Бектур Элебесов: “АКШда LINKEDIN КОМПАНИЯСЫНДА ПРОГРАММИСТ БОЛУП ИШТЕЙМ”

“Аракет кылсаң берекет” дегендин дагы бир далили десек болот. Мекендешибиз Бектур Элебесов тынымсыз аракет кылып отуруп дүйнөгө белгилүү LinkedIn компаниясына жумушка кирген. Ага чейин Голливудда белгилүү сериалдарга тартылганын да айтып берди. Мекендешибиздин ийгиликке алпарган түйшүктүү да, кызыктуу да жолуна көз салалы.

“БУУнун штаб-квартирасында иштегим келген”

– Мен Бишкек шаарында төрөлүп өскөм. 7-класска чейин 3-4 мектеп алмаштырып, 7-класстан баштап Кыргыз-түрк лицейинде окудум. Аны бүткөндөн кийин Түркияда Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде Эл аралык мамилелер факультетинде окудум. Бул арада студенттерди алмашуу программасынын алкагында жарым жыл Польшада, жарым жыл Германияда окудум. Окуу жайды 2015-жылы артыкчылык менен бүтүрүп, андан кийин Кыргызстанга келип, өкмөттүн аппаратында 2-3 ай иштеп, стажировкадан өттүм. Андан кийин ЕККУда менеджердин жардамчысы болуп 2 жылдай иштедим. 2017-жылы АКШга келүүгө мүмкүнчүлүк жаралганда баса бергем. Бул жакта БУУнун штаб-квартирасына жумушка кирем деп ойлогом. Документтеримди тапшырсам, стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк бермей болушту. Сүйлөшүүгө барганда “жарым жыл стажировкадан өтөсүң, акча төлөнбөйт” дешти. Андан өткөндөн кийин деле дароо жумушка алышпайт экен. Менин узак убакытка бекер иштегенге шартым жок болчу, өзүмдү багышым керек да. Анан башка жумуш караштыра баштадым. Официант болуп жумушка кирип, дем алыш күндөрү жеткирүү кызматында иштеп 2 айдай жүрдүм.

“Голливудда массовка актёру болуп иштедим”

– Киного кызыгам. Андыктан Голливуддагы кино тармагын көрүү мен үчүн кызык болду, Лос-Анжелесте массовканын актёру болуп иштедим. Бир айда бир жолу кастинг өткөрүп турган агенттик бар экен, кастинг өткөрүү күнүн билип алып ошол жакка бардым. Барсам, узун кезек... Таң эрте саат 5те барып, 187-кезекке турдум. Түндө эле келип тизилип алышат экен, көрсө. Кезегим келгенде кирдим, сүрөткө тартышты, маалымат алып, персоналдык номер берип узатышты. “Фейсбуктагы баракчабыздан карап тургула, эгерде силерге ылайыктуу роль болсо, байланышкыла” дешти. Улам баракчаны жаңылап коюп карап отурдум. “Азиат улутундагылар керек” деген жарнама чыгары менен чалсам, линия бошобой калды. 150-200 жолу чалгандан кийин тутканы алышты. Анан персоналдык номеримди сурашты, издеп калсам, “күткөнгө убактыбыз жок” деп тутканы коюп коюшту. Кайрадан көп жолу чалып отуруп байланыштым. Мен тууралуу маалыматтарды карап, макулдугун беришип, жеке почтама маалыматтарды жөнөтүштү. Алар үчүн ар бир мүнөт аябай маанилүү, бир мүнөт кечигип калсаң, алардын көп акчасы кетет. Бардым, күзөтчү аябай текшерип жатып киргизди. Режиссёрдун жардамчысы тосуп алып “тамак ичип кел” деди. Андан кийин “кадрда башкы ролдогу актёр тамак ичип жатканда ары-бери басып жүрөсүң” деп, ылайыктуу кийим тандап берди. Ал жакта аскердегидей катуу тартип бар экен. Биз режиссёрго, башкы ролдогу актёрлорго жакын жолобошубуз керек, эч ким менен сүйлөшпөшүбүз кажет болчу. Бизди 8 саатка чакырышчу. Башкы ролдогу актёрлордун аткарганы окшошпой жатса, күтө бересиң. Кээде 8 саат жөн эле күтүп отуруп өтүп кетет. Бирок ал сааттар үчүн акча төлөнөт. Мындан 5 жыл мурун болчу, саатына 12 доллар алчубуз. Кээде 4 саат күтүп, актёрдун артынан бир жолу басып коёсуң, болду, 8 сааттык жумушуң бүтөт. “Люцифер”, “Силикон өрөөнү” жана башка 10 чакты сериалдарга тартылдым. Кызыгы, “Силикон өрөөнү” сериалында программисттин ролун аткаргам. Кеңседе программистке окшоп отуруп бергем. 5 жылдан кийин минтип чыныгы программист болуп калдым.

“Окуп, жумуш издеп жүрүп карызга батып калгам”

– Андан кийин Сан-Франциского барып, таксист болдум. Андан кийин Чикагодо “Амазон” компаниясынын жеткирүү кызматында иштедим. Бул арада Кыргызстанга келип-кетип жүрдүм. Ошентип 3 жыл өтүп кетиптир. Акыркы келгенимде пандемия башталып калып, 1 жылдай мекенимде жүрдүм. Пандемия учурунда АКШга так пландарым менен барып, жакшы жумушта иштейин же Кыргызстанга биротоло катайын деп ойлондум. Ошол кезде Нью-Йорктогу IT академиясына тапшырып, 600 кишинин арасынан тандалган 40 кишинин бири болуп калдым. Окуунун баасы кымбат болчу, 40 кишинин окуусун Нью-Йорктун мэриясы төлөп берген. 6 ай окудук, мен үчүн аябай оор болду. Тайпада эң начар окуган мен болдум окшойт. Окуу аяктаганда 4 ай жумуш издедим, көп жерге резюме таштадым. 40-50 жолу баарлашууга барыптырмын. Ошончонун ичинен LinkedIn мага мүмкүнчүлүк берди. Жумушка чакырышканда аябай сүйүндүм. Анткени жумуш издеп аябай стресс болуп кеткем. Жарым жыл окуп, 4 ай жумуш издеп иштебей жүрүп, карызга да батып кеткен элем. Ошол компанияда иштеп жатканыма 2 жыл болду.

“Жумуштагы шарттар аябай жакшы”

– Азыр программисттер аябай бааланат. АКШда кыйын программисттерди ири компаниялар кадимкидей талашышат. Талашып алгандан кийин кетирбей кармап калалы деп жакшы шарттарды түзүп беришет. LinkedIn жумушчуга жакшы шарт түзүп берген АКШдагы алдынкы 10 компаниянын арасына кирсе керек. Эртең мененки, түшкү тамак берилет. Ашканада кытай, араб, индустардын даамдары бар, каалаганыңды тандап жейсиң. Спорт зал, машыктыруучулар бар. Компаниянын спорт залы жакпай, башка жактан машыгам десең, анын акчасын төлөп беришет. “Үйдөн машыгат элем, мага спорт шаймандары керек” десең, алып беришет. “Бассейнге барам” же “бутум ооруп жатат укалакоого барышым керек” десең, аны да төлөп беришет, психологго барганыңды да төлөшөт. Айтор, бардык шарт бар, иштеп жыйынтык көрсөтүшүң гана керек. Кеңсенин ичи аябай сонун. Эң кымбат эмеректер коюлган, жасалгалоосунун үстүнөн мыкты дизайнерлер иштеген. Дайым таза, сага керектүүнүн баарын таба аласың. Жумушка сөзсүз ушул убакытта келишиң керек деген катуу тартип жок. Бирок чогулуштарга сөзсүз катышыш керек. Компания чоң, бири-бириңди деле тааныбайсың. Азыр ал компанияда иштеген жалгыз кыргызмын. Мурда иштеп кеткен мекендештер болуптур.

“АКШга барам десең жалгыздыкка көнүшүң керек”

- АКШда жүргөнүмө 6 жылдай болду. Башында көп эле кыйынчылыктар болду. Жумушка орношуп, туруктуулук пайда болгондон кийин зеригип, жалгыздыкты сезе баштадым. Адатта, оор учур деп көбүнчө ачка калган, жашай турган жери жок калган күндөрдү эсептейбиз го. Андай күндөр көп болгон менде деле, бирок ал оорчулук эмес да. Эң оору - моралдык жактан кыйналганың. АКШга келем деген адам эң оболу жалгыз жүргөнгө көнүшү керек. Мен көрчүнү көрүп, кылчуну кылдым. Алдыдагы планым - үйлөнүү. 30га чыгып калдым. Мындан аркы ийгиликтерди жубайым экөөбүз чогуу жаратсак дейм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан