МИГРАНТТАРДЫН АКЧА КОТОРУУСУ АЗАЙДЫ

2023-жылдын май айында мигранттар Кыргызстанга 174 миллион доллар которушту. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, бул мурунку айга салыштырганда 18 миллион долларга көп. Ал эми 2022-жылдын май айына салыштырганда 83,2 миллион долларга аз. Акчанын көбү Орусиядан которулган: 160,5 миллион доллар. АКШдан 4,4 миллион доллар, башка өлкөлөрдөн 5,4 миллион доллар которулду. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында чет жерде иштеген Кыргыз жарандары мекенине жалпы 798 миллион доллар жөнөтүштү. Бул өткөн жылдын алгачкы 5 айында которулган суммадан 232 миллион сомго аз.

Ал эми 2023-жылдын май айында өлкөдөн сыртка 34,5 миллион доллар чыгарылып кетти. Орусияга 32,7 миллион доллар, Түркияга 800 миң доллар чыгарылган. 5 айда 224,4 миллион доллар сыртка чыгарылганын белгилейт Улуттук статистика комитети. Бул өткөн жылдын 5 айына салыштырганда 51,7 миллион долларга аз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан