- БУУӨП бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана жарандык коомдогу кызыкдар тараптардын социалдык-экономикалык, экологиялык жана демократиялык прогресске умтулуусун ишке ашыруу үчүн колдоо көрсөтөт – деди Чемберлен. Президенттик аппараттын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов өлкөнүн жашыл жана санариптик экономикага карай жолун баса белгилеп, ишкердикке жана креативдүү экономикага басым жасады: "БУУӨП бул багыттагы олуттуу саясатты жана программаларды ишке ашырууга салым кошту, кризиске каршы турууда колдоого алды, аз дегенде пандемия жана чек ара кризистери учурунда - деди ал.