Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: “БИЗДИН ӨЛКӨ АРХИВДИК ДОКУМЕНТТЕРДИН БААЛУУЛУГУН ТОЛУК ТҮШҮНӨ ЭЛЕК”

Белгилүү тарыхчы, публицист, журналист Кыяс Молдокасымов Кыргыздын тарыхын терең казып, изилдеп жүргөн кесипкөйлөрдүн бири. Токтоо, оор басырыктуу, анан да сергек юмор аралаштыра сүйлөгөн Кыяс мырза мындан 300 жыл мурун Калыгул олуя, Сынчы ата бара-бара кыргыздын тукуму майдаланып кетерин айтышкан, биз азыр ошол майдаланган кыргыздын доорунда жашап жатабыз дейт. Тарыхчы агабыз менен кызыктуу маекти окуп коюңуз окурман.

– Кош келипсиз, Кыяс мырза! Кепти акыркы табылгаларыңыздан баштасак... Кытайга болгон соңку сапарыңызда Кыргызга таандык кандай жаңы тарыхый маалыматтарды таба алдыңыз?

- Кош келдим. Эми биздин тарыхтын көбү эле сыртта. Себеби, бизде архив жок. Байыркы тарыхтан тарта 20-кылымдын башына чейинки тарыхыбыздын баарын чет өлкөнүн архивдик документтеринен табабыз. Жакында Кытай лидери Си Цзиньпин Борбор Азия лидерлерин саммитке чакырып тарыхый байланышыбыз терең, чогуу өнүгөлү дегендей айтпадыбы. Ошондо биздин өлкөнүн президенти менен чогуу мен да барып Кытай тарыхчылары менен жолуктум. Биз буга чейин кыргыздын 2220-жылдык тарыхын билсек, Кытай тарыхчысы Ю Тайшань өзүнүн жаңы иликтөөсүндө 3000 жылдык тарыхты аныктап берди. Мына ушуну тарыхый табылга дей алам. Май айында Кытайга барганымда Кытай тарыхчылары кыргыздарга тиешелүү өтө көп тарыхый документтер табылганын айтышты. Ал эми Ташкентте кыргыздарга тиешелүү 200 миң бет, Алматыда 100 миң беттен ашык архивдик документтер бар. Булардын баарына мамлекет кызыкдар болуп, тарыхчыларга жалдырап аларды ишке салышы керек болчу. Бирок биздин мамлекет архивдик документтердин маанилүүлүгүн толук түшүнө элек. Азыр 3 эле өлкөдөн тарыхыбызды казып жатабыз, Иранда, Орусияда, араб өлкөлөрүндө, Түркияда, Монголияда, Европа өлкөлөрүндө казылбаган тарыхыбыз жатат.

- Кыргыздын тарыхын изилдөөдө чет элдин архивдерине кирүү оңой элеби?

- Эгемендүүлүк алгандан бери Кытай архивдерин казууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Өзбекстанды Ислам Каримов башкарып турганда суроо-талап жөнөтсөк дайыма биздин архивде кыргыздарга тиешелүү тарыхый документтер жок деген жооп келчү. Ага карабай Ташкенттин архивине жылда барып маалымат издеп жүрдүк. Ташкент архивине кирүү Өзбекстандын азыркы президентинин тушунда гана жеңилдеди. Ал эми казактардын архиви менен жакшы иштешебиз. Тарыхый маалымат издейт десе эле айрымдар архивге кирип, компьютерден бир кнопканы басса эле издегендин баары жайнап чыгып кала тургандай элестетишет. Жок, архивден тарыхый документ табуу тозок, 100 миңдеген барактын арасынан кыргыздарга тиешелүү маалыматты табуу үчүн да мыкты даярдык керек. Бир барак документтин көчүрмөсүн Ташкенттин архивинен 450 сомго, Алматы архивинен 350 сомго аласың. 1000 барак документтин көчүрмөсү 450 миң сом болуп кетет. Мынча акчаны тарыхчы кайдан табат? Документтерди сатып алганга миллиондогон акчалар кетет десең айрымдар чалкасынан кетип жатышпайбы. Бүгүн ал тарыхый документтерди алып койбосок, эртең азыркыдан он эсе кымбат төлөйбүз деп да таппай калышыбыз мүмкүн.

- Быйыл мамлекет тарых изилдөөгө 13 миллион сом бөлдү. Жакшы саамалык. Ошентсе да “13 миллион сомго тарых изилдеп эмне зарыл” дегендер чыкты. Аларга эмне деп жооп берет элеңиз?

- Ооба, мындай кептер айтылды. Тарыхын, өз улутунун өтмүшүн билбеген жарым эс адамдар көбөйүп кетти. Кыргыздын башка элдерден айырмачылыгы – улуу, империя курган эл экендигинде. Улуу эл кантип алсыз, руханий жактан жарды абалга келип калды? Мунун себеби тарыхта жатат. Тарыхка болгон мамилебизди түп тамырынан өзгөртүүбүз керек. Башка элдин изи менен кетип, Кыргыз деген мамлекет жок, биз халифат курабыз деген коом өтө коркунучтуу. Бул келечекте мамлекеттин, улуттун жоголушуна алып келет. Түпкү аталышын сактап калган Борбор Азияда жалгыз эле кыргыздар болгон. Эмнеге сактап калышты? Анткени материалдык байлыктан руханий байлыкты жогору койгону үчүн.

- Баатыр элдин тукуму чын эле майдаланып кеттикпи?

- Бул тууралуу мындан 300 жыл мурун Санчы сынчы, Калыгул олуя деген кыргыздын кыраакы инсандары айтып кеткен. Келечекте кыргыздын урпактары кандай болорун сурашканда андан аркысына көзүм жетпей калды, кыргыз майдаланып кетти дешкен. Эмнеси майдаланып кетти дешиңер мүмкүн. Кыргыз илгери мекенчил, жоокер, күчтүү, ар намысты бийик туткан эл болгон. Ар намыс жоголгон жерде адам майдаланат. Намыс кыргыздын көкүрөгүндөгү руханий тазалыкты сактап келген. Биз азыр кыргыздын майдаланып кеткен доорунда жашап жатабыз. Мамлекетти талап-тономой, интеллектуалдар босогодо калып, акчасы көптөр төрдө отуруп калган заман келди. Мунун баарын ошол замандын олуялары көрө билип айтышкан. Азыр акчасы көп бирөө мени ии, байкуш, бул эмне эле тарых изилдейм деп тырышып жүрөт, жөн эле отура бербейби деп шылдыңдашы мүмкүн. Тарых барагында жаштардын жүрөгүн жалындатчу чоң күч бар экенин алар билишпейт да.

- Мурдагы президенттердин ата-тегин изилдеген жайыңыз бар. Азыркы президенттин да ата-тегине кызыгып көрдүңүзбү?

- Президенттердин тегин изилдөө эмес, тактоо болчу. Атамбаев бир жолу мен Полот хандын аскер башчысынын урпагы болом” деп чыкты. Ошондо чын эле айтып жатабы карап көрөйүнчү деп Алматынын архивин казсам, жылдар бири-бирине такыр туура келген жок. Президентке келип сиздин ата-тегиңиздин Полот хандын аскер башчысына такыр тиешеси жок экен деп тарыхый документтерди көрсөткөм, кандайча? деген бойдон эле калган. Садыр Нургожоевичтин ата-теги боюнча ал түрмөдө жатканда эле табылган маалыматтар бар. Тарыхый архивдерде анын ата-теги болуш, бий болгону жазылып турат. Кийин ал тууралуу тарыхчы Дөөлөт Сапаралиев китеп жазды. Нургожо аксакал өзү санжырачы болгон, анын ата-тегин изилдөөнүн деле кажети жок.

- Айтылуу “Сынган кылычтагы” окуяларга үндөш жагдай деп азыркы тапта кайсы жагдайды белгилейт элеңиз? Балким Шады ынактын образы...

- Азыркы саясатта Шадысы да, Нүзүбү да, Абил бийи да, башкасы да бар. Шералынын чокою бардык бийликке сабак. Бизди мурун Кокон хандыгына кыргыздардын тиешеси жок деп окутушкан да. Кокон хандыгын кыргыздар түптөп, кыргыздар сактап, башкарууга активдүү катышканын кандидаттык диссертациямды жактап жатканда жазып чыккам. Ошондо тарыхчылар бул туура эмес көз караш, бул оюңдан кайтпасаң диссертацияңды жокко чыгарабыз деп коркутушкан. Адилетсиз хандарды тактыдан кулатып, ордуна башка хан койгон кыргыздар болгон. Төлөгөн Касымбеков тирүү болгондо Стамбулдагы “Фергана хандарынын тарыхы” деген китепти окуса, романга мындан да күчтүү образдар кошулмак.

- Тарыхчы жана багбанчы... Бири-бирине такыр үндөшпөгөн кесиптей сезилет. Багбанчылыкка кантип аралашып калдыңыз?

- Атам көчөт тигип, кыйыштырып, колу тийген жерди гүлгө айланткан киши болчу. Ошол жолду уладым окшойт. Эл үй, автоунаа алып жатканда мен үлүш жер алып койгон элем. Ошол жерге 2007-жылдан 2019-жылга чейин көчөт тиктим. Эс алуу күндөрү бак аралап сейилдеп, алар менен сүйлөшүп кадимкидей эс алам. Балдарым ошол бакты карап эмгекчил, өжөр болуп чоңоюшту, “балконский” болушкан жок. Азыр 3 балам IT адиси, Бишкекте туруп АКШ менен иштешет. Бир балам мектепти алтын медаль менен аяктап Будапештке окууга тапшырган, азыр БУУнун кеңсесинде эмгектенүүдө.

- Сизде кандай кыял жашайт?

- Дүйнөлүк архивдерди казып, кыргызга таандык маалыматтар боюнча том-том китеп жазгым келет. Ал китептер кыргыздын келечегине кызмат кылса... Керек болсо жетилип турган багымды сатып, акчасын ошол кыялымды ишке ашырууга жумшагым келет. Анан албетте, элибиздин ар намысы, мурунку руханий баалуулуктары орносо дейм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан