АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ким билет, балким, бул ботконун баарын аялы чалышы мүмкүн. Карачы, бир ок менен эки коён атып күйөөсүнөн да, сенден да кутулду. Күйөөсүн өлтүрүшү, балким...

– Жок, Ажар андай аял эмес. Сүйлөгөндөн да эринген, үнү деле угулбаган, башкача назик адам. Анын колунан киши эмес, кумурсканы өлтүрүш да келбесе керек.

Гүлүм ойлонуп калды. Баары бир жашоодон алган тажрыйбасынын молдугу, аялдык туюму менен бул иште Ажардын тиешеси бар экенин сезип жатты.

ххх

Ажар Эмирге берген убадасына туруп, ал сунуштаган психолог менен жолукмай болду. Негизи эч кайда бармак эмес, бирок уулуна убада берген эле. Ушул жашка келип уулуна берген убадасынан бир жолу да тайган эмес. Чакан кеңсеге келип эки жагын карана берди. Эшиктен баш баккан жаш кызды көрүп менеджери болуш керек деп ойлоду. Психологго келгенин айтты.

– Келиңиз, ооба, уулуңуз телефон чалып айткан эле.

Кабинетке кирип жайланышып отурганда маңдайындагы столго тиги кыз жайгашып жатканын көрүп таң кала түштү.

– Сизби психолог?

– Мен.

– Мен психолог десе, жашы улуу аялдар болушу керек деп ойлочумун. Сизди көрүп таң калдым.

– Бирок менин жаштыгым тажрыйбасыздыгымдан кабар бербейт, муну билесиз да, ээ?

– Албетте, албетте...- деген менен Ажар ичинен жактырбай турду. Барам деп уулуна убада бергенине да өкүнүп кетти. Жашоосунда эч кимге жан дүйнөсүн ачпаган адам ушул алдында отурган жаш кызга сырларын айтмак беле? Көзүнө да тике карабай жер тиктеп бир топко отурду. Психолог Бермет аялдын ички абалын туюп жатты. Кантип бул аялды өзүнө ишендирүү керектигин ойлонуп жатты. Оор болчудай бул аял менен иштешүү. “Хм, азыр чыгып кетип калууну каалап жатат, бир нерсе кылып кызыгуусун артыруу керек”.

– Жай мезгили сизге жагабы?- деди акырын.

– Баарына эле жакса керек,- деди Ажар.

– Сизге эмне жагат, мисалы, эмне кылган жагат? Эмне менен алек болууну жактырасыз?

– Көп эле нерсе жагат. Мисалы, уулум менен...

– Жок, сизге эмне жагат? Жеке сиз тууралуу сурап жатам?..

Ажар ойлонуп калды. Бул суроону өзүнө берди беле? Ажарга эмне жагат? Канча ойлонсо да эмне жагарын таппай жатты. Бир нерселерди айтса Бермет ага “ал сизге тиешелүү нерсе эмес экен, жеке сизге эмне жагат?” деп кайра сурай берди. Кыжырлана да түштү.

– Ал кандай болот? Мен деген нерсе?

– Сиз эч качан өзүңүзгө жаккан нерсе кылбаган экенсиз, болбосо оңой эле таап алмаксыз. Макул, анда сиз маңдайыңыз жарылып эмнеге сүйүнөсүз?

– Эмир үйгө келгенде...- деп баратып токтоп калды. Кайра эле “жеке сиз” дей турганын түшүндү окшойт. Ага эмне кубаныч тартуулайт? Таппады. Айласыз башын чайкады.

– Менин жашоомдо өзү кубаныч болбогон окшойт.

– Мүмкүн эмес, кичине кезиңизди эстесеңиз. Чыныгы сезимдерди биз кичине убагыбызда гана жашайбыз да.

Ажар көзүн жумуп калды. Мына атасы, апасы, агасы... Атасы ал учурдун эң бай адамдарынын бири эле. Чоң кызматта иштечү. Апасы үй кожойкеси болчу. Ал үйдө атасынын гана сөзү сөз, чечими чечим эле. Апасы бир ооз ачып каяша айтып көргөн жан эмес. Кайсы бир себептен атасы ар жуманын алтынчы күнү апасын бөлмөсүнө бекитип алып өлөрчө сабай турган. Ажар канчалык корксо да атасына каяша айтып апасын куткара алчу эмес. Башында апасынын үнү чыкчу, кийин такыр үнү чыкпаганга өттү. Моокуму канганча сабап туруп атасы чыгып кеткенде агасы экөө апасына чуркап киришчү. Апасынын бети-башы кан болсо да балдарына жылмайып карап “коркпогула” дегендей ишарат кылганда сүйүнүп кетчү экен азыр эстесе. Ага ошол нерсе кубаныч тартуулоочу экен. Кандай болсо да апасынын тирүү калганына кубанчу. Ал ушундай бир керемет сезим эле. Ар бир алтынчы күнү апасынын ошол бөлмөдөн тирүү калганына кубанчу. Мурун да, кийин да анчалык башка нерсеге кубанганы эсте жок. Көзүнөн жаш агып кетти. Муну кантип айтыш керек эми?..

– Сиздин сырыңыз бул бөлмөдөн эч кайда чыкпайт...- деди психолог Бермет. Бир жарасына тийгенин сезди.

– Чынбы?

– Чын, ишениңиз! - деди жаш кыз ишенимдүү. Ал кыздын көздөрүндө ушунчалык бир чоң ишеним бар эле, андыктан Ажар макул боло башын ийкеди. Көзүнүн жашын аарчып алды да, акырын сүйлөй баштады.

– Мен апамдын токмоктон тирүү калганына кубанчумун. Ал сезимди кантип айтсам экен, асманда учкум келгендей сезим эле. Анткени апам аман калды! Ар жуманын алтынчы күнү атамдын бөлмөгө камап алып сабаганынан кийин апамды аман көрүш бакыт эле агам экөөбүз үчүн. Балалыгымда элге окшоп жаңы көйнөккө, балмуздакка же бир белекке кубанган жокмун. Анткени мунун баары биздин үйдө ар күнү боло турган нерселер болчу. Атам чоң кызматта иштеди өмүр бою. Биз бир нерсеге муктаж болгон жокпуз. Болгону атамдын сүйүүсүнө муктаж элек, ал бизге бардык муктаждыктарыбызды берди, бир гана сүйүү бере албады.

– Апаңызчы?

Ажар көзүндөгү жашты аарчый берип жылмайып алды.

– Апамдай апа бул жашоодо чанда болсо керек. Ар бир нерсебизге көңүл бурган, өзүнө оор болсо да жылмайганынан жазбаган, биз үчүн бардык курмандыкка барууга даяр аял эле. Атамдан деле кетип калмак да ошончо кордукка чыдабай. Бирок агам экөөбүз үчүн чыдады. Аябай кыйын болсо да чыдады...

– Атаңыз менен мамилеңиз кандай эле?

– Атам көп сүйлөбөгөн адам эле, сүрдүү болчу. Балдарын жакшы көрчү эмес деп айта албайм, бирок бизди эркелетип жатканда да ал мээримди карызга берип жаткандай эле. Бир туура эмес кылган нерсебиз үчүн катуу жаза алчубуз.

– Эми ойлонуп көрсөңүз, сиздин атаңыз менен күйөөңүздүн ортосунда окшоштуктар бар беле?

Ажар көзүн жумду. Эмилдин ага болгон мамилесин эстеди. Дайыма ага көрүнүп-көрүнбөгөндөй үстүртөн мамиле жасачу. Бир буюм сыяктуу, баркы, кадыры жок, жөн гана бөлмөнү кооздоп турган бир жасалга сыяктуу карайт эле ага. Ал жасалганы бөлмөдөн алып чыгып салса деле байкабачудай жашады. Анын чечими, анын маселелери, анын кубанычы гана сөз болчу үйдө. А Ажар жок! Анын жашоосунда орду, кадыры жок эле. Куду атасындай...

Атүгүл келбети да атасына окшош экенин эстеди. Акылы, куулугу, акчага, байлык, бийликке кумары да атасына окшош экенин ойлогондо... Окшоштуктардан башы айлана түштү. Муну мурун эмнеге байкабады экен. Көздөрүн ачып Берметке суроолуу тигилди.

– Кантип билип койдуңуз?

– Окшош бекен?

– Куду ата-баладай окшош. Ал тургай өз баласы да атама Эмилдей окшош эмес. Бирок муну мен байкабаган экенмин. Ушуга чейин байкабаптырмын...

– Адатта, адамдар көп нерсени байкабай эле жашап жүрө беребиз. Ички дүйнөбүз канап жатса да аны жибек жиптер менен тигип, байлап, кооз көрүнүп калды деп ойлойбуз да жүрө беребиз. Бирок жан дүйнөбүздөгү ооруну жибек жип жашыра албай турганын билбейбиз. Мен билгенден сиз ишкер адамдын, белгилүү бир ишкердин аялысыз. Бирок жан дүйнөңүздө бул ооруну жашырып келгенсиз. Эми, буюрса, сиздин жан дүйнөңүздүн үстүнөн иштеп айыктырабыз.

– Рахмат!- деди Ажар көзүнүн жашын аарчый.

– Дагы күтөм сизди.

Ажар бир аз ойлоно калды да чечкиндүү айтты.

– Мен келем сизге, сөзсүз келем...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан