Интернеттеги алдамчылык: “АКЧА КОТОР! БОЛБОСО ТЕЛЕФОНУҢ ЖАРАКСЫЗ АБАЛГА КЕЛЕТ”

Алдамчылык эң көп тараган кылмыш түрүнө кирет. Интернеттин өнүгүшү менен алдамчылыктын жаңы, заманбап түрлөрү пайда болууда. 2000-жылдары алдамчылар бирөөлөргө чалып “балаңыз, кызыңыз кырсыкка кабылды, милицияга түшүп калды, тезирээк акча которо коюңуз” деп алдап акча өндүрүүнү мода кылышса, азыр башка ыкмалар жайылууда. Мисалы, интернеттеги жарнамалардан улам потенциалдуу сатып алуучунун беткабын кийип алдагандар. Алдамчылардын тузагына түшкөн каармандардын мисалында абалды сүрөттөп берели дедик. Белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү.

Эльвира: “АЙФОНУҢУЗДУ БЛОКТОП САЛАБЫЗ ДЕП КОРКУТУП 5700 СОМ КОТОРТУШТУ”

– Жакында Айфон үлгүсүндөгү смартфонумду жарнамалык сайттардын бири аркылуу сатыкка койгон элем. Мага Ватсаптан бейтааныш номерден бирөө чалып саламатсызбы, мен Айфон сатып алайын дегем. Буга чейин да Айфон көтөрчүмүн, айклаудум (ред.: iCloud - сүрөттөрдү, файлдарды жана маалыматтардын көчүрмөлөрүн сактап, аларды бардык түзмөктөрүңүздө сизге жеткиликтүү кылган Appleдин сервиси) ошол телефон менен кетти. Кечээ дүкөн кыдырып сиздикиндей Айфон көрдүм, бирок мурунку айклаудум менен кире албай коюп, сатып алган жокмун. Бирок жолдошумдун Айфонунан кирсем иштеп эле жатат. Мен сыр сөзүмдү, айклаудумду берейин текшерип көрбөйсүзбү. Эгер иштесе, телефонуңузду сатып алам деп жазды. Ага ишенип өзүмдүн айклаудумдан чыгып, аныкы менен кирип скриндеп ага жөнөттүм “мына кирди” деп. Ал дароо эми угуп туруңуз, биз сиздин айклаудуңуздун сыр сөзүн алмаштырып койдук. Эгер сыр сөздү бизден сатып албасаңыз телефонуңузду блоктойбуз, анда Айфонуңуз эч нерсеге жарабаган бир темирге айланат” деп коркута баштады. Ошондо алданып калганымды түшүндүм. Өчүрө бер десем, 50 миң сомдук телефонум чын эле жараксыз болмок. Аргам жок ал шылуундун электрондук капчыгына 5700 сом которуп айклаудумдун сыр сөзүн алдым. Алып эле дароо кайра башка сыр сөзгө өзгөрттүм да тиги шылуунга кош бойлуумун, арамдан тапкан акчаң буюрбайт деп жаздым. Ал шылуун шылдыңдаган быйтыкча жөнөтүп койду.

Эрмек: “АРЗАН АВТОУНАА САТЫП АЛАМ ДЕП 50 МИҢ СОМГО АЛДАНГАМ”

– Пандемия учуру болчу. Арзаныраак автоунаа сатып алайын деп жарнамалык сайттан 130 миң сомго абалы жакшы Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа көрүп, дароо байланыштым. Тутканы эркек киши алды, унаанын башка да сүрөттөрүн, техпаспортун жөнөттү, айтор, аябай ишенимдүү мактады. Байке, майды аз ичет, бышык, айылга чапкылап айдай берсеңиз болот деди. Видеого тартып жиберчи көрөйүн десем “азыр аялым тартып жиберет деген, бир аздан кийин унааны видеого тартып жөнөтүптүр. Чын эле чыкыйган унаа болчу, аябай кызыгып көзүм күйүп калды. Унаанын ээсимин деген адам менен эки күн сөйлүштүк, экинчи күнү байке, кардар аябай көп болуп жатат, алсаңыз эртерээк алып калыңыз дегенинен иним, мына бүгүн түштө Таласка жолго чыгып жатам, эч кимге сатпа дедим. Ошондо тиги анда депозит которуп туруңуз, мен башка кардарларга сатылып кетти деп айтып коёюн деди. Жакшы унаа сатылып кетпесин деп айткан банктык эсебине дароо 50 миң сом которуп, калганын барганда берем дедим. Жолго чыгып алгам, Төө-Ашуудан өткөндө чалсам жанагы киши тутканы албайт. Кечке чейин чалдым, өчүк. Болбосо экөөбүз эки күн сүйлөшүп дос болуп кете жаздаганбыз. Ватсаптан жиберген техпаспорттун сүрөттөрүн бүт өчүрүп салыптыр, буга чейин алданып көрбөсөм кайдан билейин, аны скрин кылып сактап да албаптырмын. Бишкекке келип баягы техпаспорттогу адамдын үстүнөн арыз жаздым, бирок иш тергөөдө, 3 жылдан бери жылыш жок. Техпаспорт жөн эле компьютерден жасалган жасалма сүрөт болуп чыкты. Ошондон бери бирөө акча котор же банктык картаңды сүрөткө тартып жибер десе такыр ишенбес болдум. Өткөндө аялым үйдөгү эмеректерди сатыкка койгон, ага жазышып банк картаңызды бериңиз, аванс которуп коёлу дешкен экен келип, көрүп анан алгыла деп жиберттирбей койдум. Болбосо ошентип банк картасынан акчасын алдыргандар аябай көп экен. Мындай шылуундарды милиция кызматкерлери деле таба алышпайт. Айрымдары абакта отуруп алдаса, кээ бири чет өлкөдө болушат тура.

Шердор Абдыкапаров, адвокат: “МАЙДА КЫЛМЫШТАРДЫН ЖАЗАСЫ ЖЕҢИЛ, ОШОНДУКТАН КОРКУШПАЙТ”

– Азыр онлайн сатуулардан, батир ижарага берем деп интернетке жакшы үйдүн сүрөттөрүн жарыялап, аванс алгандан кийин дайынын таптырбай кеткен шылуундар абдан көбөйдү. Мисалы, автоунаа сатып алууда алданып калбоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына барып, анын ээси тууралуу маалымат сураш керек. Эгер унаа ээси документтерди бербей кечиктирип жатса, бул сатып алуучуга биринчи эскертүү болуусу шарт. Ал сатуучу унаанын чыныгы ээси болсо, бардык процедуралардан мыйзамдуу түрдө өтүүгө кызыкдар болот. Интернет шылуундары деле кадимки “Алдамчылык” беренеси боюнча жазага тартылышат. Биздин мыйзамдарда 1000 сомго чейинки алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо каралган эмес, айып пул гана төлөшөт. Ал эми 1000 сомдон 100 миң сомго чейинки алдоолордо “Алдамчылык” беренеси тагылат. Мисалы, интернет шылуундары 100 миң сомго чейин алдашат, бирок ага карабай адамга бир аз зыян келтирүү катары кабыл алынып, шылуундардын көпчүлүгү камалбай кутулуп кетишет. Ушул себептүү көбү коркушпайт. Андыктан ар бир жаран интернеттеги жарыядан буюм же кыймылсыз мүлк сатып аларда жолугуп эле сүйлөшкөнү жакшы.

ИНТЕРНЕТТЕГИ АЛДАМЧЫЛЫКТАН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?
ИИМден КЕҢЕШ:

Киберкылмышкерлердин алдамчылык аракеттеринин эң кеңири таралган схемалары:

• Интернет-дүкөндөрдүн окшоштуктары. Арзан буюмдар жана ыңгайлуу келишимдер, булар онлайн сатып алуучуларды азгыруу үчүн иштелип чыккан. Ошол себептен сиз ар дайым браузериңиздеги дарек тилкесин текшеришиңиз керек. Ал “https” (коопсуз маалыматтарды берүү протоколу) менен башталышы керек, бул ресурстун коопсуз (шифрленген) байланышы бар экенин билдирет, бирок ал толук коопсуздукка кепилдик бербейт

• Интернет-банкингдин көчүрмөлөрү. Алдамчылар банктыкына окшош веб-сайттарды түзүшөт. Электрондук бөлүштүрүүнүн жардамы менен (каттар, SMS билдирүүлөр) алар колдонуучуларды авторизациядан өтүүгө чакырышат. Бул нерсеге көңүл бурбаган жарандар фейк сайтка кирип, жеке кабинетте катталып, каржыга кирүү үчүн логин жана паролду ачып салышат. Алдамчылар купуя маалыматтарды алары менен банктык эсептеги акчаны толугу менен чыгарып кетишет

• Утуп алган байге же банктык эсепти бөгөттөө жөнүндө билдирүү менен каттарды жөнөтүү. Кылмышкерлер адатта жеңүүчүдөн чоң утушка ээ болуу үчүн белгилүү бир сумманы которууну же картанын кулпусун ачуу үчүн акча төлөөнү суранышат. Пайда алуу максатында аккаунттарды бузуп, почтага же социалдык тармактарга баракчанын ээсинин туугандарына жана досторуна тез арада акча каражатын которуу өтүнүчүн жазып, ар кандай кырдаалдарды ойлоп табышат

• Кайрымдуулук, туристтик операторлор же авиакомпаниялардын жасалма веб-сайттары. Колдонуучуларга эскертүү – оорулуу баланы дарылоо үчүн тез арада акча чогултуу зарылчылыгы, ар кандай жолдомолор үчүн өтө арзан баалар, чет элдик банк эсебине же электрондук капчыкка акча которуу өтүнүчү

• Алдамчылардын айла-амалдарына кабылбаш үчүн, банктык карталардын жардамы менен ар кандай каржы операцияларын жүргүзүүдө этият болуу керек! Белгисиз адамдар тарабынан жөнөтүлгөн шектүү шилтемелерге кирбеңиздер, эч качан эч кимге банк картасынын номерин жана сыр сөзүн бербеңиздер, жеке маалыматтарды ачыкка чыгаруудан алыс болуңуз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан