Венера Назаралиева, ырчы: «АБДАН ЭМОЦИОНАЛДУУМУН, КӨЗҮМДҮН ЖАШЫ ДАЯР ТУРАТ»

“Ак көңүлдүгүмдүн азабын көп тартам” дейт бул аптанын башкы каарманы, ырчы, актриса Венера Назаралиева. Чыгармачылык, пандемияда башына түшкөн сыноо жана башка темада баарлаштык.

– Саламатсызбы, Венера айым?

– Саламатсыздарбы? Ордолуу Ошко кош келипсиздер.

¬– Рахмат. Азыркы учурда эмнелер менен алексиз, чыгармачылыктын жолунда элесизби?

– Театрда баарыбыз эс алуудабыз. Эс алууга чейин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын 50 жылдыгын Бишкекте өткөрүп келдик. Абдан сонун деңгээлде өттү. Чыгармачылыгым өз нугунда акырындык менен болуп жатат. Буга чейин “Ашыгым” деген ырым клиби менен чыккан, анын айрым эпизоддорун Ташкенттен тарттык. Дагы бир клиптин үстүнөн иштеп жатабыз, аны катардагы клиптердей эмес, графикалык, анимациялык кылсакпы деп турабыз.

– Жакында үй-бүлөңүз менен Түркияда болуп кайттыңыз. Саякат кандай өттү?

– Абдан жакшы өттү. Мүмкүнчүлүк болсо жылына 2-3 жолу үй-бүлөм менен чет өлкөгө саякаттап келүү - кыялым болчу. Буюрса, жылдан-жылга кыялдар аткарыла баштады. Анталияга бир көргөзмөгө барып, эс алып да келдик.

– Психология тармагын изилдеп жүрүпсүз. Бул тармакка эмне болуп кызыгып, баш багып калдыңыз?

– Мурун психология боюнча сөз сүйлөшсө мага өтө өөн учурачу. Пандемия учурунда катуу ооруп оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдым. Бир күнү терезеден сыртты карасам, бир эже крандагы сууга аппак шейшептерди жууп жатыптыр. Ошол эжени көрүп ушунчалык суктандым. Ушул адам өтө бай, анткени эркин дем алат, каалаган жагына баса алат деп буркурап ыйладым. Ал учурдагы абалымды сөз менен жеткире албайм (ред.: ушул учурда көзүнө жаш тегеренип кетти). “Мен азыр өлүмгө даяр эмесмин да” деп өзүмдү толук түрдө Кудайга тапшырдым. Ошондо кыйналып турган абалым жеңилдей түштү, сыйкырдай эле. Биринчиси Кудайдан, экинчиси өзүмдүн аракетим деп жашоо үчүн аябай күрөштүм. Ошондо ага чейин угуп жүргөн “Кудайдын алдында эмес, аркасында жүр” деген сөздүн төркүнүн түшүндүм. Ошондон кийин психология менен достоштум.

- Театрда иштеп жатканыңызга бир топ жыл болуп калды. Эмгек наам менен бааланат эмеспи, наам алуу кезеги сизге келейин деп калдыбы?

– Быйыл театрда иштегениме 21 жылдын жүзү болуп жатат. Театрга жаңы келген кезде гастролдор абдан көп болчу. Гастролдон колубуз бошочу эмес, концерт, спектакль деп жүрүп үй бетин деле көрчү эмеспиз. Декреттик өргүү деп жумуштан кетпей эле, төрөп эле кайра ишке чыгып кетчүмүн. Бул ишиме абдан берилгендиктен да болсо керек. Бирок аны эч ким баалабайт экен. Бардык нерсе өз учурунда бааланбаса, кийин кеч болуп калат тура. Мурун наам алууга документ тапшыруу тууралуу деле ойлонбоптурмун. Мага сыйлык алууга эрте деп жүрө бериптирмин. Бирок сенден 10 жыл кийин театрга келгендер наам алып жатышса ойлонот экенсиң. Быйыл биринчи жолу документ тапшырдым. Буга чейин “маданияттын мыкты кызматкери” аталгам.

– Театрда кыялыңыздагы ролду жарата алдыңызбы?

– Эпизоддук, башкы каармандардын, айтор, көптөгөн ролдорду жараттым. Бирок кыялымдагы ролду жарата элекмин. Өргүүдөн кийин бир спектаклди алып чыгабыз, азыркы тапта текстин жазып, даярданып жатабыз. Ошол роль менин купулума толуп жатат. Буюрса, ролду жакшы жаратсам деген тилектемин.

– Бишкекте театрга элдин келиши бир топ жакшырганы байкалууда, Ош шаарында абал кандай?

– Бизде да мурункуга караганда жакшырды. Бишкектегидей аншлаг болбосо дагы залдын жарымынан көбү толо баштады. Жандуу нерсеге кайрадан кайтып жатпайбызбы, театр – жан дүйнөнүн күзгүсү дейт го. Театр деген баары бир башка нерсе.

– Сырттан токтоо көрүнөсүз, жашоодо деле ошондойсузбу?

- Сырттан караганда токтоо мүнөз көрүнөт экем, көбү айтышат. Балким, ырдаган ырларымдын таасиридир. Негизи жашоодо абдан шайыр, ачык, ак көңүл адаммын. “Ичпей туруп масмын” деп коюшат го. Мен дагы ичпей туруп агымга кирип шарактап жүргөндөрдөнмүн. Тойдон көргөндө айрымдар “Назаралиева аябай ичип алыптыр” деп ойлошот экен. Мен өзүм такыр ичимдик ичпеген жанмын. Альбина Имашова айтмакчы, шайыр, эркин жүрүш үчүн сөзсүз эле ичиш керек эмес.

– Ак көңүлмүн деп калдыңыз, бул сапатыңызды жеке кызыкчылыгына пайдаланып кеткендер болобу?

– Ак көңүл, абдан ишенчээкмин. Баарына өзүмө ишенгендей ишене берем. Мунумду жакын дос санашкандар пайдаланып кеткен учур көп эле болот. Дүйкөн ачып жатканымда да эжемдер “ак көңүлдүгүңө салып, баарына тарата берип банкрот болуп кала көрбө” дешти. Мен болсо “ак көңүлдөр алданса да утулбайт, ач көздөр азаптыкты утурлайт” деп коём. Себеби бирөөгө зыян келтирсең, өзүң эки эсе зыянга учурайсың дегенге абдан маани берем.

– Актрисалык талантты жеке жашооңузда колдоносузбу?

- Жолдошумдун айтканына караганда, пайдаланат окшойм (күлүп). Сен артистсиң да, дагы баштадыңбы деп калат. Себеби бир нерсе болгондо эле көзүмдөн жашы даяр турат. Өтө эмоционалдуу адаммын. Бат таарынам, бат жазылам. Таарынып, көшөрүп сүйлөбөй коюу колумдан келбейт. Жүрөгүм кысылып кетет. Жолдошум ошон үчүн артистсиң десе керек.

- Аял акчанын артынан жүгүрбөй, мырзасынан алганды билиши керек деп акыл үйрөткөн коучтар көбөйдү. Буга кандай карайсыз?

- Кудай кимибизге кандай мүмкүнчүлүк берсе, ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланышыбыз керек. Андыктан күйөөм баксын, мен үйдө отурушум керек дегенден алысмын. Себеби кичинемден эмгекке бышып чоңойгом. Торпок кайтарып жүрсөм дагы, ошол мүмкүнчүлүктү текке кетирбей китеп окуп калар элем. Анан азыр күйөөмдүн тапканына гана жашайм деп эмнеге Кудай мага берген мүмкүнчүлүктү пайдаланбастан алакан жайып отурушум керек? Жолдошумдун, менин тапканым ортого келет. Үй-бүлөлүк керегибизге жаратабыз дегендей. Жолдошумдун ырда, көңүлүңө жаккан ишиң менен алектен деп мага жол ачып бергени эле канча нерсе.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан