын саны боюнча тизмеде кийинки орунда турган талапкерлерге мандат берүүнү токтото турарын билдирди.

– Алар БШКнын чечимин жараксыз деп табуу боюнча сотко кайрылгандыктан соттун бардык инстанциясында териштирүүлөр аяктагыча мандат ыйгаруу токтотула турат – деп билдиришти БШКдан.

Аталган 2 депутаттын жогорку билимин ырастаган диплому жасалма деген маалымат 2022-жылы эле чыгып, УКМК бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине суроо-талап жөнөткөн. Бул арада Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги Фархат Исмаиловго окуу жай диплом бербегенин билдирген. Жакында Билим берүү жана илим министрлигинин атайын комиссиясы Исмаилов менен Алимжановго диплом мыйзамсыз берилгени аныкталды деп маалымдаган соң БШК аларды депутаттык мандаттан ажыратты. Комиссия Алимжановго диплом берүүдө мыйзамдын талаптары бузулган, ал эми Исмаилов өзү айткан жылдары КУУнун студенттеринин тизмесинде болгон эмес деп жарыялады.

Алардын ордуна Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Канатбек Маматов (Ата Журт Кыргызстан) менен экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров (Альянс) депутат болуп келери күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан